"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Президент Роза Отунбаева Коомдук байкоочу кеңештерди эл менен бийлик ортосунда көпүрө болууга чакырды.
Кыргызстанда пенсияга чыга элек Баатыр энелердин көбү жакыр турмушта жашайт. Сентябрдан тарта аларга айына миң сомдон берилгени жатат.
“Пирамида” жана “5-канал” телекомпанияларын улутташтыруу боюнча жаңы мыйзам долбоору кабыл алынып калса, “Пирамида” маданият жана спорт, ал эми “5-канал” парламенттик телевидение болуп өзгөрүшү ыктымал.
Мындан туура 70 жыл мурда 22-июнда таңга маал Германия Советтер Союзуна кол салып, Улуу Ата Мекендик согуш от алган. Бул күнгө карата бүгүн Бишкектеги борбордук аянтта да согушта курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү.
Бишкекте Борбор Азиядагы аз улуттардын укуктары жана алардын коомдук турмушка катышуусун талкуулаган конференция өтүп жатат.
Кыргызстанга АКШ мамдепартаментинин Европа жана Евразия өлкөлөрүнө жардам берүү программасынын координатору Даниэль Розенблюм келди.
Дипломаттык академиянын ректору Жумагул Сааданбеков "ал жерде иштеген келиндерге асылган", "ондогон адамды негизсиз жумуштан" алган деген арыз тарады.
“Амнести Интернешнл” коогалаң боюнча милиция, сот жана прокуратура органдарынын өкүлдөрүнөн турган көз карандысыз топ түзүүнү сунуштоодо.
Жайкы эс алуу маалына карабай бир топ өспүрүмдөр бул күндөрүн базар менен талааларда өткөрүүгө мажбур.
Жазуучу Казат Акматов июнь каргашасынын бир жылдыгына карата сабырдуулук, гуманизм тууралуу “Азаттыкка” маек курду.
Жогорку Кеңеш “Коомдук телерадиокорпорация жөнүндө” мыйзамды кабыл алды. Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” маек курду.
Сот системасын реформалоо багытында “Азаттыктын” суроолоруна Коррупцияны алдын алуу боюнча агенттиктин мурдагы аппарат жетекчиси Бакыт Бакетаев жооп берди.
Human Rights Watch, Эл аралык мунапыс уюмдарынын жаңы баяндамасы туурасында саясий серепчи Аскарбек Мамбеталиев ой бөлүштү.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандан депортацияланган келиндер боюнча жолдогон нотага жооп ала элек.
"Азаттыкка" публицист Табылды Эгембердиев маек куруп, талант, наам, айлык тууралуу кеп салды.
Июнь коогалаңынын бир жылдыгына байланыштуу Жалал-Абад шаарынын тургуну, юрист Абдумалик Шарипов “Азаттыкка” маек куруп, түштүктө эл арасында тартип коргоо кызматкерлерине ишеним аз болуп турганын белгиледи.
Президент Отунбаеванын Венгриядагы расмий сапары уланууда. Кыргыз-венгр мамилелери тууралуу тарыхчы Турат Сырдыбаевди кепке тарттык.
Өлкө түштүгүндөгү кырдаал тууралуу ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары Курсан Асанов кеп салат.
Жол коопсуздугун сактоо кызматкерлери сырттан келген туристтерге өзгөчө сый мамиле жасай турган болууда.
Кирешеси чоң ири ишканалар, сауна жана ресторандарга электр кубаты үчүн баа жогорулашы мүмкүн. Энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетов “Азаттыкка” маек курду.
Дагы жүктөңүз