Швейцариянын Женева шаарында Украинадагы согушту токтотуу боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөр аяктады. Киев, Вашингтон, Москванын өкүлдөрү катышкан жолугушуунун экинчи күнү эки сааттан ашкан жок. Орусия тарап сүйлөшүүлөр «оор болгонун» билдирди. Украин президенти Владимир Зеленский аскердик багытта жылыш бар экенин, бирок саясий өңүттөгү «сезимтал маселелер» чечиле электигин билдирди.
Украинанын президенти Зеленский АКШ ортомчулук кылган Орусия менен эки күнгө созулган сүйлөшүүлөр тууралуу кыска пикирин билдирди.
Анын айтымында, аскердик багытта жылыш бар, бирок саясий өңүттөгү «сезимтал маселелер» дагы эле чечиле элек. Бул тууралуу ал президенттик кеңсе уюштурган журналисттер менен онлайн баарлашууда билдирди.
«Аскер өкүлдөрү, эгер саясий эрк болсо, ок атышууну жана согушту кантип көзөмөлдөө керектигин негизинен түшүнүшөт. Алар бул багытта дээрлик бардык маселелер боюнча макулдашты. Мониторингге сөзсүз америкалык тарап катышат», — деди Владимир Зеленский.
Сүйлөшүүлөрдүн саясий багыты тууралуу айтып жатып Зеленский диалог болгонун, алдыга жылуу жана сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча макулдашуу бар экенин кошумчалады.
Ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Женевада өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына баа берүү «эрте» экенин айтты.
АКШ өкүлдөрү дароо комментарий берген жок.
Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи күнү болжол менен эки сааттан кийин аяктады. 18-февралда жолугушуу соңунда орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский мамлекеттик медиаларга сүйлөшүүлөр «оор, бирок мазмундуу» өткөнүн жана жаңы жолугушуулар болорун айтты.
Буга чейин Женевадагы Ак үйдүн башкы өкүлү Стив Уиткофф сүйлөшүүлөрдө «маанилүү жылыш» болгонун билдирген.
«Эки тарап тең өз лидерлерине маалымат берип, келишимге жетүү багытында ишти улантууга макул болду», — деп жазган ал X социалдык тармагында.
Соңку бир айдын ичинде үч өлкөнүн өкүлдөрү үчүнчү ирет жолугушту. Алгачкы эки сүйлөшүү февраль айынын башында Абу-Дабиде өткөн.
Бул жолу аймактык дооматтар жана коопсуздук кепилдиктери сыяктуу негизги талаштуу маселелер көтөрүлмөк.
24 -февралда Орусия Украинага кеңири масштабдуу согуш ачканына туура төрт жыл болот. Бул согушта эки тараптан тең дээрлик эки миллионго чукул адам каза болуп же жараат алганын эл аралык уюмдар билдирип келишет.
Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары. 17-февраль, 2026-жыл.
Орусия өзүнүн катаал талаптарынан артка чегинүүгө анчейин даяр эместей көрүнөт. Бул талаптардын ичинде Киев азыр да көзөмөлдөп турган Донбасстын чыгышындагы аймактардан баш тартуу маселеси бар.
Ал эми Украина Вашингтондон жана европалык өнөктөштөрүнөн келечектеги орус агрессиясынан коргой турган бекем коопсуздук кепилдиктерин талап кылууда.
Кошмо Штаттардын Украинадагы мурдагы элчиси Уильям Тейлордун «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна айтымында, орус тарап азырынча өзүнүн эң жогорку талаптарын өзгөртүүгө даяр экенин көрсөткөн эч кандай белги жок.
Ал кошумчалагандай, ок атышууну токтотпой туруп кеңири масштабдагы келишимдерге жетишүү реалдуу эмес.
«Баары согуш аракеттерин токтотуудан көз каранды», — деди Тейлор.
Сүйлөшүүлөрдүн алдында Орусия кайрадан украин шаар-кыштактарын дрондор жана ракеталар менен аткылады. Бир катар имараттар жана энергетикалык инфраструктура жабыркады. Электр станцияларына жасалган соккулардын айынан миллиондогон украиналыктар жарыксыз жана жылуулуксуз калды.
Тейлор белгилегендей, мындай чабуулдардын уланышы сүйлөшүүлөргө олуттуу мамиле жок экенин көрсөтөт. Орусиянын согушту токтотуу ниетинен Американын Украинадагы дагы бир мурдагы элчиси Стивен Пайфер да күмөн санайт.
«Жалпысынан алганда, мен бул сүйлөшүүлөрдүн ийгилигине анча ишене бербейм», — деп билдирди Пайфер «Азаттыкка» курган маегинде.