Ирандын мамлекеттик телеканалынын маалыматына караганда, тараптар "кызматташтыкты, анын ичинде аймактагы тынчтык жана коопсуздук жаатындагы өз ара аракеттерди чыңдоо үчүн сүйлөшүүлөрдү улантууну" макулдашты.
Бул жолугушуу АКШ менен Ирандын ортосундагы согуш жана Иранга ыктаган йемендик хусилердин Сауд Арабиясына чабуулдары күчөп, аймактагы кырдаал курчуп турган маалда өттү. Бул жаңжалдар дүйнөлүк мунайдын баасына да терс таасирин тийгизүүдө.
"Акыркы аракет"
Сүйлөшүүнүн негизги максаттарынын бири, Иранды өзү колдогон Йемендеги хуси козголоңчуларынан Сауд Арабиясына кол салууну токтотууну талап кылууга көндүрүү болгон. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна Исламабаддагы коопсуздук тармагынын жогорку даражалуу өкүлү жолугушуунун алдында айтты.
Ал кошумчалгандай, альянска мүчө өлкөлөр Иранга басым жасоо үчүн Сауд Арабиясы менен Израилдин коопсуздук жаатындагы кызматташтыгын күчөтүү мүмкүнчүлүгүн да көтөрүүгө даяр болушкан.
"Негизги суроо, Иран эмне үчүн буга макул болушу керек? Жооп мындай. Сауд Арабиясы Израилден колдоо сурашы мүмкүн. Бул өз кезегинде Эр-Рияддын Авраам келишимдерине кошулушуна алып келиши ыктымал", — деди расмий өкүл.
2020-жылы кол коюлган Авраам келишиминин негизинде Израил менен бир катар араб мамлекеттеринин, анын ичинде Бириккен Араб Эмираттары жана Бахрейндин ортосунда дипломатиялык мамилелер жөнгө салынган.
"Түркиянын Израил менен дипломатиялык мамилеси бар экенин эске алганда, эгер Тегеран хусилерди ооздуктоодон баш тартса, үч өлкө бул сценарийди сүйлөшүү үстөлүнө коюшу мүмкүн", — деди ал.
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан жана өлкөнүн Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Мохсен Резаи Сауд Арабиясынын, Пакистандын жана Түркиянын расмий өкүлдөрү менен жолугушту. 25-октябрь, 2026-жыл.
Расмий өкүлдүн айтымында, Иран хусилерге таасирин колдонууга макул болушу мүмкүн. Бирок Тегеран бийлигинин АКШ менен согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө карата позициясын жумшартышы күмөн.
Исламабаддагы талдоочу Азаз Сайеддин айтымында, жолугушууда АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңжал да негизги темалардын бири болмокчу. Анткени Вашингтон Иранга каршы аскердик чабуулдарын кайра баштоого даярданып жатышы мүмкүн деген кооптонуу күч алууда.
Өткөн аптада Пакистандын армиясынын башкы командачысы Асим Мунир Тегеранга барган. Маалыматтарга караганда, ал Иран бийлигине "акыркы эскертүүнү" жеткирген.
"Кыязы, бул Иранды АКШ менен сүйлөшүүлөр аркылуу мунаса табууга көндүрүү үчүн жасалган акыркы аракет болгон. Албетте, үч өнөктөш өлкө хусилердин чабуулдарын токтотууну талап кылат. Бирок негизги маселе - кеңири масштабдагы жаңжалды жөнгө салуу", — деди Сайед "Азаттык" радиосуна.
Бельгияда жайгашкан Эл аралык кризистик топтун (International Crisis Group) улук талдоочусу Хамидреза Азизи Тегерандагы жолугушууну кырдаалдын кайрадан курчушуна жол бербөө үчүн акыркы мүнөттөрдөгү дипломатиялык аракет деп баалады.
"Азыркы учурдагы башкы максат Иран менен АКШнын ортосунда согуштун кайра башталышына жол бербөөнүн амалын табуу", — деди Азизи "Азаттык" радиосуна.
Анын айтымында, 26-октябрдагы жолугушуу буга чейин жүрүп келген дипломатиялык аракеттердин уландысы болуп саналат. Бирок жолугушуунун дал ушул маалда өтүшү аймактагы мамлекеттердин убакыт тар болуп баратканына улам көбүрөөк тынчсызданып жатканын көрсөтөт.
Ирандын союздаштары саналган жана негизинен Йеменде аракеттенген хусилер акыркы убакта Сауд Арабиясына ракеталык чабуулдарын күчөттү. Алар аэропортторду жана мунай инфраструктурасын бутага алууда.
Бул чабуулдар Жакынкы Чыгыштагы энергетикалык ресурстарды ташуу ансыз деле чектелип турган маалга туш келди. Буга Ормуз кысыгынын жабылышы себеп болду. Адатта дүйнөдө ташылган мунай менен газдын болжол менен бештен бири дал ушул жол аркылуу өтөт.
Ушул айдын башында хуси козголоңчулары Эр-Рияддагы Халид падыша атындагы эл аралык аэропортко кол салышкан. Анын кесепетинен 13 адам каза болуп, 300дөн ашуун киши жаракат алган.
Козголоңчулар ошондой эле авиакомпанияларга Сауд Арабиясынын аба мейкиндигин пайдаланбоону эскертишкен.
Буга жооп катары Сауд Арабиясы Йемендеги хусилердин объектилерине абадан сокку урган.
