мазмуну
- Орусиянын Жогорку соту "Родина" партиясынын доосун канааттандырып, "Яблоко" партиясынын Мамлекеттик Думага шайлоого каттоосун жокко чыгарды.
- 10-августта өткөн сот отурумунда прокурор менен Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү доогер тараптын позициясын колдоду.
- "Яблоко" партиясынын төрагасы Николай Рыбаков доону четке кагууну өтүнгөн.
Орусиянын Жогорку сотунда сегиз саатка созулган соттук териштирүүнүн жүрүшүндө өлкөдөгү эң тамыры терең либералдык саясий партияны шайлоодон четтетүү маселеси талкууланып жатып кептин нугу бир маалда 64 жыл мурунку тынчтык, сүйүү, күн нуру жана эне тууралуу советтик балдар ырынын автордук укук маселесине бурулуп кетти.
Анан, бир маалда эле, юристтер 1945-жылы АКШ армиясы тарткан, Жапониянын Хиросима шаарына атомдук бомба ташталган учурду чагылдырган сүрөттү талкуулап киришти. Көп өтпөй Орусиядагы жарандык согуш мезгилине таандык белгилүү супрематисттик сүрөт жөнүндө сүйлөшө башташты.
Эгер сиз мунун баары Орусиядагы шайлоолорго кандай тиешеси бар деп ойлоп жатсаңыз, анда мындай суроо жаралган жалгыз адам эмессиз.
«Мунун баарын түшүнүүгө чындап эле башым жетпей жатат», – деп жазды Кремлдин мурдагы саясий кеңешчиси Сергей Марков Telegram баракчасына.
Сыртынан караганда жөнөкөй эле иш: чакан улутчул партия «Яблоко» партиясын келерки айда өтө турган парламенттик шайлоого талапкер көрсөтүү укугунан ажыратуу тууралуу арыз берген. Бул шайлоо Украинага каршы кеңири масштабдуу баскынчы согуш башталгандан берки биринчи парламенттик шайлоо жараяны. Арыз автордук укук жана башка мыйзам бузуулар тууралуу дооматтарга негизделген.
Дагы караңыз
Орусиянын Жогорку соту "Яблоко" партиясын парламенттик шайлоого катышуудан четтетти10-августта өткөн отурумда Жогорку сот акыры арызданган тарапты колдоп, «Яблоко» партиясына сентябрда боло турган шайлоого катышуусуна тыюу салды.
Бирок окуянын тереңирээк маңызы бийликтин Кремлдин шайлоого байланыштуу карманып жаткан багытынан, айрыкча Украинадагы согуш боюнча расмий позициясынан айырмаланган саясий күчтү четтетүү үчүн кандай ыкмага барганында.
«Яблоко» партиясы Мамлекеттик Думага шайлоо өнөктүгүнүн негизги урааны катары «Тынчтык жана эркиндик үчүн» деген согушка каршы чакырыкты тандаган эле.
«“Яблоко” партиясынын каттоосун көз көрүнөө эле жасалма кине менен жокко чыгарууга Жогорку сотту мажбурлоо аркылуу Кремль өзүн шылдыңда калтырды жана алсыздыгын көрсөттү. Бул Кремлдин Мамлекеттик Думага шайлоо өнөктүгүндөгү биринчи жана абдан олуттуу жеңилүүсү. Анткени бул шайлоодо маселе ким шайланып, ким бийликте болорунда эмес, саясий абройдо жана коомдук пикирде болуп жатат », — дейт Жаңы Евразиялык стратегиялар борборунун орусиялык саясат таануучусу Николай Петров.
«Арызда келтирилген жүйөлөрдүн катарына автордук укуктун бузулушу тууралуу маселени кошуп койгону дээрлик күлкүлүү көрүнөт. Анткени Орусия мамлекет катары илгертен бери эле мындайга анчейин маани берчү эмес», — деген ою менен бөлүштү Швециядагы Коргонуу изилдөөлөр агенттигинин Орусия боюнча эксперти Мария Энгквист.
«Маселе “Яблоконун” эмес, Орусиянын тагдыры жөнүндө болууда»
Орусиядагы «башкарылуучу» же «суверендүү» демократия системасынында «Яблоко» партиясы либералдык оппозициянын ролун аткарып келген.
