"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда былтыр үй-бүлө зомбулугунан 12 адам мерт болгон. Укук коргоочулар зомбулук көргөн аялдардын саны азайбай жатканын белгилешүүдө.
Таалайгүл Исакунова, “Демократиялык процестерди иликтөө” борборунун өкүлү.
Бүбүсара Рыскулова, “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси
Алсыз эркектер аялга кол көтөрбү?
Быйыл Кыргызстан электр энергиясын сыртка сатпайт, тескерисинче Тажикстандан сатып алуу жагы каралууда.
"Жаштар өкмөтү” кыймылынын курултайында президенттик башкаруу системасына кайтуу, саясий элитаны алмаштыруу, Курултай институтун ишке киргизүү сыяктуу маселелерди козгоду.
Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында “Жаштар өкмөтү” кыймылынын курултайы өттү. Анда президенттик башкаруу системасына кайтуу, саясий элитаны алмаштыруу, курултай институтун ишке киргизүү сыяктуу маселелер тууралуу сөз болду.
Балдарын убактылуу таштап чет өлкөгө акча табуу үчүн кеткен мигранттарды ата-энелик укугунан ажыратуу демилгеси көтөрүлдү.
Улуттук оппозициялык кыймыл бийлик тараптан өз мүчөлөрүнө карата саясий куугунтук күчөп жатканын сындап чыкты. Бийлик мындай дооматты четке какты.
Социалдык фонд аялдардын пенсияга чыгуу курагын 60 жашка жогорулатуу демилгесин көтөрүүдө.
Президент Алмазбек Атамбаев эл аралык “Манас” аэропортун Орусиянын “Роснефть” компаниясына сатуу ылайыктуу экенин жергиликтүү телеканалдардын бириндеги маегинде ачыктады.
Укук коргоочулар соңку кездери 15-17 жаштагы секелектерди ала качкан учурлар арбын кездешип жатканына коңгуроо кагышууда.
Чүй облусунун аймагында Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” уюмунун ишмердүүлүгүн тымызын жайылтып жүрөт деген шек менен беш аял кармалды.
Кадамжайдагы Шамбесай кенин иштетүүгө лицензия алган австралиялык “Z-Эксплорер” компаниясы жергиликтүү калктын каршылыгынан улам ишин убактылуу токтотту.
Мамлекеттик жогорку кызматтагыларга, алардын жакындарына чет өлкөдө акча эсебин ачууга жана кыймылсыз мүлк сатып алууга тыюу салган мыйзам долбоору сунушталып жатат.
Кыргызстанда аялдар арасында аракечтер көбөйүп, курагы жашарууда. Ичкиликтин артынан сая түшүп, күндө “сеп” этип койгондордун арасында 18 жаштагы бийкечтер да бар. “Жинди суунун” айынан селсаякка айланып, майып болуп калгандар да жок эмес.
Рак илдетине чалдыккан балдар үчүн АКШдан гумжардам катары келген дары-дармек жарым айдан бери “Манас” аэропортунун кампасында турат.
“Журтташтар” түрмөгүнүн бул жолку каарманы - Вьетнамдын Хошимин шаарында жашаган кыргызстандык Чынара Абдыкадырова.
Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Оштогу көпүрө куруу боюнча өткөрүлгөн тендерге байланыштуу бүгүн 12-мартта прокуратурага суракка чакырылды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, 61 эне төрөттөн жана кош бойлуу кезинде каза тапкан. Дарыгерлер энелердин өлүмүнүн азайбай жатышын миграция менен байланыштырат.
Дагы жүктөңүз