Бул жаңжалдар Жакынкы жана Орто Чыгыштагы мамлекеттердин ортосундагы дипломатиялык мамилелер канчалык татаал экенин дагы бир жолу көрсөттү.
Мекке коргонуу альянсы НАТО уюмунун 5-беренесине окшош жамааттык коопсуздук механизмин карайт.
Альянстын келишиминде "үч мамлекеттин бирине каршы жасалган ар кандай куралдуу кол салуу алардын баарына каршы жасалган чабуул катары каралат" деп белгиленген.
Албетте, үч өнөктөш өлкө хусилердин чабуулдарын токтотууну талап кылат. Бирок негизги маселе — кеңири масштабдагы жаңжалды жөнгө салуу.
Иран менен Пакистандын ортосундагы чыңалуу
Тегерандагы жолугушуу Иран менен Пакистандын ортосундагы мамиле ансыз да чыңалып турган маалда өттү. Буга Исламабаддын Пакистандын Белужистан провинциясы менен Ирандын Систан-Белужистан провинциясынын ортосундагы эки чек ара өткөрмө бекетин жабышы себеп болгон.
Мындан тышкары, Пакистан өлкөгө Ирандан ташылып келген товарларга байланыштуу E-form электрондук декларациясынын тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул система чет элдик валютадагы акча которууларды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Маалымат булактарынын айтымында, Исламабад Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (IRGC) менен байланышы бар деп эсептелген Mahan Air авиакомпаниясынын учууларына берилген уруксатты да убактылуу токтоткон. Бирок Иран менен Пакистандын бийлиги бул маалыматтарды ырастаган да, төгүндөгөн да жок.
Буга жооп катары Иран Пакистанга суюлтулган мунай газын (LPG) экспорттоону токтотту. Натыйжада Пакистанда турмуш-тиричилик жана коммерциялык максатта колдонулган газдын баасы бир нече эсеге кымбаттады.
Пакистан күн сайын Ирандан болжол менен 7 миң тонна суюлтулган мунай газын импорттойт.
Сауд Арабиясынын коомдук дипломатия боюнча министринин орун басары Райед Кримли социалдык тармактагы билдирүүсүндө Тегеранга жасалган сапардын маанисине токтолду.
"Бул сапар Мекке келишимине мүчө мамлекеттердин аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуудагы маанилүү ролун, ошондой эле бул максатка жетүү үчүн аймактагы бардык өлкөлөр менен кызматташууга даяр экенин дагы бир жолу көрсөттү", — деп жазды ал.
Иран менен Пакистандын чек арасындагы өткөрмө бекеттердин жабылышына байланыштуу Ирандын Исламабаддагы элчиси Реза Амири Могаддам да социалдык тармак аркылуу билдирүү жасады.
Анын айтымында, чек ара соодасына байланыштуу маселелерди чечүү үчүн Пакистан тарап менен консультациялар жүрүп жатат.
Могаддам билдиргендей, суюлтулган мунай газын ташыган жүздөгөн жүк ташуучу автоунаа Ирандын Римдан өткөрмө бекетинен өтүп, Пакистан тараптагы Габд аймагына жеткен.
Бирок бул машинелер ал жерде бир нече аптадан бери турганына карабастан, жүктөрү түшүрүлө элек жана бажыдан өткөрүү иштери да аягына чыга элек.
Бул жагдай товарлардын ташылышын дагы татаалдаштырып, эки өлкөнүн ортосундагы сооданы үзгүлтүккө учуратууда.
Маанилүү кадам
Лахор университетинин эл аралык мамилелер боюнча профессору Рабия Ахтардын айтымында, үч өнөктөш өлкөнүн азыркы башкы максаты жаңжалдын мындан ары күчөп кетишине жол бербөө.
"Бул сүйлөшүү үстөлүндө отургандардын эч кимиси аймакта дагы бир согуштун чыгышынан пайда таппайт", - деди Ахтароп "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна.
Анын айтымында, эгер жолугушуунун катышуучулары кырдаалды курчутпоого байланыштуу кандайдыр бир өз ара түшүнүшүүгө жетише алса, мунун өзү эле жакшы жыйынтык болмокчу.
Айрыкча Сауд Арабиясынын коопсуздугу, хусилердин аракеттери жана Иран менен жаңжалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө маселелеринде мунаса табуу маанилүү.
"Ошондуктан мен бул жолугушууну жаңы коопсуздук системасынын жаралышы катары эмес, аймактагы кризисти жөнгө салуу аракети катары баалайт элем. Азыркы шартта мунун өзү эле олуттуу мааниге ээ", - деди Ахтар.
Эл аралык кризистик топтун талдоочусу Хамидреза Азизи да бул жолугушуу байланыш каналдарын ачык сактоо аркылуу чыңалууну, жок дегенде убактылуу болсо да, басаңдатууга жардам бериши мүмкүн экенин белгиледи.
"Бирок негизги маселе чечилбеген бойдон калууда. Иран кайрадан кол салуулар болбой турганына ишенимдүү коопсуздук кепилдиктерин алууну каалайт. Ал эми ортомчулук кылып жаткан аймактагы мамлекеттердин Вашингтондун чечимдерине таасир этүү мүмкүнчүлүгү чектелүү", — деди Азизи.
Дауд Хаттактын макаласынын түп нускасын бул жерден окуңуз.