Мурда «Яблоко» жана анын негиздөөчүлөрүнүн бири Григорий Явлинский парламенттен чектелүү санда болсо да орун ала алышчу. Алар мыйзам чыгаруу жараянын демократиялык талкуу сымал көрсөтүш үчүн символикалык мүнөздөгү каршылык добуштарды берип турушкан. Бирок мыйзам чыгаруудагы таасири өтө эле чектелүү деп эсептелчү.
Партия 2003-жылдан бери Мамлекеттик Думадан өз алдынча саясий блок катары орун ала элек. Ошентсе да мурда «Яблоконун» айрым өкүлдөрү Думага депутат болуп шайланган учурлар болгон.
Дагы караңыз
Эмиграциядагы айрым орусиялык ишмерлер шайлоодо "Яблокону" колдоого үндөй башташтыӨткөн айда Кремлдин көзөмөлүндөгү Борбордук шайлоо комиссиясы «Яблоко» партиясын 18-20-сентябрда өтө турган Дума шайлоосуна каттап, көптөгөн байкоочуларды таң калтырган эле.
Жогорку соттун чечимине жооп кылып, Григорий Явлинский бул өкүмдү кескин сынга алды. Бирок ал өз билдирүүсүндө Кремлди же президент Владимир Путинди түздөн-түз атаган жок.
«Бул жерде сөз “Яблоко” партиясынын тагдыры тууралуу эмес. Бул жерде сөз Орусиянын тагдыры жөнүндө болуп жатат», — деп айтылды анын билдирүүсүндө.
10-августтагы соттук отурумда «Яблоко» партиясына каршы алар сыяктуу эле Думада өкүлчүлүгү «Родина» партиясы берген доо арыз каралды.
«Родинанын» юристтери сотко «Яблокону» шайлоодон четтетүүгө негиз боло алат деп эсептеген бир катар автордук укук тууралуу жүйөлөрүн келтиришти.
Талаш маселелеринин бири совет доорундагы белгилүү «Пусть всегда будет солнце» аттуу балдар ырына байланыштуу болду. «Родинанын» адвокаттарынын айтымында, бул ыр Явлинскийдин видео маегинде мыйзамсыз колдонулган.
Өз кезегинде «Яблоко» партиясынын адвокаттары ырдын текстиндеги сөздөрдү Явлинский эмес, маекти алып барган адам айтканын жана ал партиянын үгүт материалдарында колдонулбаганын белгилешкен. Ал эми ырдын текстинин авторунун уулу «Новая газета Европа» басылмасына бул ырдын колдонулушуна каршы эмес экенин, ал тургай аны колдой турганын билдирген.
Дагы бир дооматта «Яблоконун» негизги логотиби 1919-жылдагы большевиктердин үгүт сүрөтүнөн көчүрүлгөнү айтылган. Ал сүрөт авангарддык супрематизм көркөм агымына таандык болгон. Буга жооп катары партиянын юристтери бул логотип мурдагы шайлоолордо көп жылдан бери колдонулуп келгенин, азыркы өнөктүккө чейин эле белгилүү болгонун белгилешти.
«Родинанын» дооматтарынын арасында «Яблоконун» үгүт материалдарында тынчтыктын символу катары колдонулган көгүчкөндөрдүн жана күн карамалардын арасында турган танктын сүрөттөрү да болгон. Арызда сүрөт «Коммерсантъ» гезитинен алынганы жана булагы көрсөтүлбөгөнү жазылган. «Яблоко» партиясынын адвокаттары сүрөттүн булагы туура көрсөтүлгөнүн билдиришти.
Мындан тышкары, «Родинанын» юристтери «Яблоко» партиясын АКШ армиясынын Экинчи дүйнөлүк согуштун акыркы күндөрүндө Хиросимага жасалган атомдук сокку чагылдырган сүрөтүн мыйзамсыз пайдаланган деп айыпташкан. Партия болсо бул сүрөт АКШ Конгресс китепканасынан алынганын жана көптөн бери коомдук пайдаланууга өткөнүн жүйө келтирди.
Кремль Жогорку соттун чечими боюнча расмий комментарий бере элек.
Дагы караңыз
И.Мальцева: Орусияны жеңсе, биз Украинага алкыш айтабыз«Яблоко» коопсуз вакцинабы?
Мамлекеттик Думага шайлоодон четтетилген «Яблоко» партиясы жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоолордо бир топ ийгиликтерге жетишкен. Маселен, Санкт-Петербургда анын талапкерлери шаардык мыйзам чыгаруу жыйынына дайыма бир нече мандатка ээ болуп келишет.
Бирок партия келечекте да сакталып калабы деген суроо ачык бойдон калууда.
