1930-жж. Чыгыш Теңир-Тоодогу улуттук кыймылдар сталинизмдин колдоосу менен басылган: Сүрөт баян

Жаныбек казы Сагынбай уулу (1869—1933) жигиттери менен. 

Шинжаң аймагынын картасы.

Шинжаңдагы кытайлык режимди колдогон ак гвардиячылардын арасында Кызыл армиянын жоокерлери жана СССР Ички иштер эл комиссариатынын чалгынчылары да болгон. 1930-жж.

Шинжаңдагы кытайлык режимди колдогон ак гвардиячылардын арасында Кызыл армиянын жоокерлери жана СССР Ички иштер эл комиссариатынын чалгынчылары да болгон. 1930-жж.

Кумулдагы көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири – мурдагы вазир, теги уйгур Йулбарс хан (1889—1971) болгон.

Кожо Нияз ажы  Чыгыш Түркстан Ислам Жумуриятынын президенти болгон (1933-34-жж.). 

1933-ж. Чыгыш Түркстан Ислам Жумуриятынын премьер-министри болуп Сабит Дамулла Абдулбакы (1883—1934) шайланган. 

Чыгыш Түркстан Ислам жумуриятынын айрым министрлери (жүзү тегеректелген – Сабит Дамулла Абдулбакы.

Турпан ойдуңундагы Махмут Мухитиге баш ийген көтөрүлүшчүлөр.
1933-жылы  Махмут Мухити (Махмут Ши-чаң же Сижан деп да аташчу; 1887—1945)  Чыгыш Түркстан Ислам Жумуриятынын  коргоо министри болгон. 

Хотандагы мусулман көтөрүлүшчүлөр. 1930-ж.

36-дивизиянын Кумул (Хами) өрөөнүндөгү дунган жана жергиликтүү түрк өкүлдөрү.

Бүбүш Осмоналиева, айтылуу тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулунун (Сыдыков; 1875-1942) кызы, атасынын сүрөтү менен. Кочкор кыштагы, Нарын облусу, Кыргызстан. 07.8.2014.

Кыргызстандын генерал Ысакбек Монуй уулуна арналган почтоо маркасы. 2012.

“Ак гвардиячы” полковник Павел Петрович Паппенгут Шэн Шицайдын режимин колдогон.

Үрүмчүнүн акими (дубан), теги кытайлык Шэн Шицай. 1933-41-жж. Иосиф Сталин анын бийлигин чыңдап берген. 

1932-1938-жж. сталиндик режим кызыл аскерлерди жана чекисттерди Үрүмчүдөгү Шэн Шицайдын бийлигин Чыгыш Теңир-Тоодогу улуттук боштондук көтөрүлүшчүлөрдөн коргоого аттандырган. Сүрөт баян.