"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 136 млн. доллар бөлөт. Бул каражат өлкөнүн бюджетин колдоо максатында жарымы грант, жарымы жеңилдетилген насыя түрүндө берилет.
Кыргызстандын тартип коргоо органдары өспүрүмдөр арасында кылмыш кылгандардын жашы барган сайын ылдыйлап жатат деп коңгуроо кагышууда.
Кыргызстанда Кызыл китепке кирген жапайы жаныбарлар кескин азаюуда. Жапайы жаныбарларды коргоо борборунун жетекчиси Салтанат Сеитова “Азаттыкка” маек курду.
Аскердик кызмат өтөп жаткан Чубак Бакыт уулунун токмоктолушун Коргоо министрлигинин Коомдук көзөмөл кеңеши иликтөөгө аларын аталган кеңештин жетекчиси Токтогул Какчекеев билдирди.
Борбор Азиядагы эркин базар институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев жашылча-жемишке болгон баа мындан ары да өсүшү мүмкүндүгүн божомолдойт.
Китеп жана китепканалардын орду, ролу туурасында акын, Жолон Мамытов атындагы сыйлыктын лауреаты Абдырашит Урбаев “Азаттыкка” ой бөлүштү.
Бишкекке ирегелеш Мурас-Ордо жаңы конушунун бир катар тургундары “Азаттыкка” кайрылып, баш калаага караган бул конушта кыйла жылдан бери таза суу, жол, мектеп жана башка маселелери чечилбей келатканына даттанышкан.
Премьер-министрдин токтому менен экологиялык таза айыл чарба продуктуларын өндүрүү программасын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү.
Өкмөткө караштуу кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Таалайбек Чолпонкулов “Азаттыкка” маек курду.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитети Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилик жана консулдуктарынын ишмердүүлүгүн, мигранттарга жасаган мамилелерин талкуулады.
Кыргыз эл акыны, Казакстандагы мурдагы кыргыз элчиси Акбар Рыскулов чек ара маселелерин чечүүдө элдик дипломатиянын үлгүлөрүн колдонуу зарыл деп эсептейт.
АКШ президенти Барак Обаманын Араб дүйнөсүндөгү окуялар тууралуу билдирүүсү кыргызстандыктар арасында да түрдүү пикирлерди жаратты.
Ысык-Көлдө кыз ала качууга каршы акция өтүп, анда ала качып кеткенден кийин өз жанын кыйган эки кыз эскерилди. “Арай көз чарай” талкуусу ала качуу темасына арналды.
Бишкектеги №1 убактылуу кармоо жайында өмүр бою эркинен ажыратылган эки соттолуучу 11-майдан тарта ачкачылык жарыялоодо.
Бишкек шаарында 2010-жылы мектептеги каракчылык боюнча 9 факт катталса, быйыл төрт айдын ичинде алардын саны 39га жетти.
Оштон серепчи Руслан Ташанов “Азаттыкка” маек куруп, тартип коргоо кызматкерлеринин көчөлөрдө арбын жүрүшү элдин бийликке болгон ишенимин жаратууда дейт.
Бишкекте 136 адам кенеге чактырып алып, жардам сурап кайрылган. Бишкек шаардык мите курттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Жыпара Ашакеева “Азаттыкка” маек курду.
Өлкө башчысы Роза Отунбаева укук коргоочулар менен жолугушту. “Азаттыктын” суроолоруна "Эркиндик үнү" уюмунун башчысы Сардар Багышбеков жооп берди.
Бүгүн - Конституция күнү. “Азаттыктын” суроолоруна саясатчы жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев жооп берди.
“Фабула” гезитинин баш редактору Эрнис Балбаков сөз эркиндиги жана журналисттердин жоопкерчилиги тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
Дагы жүктөңүз