"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Баткенде 262 имам хатиб билимин жогорулатышууда. Өткөн жылы айылдык имамдар, дин жаатында эмгектенгендер аттестациядан өтүп, көпчүлүгүнүн билим деңгээли талапка жооп бербейт деп табылган. Бул иш чара өлкө аймагында Баткен облусунда алгачкы болуп уюштурулууда. Ушул жана башка маселелер боюнча Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Султан ажы Гапуров “Азаттыктагы” маегинде айтып берди.
Баткендин Таян айылынын тургундары түшкөн женил автоунаага Сох анклавынан чыга бериште Өзбекстандын чек арачылары эч кандай эскертүүсүз ок чыгарды. Ок тийген автоунаадагы эки аял жана беш жашар бала катуу коркуп, эс учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилди. Бул окуяга нааразылык иретинде чогулган Сохтун тегерегиндеги кыргыз айылдарынын калкы менен эки тараптагы жергиликтүү бийлик башчылары жолугушуп, эптеп жайгарган болушту.
Өлкөнүн негизги аймагы менен байланышууда Баткен облусунун батыш тарабынын калкы Тажикстандын айрым аймактарын аралап өтүүгө аргасыз. Тажик айылдарын аралап өткөн кыргыз жарандары кошуна өлкөнүн чек арачылары тарабынан ар кандай тоскоолдуктарга кабылган учурлар аз эмес. Эки күн мурда болсо Исфана - Бишкек каттамындагы кичи автобуска тажик чек арачылары ок чыгарышты.
Баткендин жергиликтүү бийлиги буга чейин Тажикстандын жарандарына үй сатуу учуру акыркы 3 жылда катталган эмес деп келишкен. Бирок бул маселе каралган облустук жыйында 133 үй кошуна өлкө жарандарына өтүп кеткени ачыкталды. Чегара аймагындагы эл мындай кадамга барышын кошуналардын кысымы жана социалдык маселелердин чечилбегени менен байланыштырууда.
Кыргыз бийлигинин талашта келаткан жерди Тажикстандан ижарага алган чечими жергиликтүү элдин нааразылыгын туудурду. Өткөн аптада Кыргызстан менен Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчылары жолугуп, анда Ош-Исфана жолунун талашта келаткан 275 метр жерин Кыргызстан коңшусунан 49 жылга ижарага алмай болуп маселе чечилген
Ушул шейшембиде Тажикстандын Кожент шаарында эки өлкөнүн Коопсуздук кеңеш катчылары жолугушуп, Ош-Исфана жолунун талашта турган бөлүгүн кыргыз тарап ижарага алуу чечимине келди. Жергиликтүү тургундар болсо бул туура эместигин, талаш делген жерди кыргыз тарап ижарага алышы аны Тажикстанга тиешелүү деп расмий таанууга жатаарын белгилешүүдө.
Баткенде кутурма илдетин алып жүргөн жырткычтар айыл аралай баштады. Ошол эле мезгилде мал жандыктан өтүп адамдарга кол салган учурлар кездешүүдө. Баткенде 12-январь күнү айылдын чок ортосунан кишиге кол салган карышкыр өлтүрүлдү.
Баткенде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ишке тартуу үчүн шарт түзүлгөн эмес. Ушундан улам майыптар өз арбайын өзү согуп, каражат таап жан багып келет.