Кремлдин башкы сынчысы, орусиялык саясатчы, маркум Алексей Навальный жана анын тарапташтары партия эбак эле саясий аренадан кетиши керек болчу деп айтып келишкен. Алардын пикиринде, «Яблоко» системага ыңгайлашып кеткен жана анын таасирине толук баш ийген, ошондуктан өз ишмердүүлүгүн мурда эле токтотушу керек болчу.
Ал эми Кремлдин саясий технологдору «Яблоко» партиясын демократиялык процесс сыяктуудай элес жаратуучу, коомдогу нааразылыкты чыгарып туруучу коопсуз канал катары карашат.
«Яблоко» партиясынын лидери Николай Рыбаков журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. 2026-жылдын 10-августу. Москва. Жогорку соттун имаратынын алдында.
Азыр Думадагы 450 орундун 310ун ээлеген «Единая Россиянын» үстөмдүгү улана берери күтүлүүдө.
«Алар "Яблокону" коопсуз вакцина катары пайдаланууну пландашкан. Башкача айтканда, шайлоочуларга таасири минималдуу болгон алсыздатылган вирус сыяктуу. Ошондуктан партиянын бардык белгилүү саясатчылары административдик басым жана кылмыш иштери аркылуу четтетилген. Натыйжада “Яблоконун” шайлоо тизмеси жаш жана кеңири таанылбаган саясатчылардан турат», — дейт Николай Петров.
«Яблоко» партиясынын жактоочулары үчүн, алардын көбү орус саясатындагы өтүп кеткен доордун эскичил либералдары болгондуктан, партиянын жоюлушу мамлекет канчалык деңгээлде авторитардуу болуп калганын ачык көрсөтүп берген тарыхый бурулуш болмок.
«Учурда Орусиядагы саясий система “Яблоко” сыяктуу партияларга каршы иштеп жаткан шартта алардын алигүнчө жабылып калбаганы мени таң калтырат», — дейт эксперт Мария Энгквист.
Ошол эле учурда «Яблоко» Украинадагы согушка каршы чыккан жаш орусиялыктардын арасында да колдоо табууда.
Социологиялык сурамжылоолор орусиялыктардын согушка болгон нааразылыгы өсүп жатканын көрсөтүүдө. Ошол эле мезгилде Кремль жаңжалды басаңдатууга даяр экенин көрсөткөн жок. Ар кандай эсептөөлөр боюнча согуштагы жалпы жоготуулар 1,5 миллиондон ашты. Мамлекеттик жана коомдук сурамжылоолор Владимир Путиндин рейтинги төмөндөп жатканын да көрсөтүүдө.
10-августта Москвадагы соттун имаратынын алдында жүздөгөн адамдар, алардын арасында көптөгөн студенттер, соттун чечимин күтүп турушту. Айрымдары колуна алма көтөрүп келишкен, анткени «яблоко» орус тилинен которгондо «алма» дегенди билдирет.
Согуш башталгандан көп өтпөй бийлик «армияны дискредитациялоо» деген негиз менен дээрлик бардык согушка каршы билдирүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тарткан мыйзам кабыл алган.
«Яблоко» согушка каршы позицияны карманган жана катаал тоскоолдуктарга туш болгон жалгыз саясий уюм эмес.
Ушул айдын башында 2024-жылкы президенттик шайлоодо Путинге атаандаш катары катталууга уруксат берилбеген саясатчы Борис Надеждин бийлик аны «чет элдик агент» деп жарыялагандан кийин Орусиядан чыгып кеткенин маалымдады. Бул ага каршы кылмыш ишин козгоого өбөлгө түзмөк. Надеждин сентябрдагы шайлоого катышууга аракет кылып жаткан.
Финляндияда жашап жаткан орусиялык саясат таануучу Владимир Гельмандын пикиринде, "Яблоко" боюнча чечим Орусиянын саясий багытын олуттуу өзгөртпөйт.
«Мен бул чечим 2022-жылдан бери байкалган тенденцияларды түп-тамырынан өзгөртөт деп ойлобойм. Тескерисинче, “Яблокого” карата басым мындан ары да күчөйт жана партиянын таптакыр жоюлуп кетиши да ыктымал», — деди ал.
Ал эми сүргүндө жүргөн жана маркум жолдошунун саясий кыймылын жетектеп жаткан Юлия Навальная:
«Кремль коркуп жатат», — деп видео кайрылуусунда билдирди.
Макаланын түп нускасы бул жерде