Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:52

Кулбаев: Курсанттар саясатчылардан таасир алууда


Укук коргоочулар кеңеши ИИМдин академиясында реформа жасоо зарылдыгын айтып чыгышты. Академиянын окуу бөлүмү боюнча жетекчисинин орун басары Аслан Кулбаев "Азаттыкка" маек курду.

- Беш жыл бою устав менен мыйзамды, кодекстерди окуп, коомдук тартипти адам кандай шартта бузарын билип, анан өздөрү биринчи кадамын Бишкектин көчөлөрүндө бейбаштык кылып, коомдук тартипти бузуу менен баштап атышат. Бул өздөрүнүн өзгөчөлүгүн көрсөтүүбү? Мындай көрүнүштөргө чын эле академия жетекчилери, окутуучулары көз жумуп коюудабы?

- Бүтүрүүчүлөрдүн тартип бузуу фактысы бизди да тынчсыздандырып жатат. Бул бүтүрүүчүлөр юридикалык билими бар офицерлер.

Ички иштер министрлигинин иликтөө иштери бүткөн соң ар бири мыйзам чегинде жооп бериш керек. Себеби алар чоңоюп калган, билимдүү адамдар.

7-апрель, 2010-жыл
Жалпысынан биздин бүтүрүүчүлөрдүн 90% татыктуу, бүгүнкү күндүн талабына жооп бере турган милиция кызматкерлери. Академияга реформа жасаш керек деген сөздөр айтылып атат. Биз да билебиз кайсы тарапта кандай реформа кылууну. Буга байланыштуу иштер жүрүүдө.

- Кандай реформалар жасалганы жатат? Реформа эмнеден башталат?

- Реформа жасоо дегенге мен да макулмун. Окуу-тарбия боюнча айтсак, алар жалпы ички иштер органдарындагы, жогорку окуу жайлардагы жана жалпы коомчулуктагы маселелер менен тыгыз байланышкан. Колубуздан келе турган нерсе – жаңы окуу программаларын иштеп чыгуу, бүгүнкү күндүн талабына жооп берген офицерлерди даярдоо иштери жүрүп жатат.

- Жоопко тартылбагандыктан ушундай окуялар уланып жаткан жокпу? Өткөн жылы да академияны бүткөн төрт курсант кайгуул күзөт кызматкерлери менен уруша кетишкен эле. Алар кандай жоопко тартылган? Ушундай шартта дипломдорун кайтарып алуу, жокко чыгаруу маселелери көтөрүлөбү?

- Андай маселе көтөрүүгө мүмкүн эмес. Чынын айтыш керек, эки-үч жылдан бери бүтүрүүчүлөрдүн бүтүрүү аземинен кийин ушундай иштер салтка айланып калды. Биз канчалык иш-аракеттерди көргөнүбүз менен лейтенант болуп, биздин тармактан чыккан айрымдар анча-мынча тартип бузууларды көрсөтүп жатышат.

Былтыр ушундай тартип бузган беш офицер иштен айдалган болчу. Бул бүтүрүүчүлөргө да "ар бир тартип бузган катуу жаза алат" деп жеткиликтүү түшүндүргөнбүз. Бирок биздин айткан, кылган иш-аракеттерибизге маани бербей, баары эмес, беш-алтоо ушундай тартип бузууга барышкан экен.

- Деги эле милицияга сындар да, дооматтар да көп айтылат. Академия болсо ИИМдин эң жогорку адистерин даярдаган окуу жай. Канчалык сапаттуу билим берип, мыкты адистерди чыгарып атасыздар?

Ош, 21-июнь, 2010-жыл
- Бизде бүгүнкү күндө проблемалар бар. Жогоруда айткандай жаңы окуу программасын иштеп чыктык. Беш жылдык окуу мөөнөтү төрт жылга кыскартылып, Болон системасы боюнча өзгөртүүлөр даярдалган.

Андан сырткары кесибине ылайыктуу сабактардын саатын көбөйтүп жатабыз. Алдыңкы чет өлкөлүк полиция академиясынын тажрыйбасын алып, эл аралык стандарттын негизинде иштеп чыгылган болчу. Тилекке каршы, ылдый жактан кеткен демилге жогору жактан көп колдонулбай, акиташтай болуп өчүп калууда. Быйыл да ошол программаны киргизе албай калдык. Ошондуктан окуу программасын күчөтүү маселесинде көп иштерди жүргүзүп жатабыз.

- Укук коргоочулар кыйноо фактыларынын 80 пайыздан ашууну милиция кызматкерлерине тиешелүү экенин айтып келишет. Иликтөө боюнча курсанттар экинчи курска чейин кыйноого каршыбыз деп айтышат экен. Экинчи курста өндүрүштүк практикага чыккандан кийин суракка алуу боюнча, кыйноо боюнча көз караштары такыр өзгөрөт экен. Эмне себептен ушундай?

- Биздин маселелер ички иштер органдарынын проблемалары менен тыгыз байланышкан. Биз курсанттарды өзүнчө бир аралчада даярдай албайбыз. Курсанттар практикага барганда терс көрүнүштөрдүн баарын академияга алып келип жатышат. Ошондуктан бул академия эле эмес, жалпы реформалоо керек экенин тастыктап жатат.

Курсанттар коомдогу көрүнүштөрдү, кээ бир кызматкерлердин, саясатчылардын терс көрүнүштөрүн кайталап, ошолордон таасир алышууда. Ошондуктан ушундай окуялар болуп атат.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG