Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Бостеридеги окуяны комиссия иликтейт


Ысык-Көл туризмдин мекени боло алабы?
Ысык-Көл туризмдин мекени боло алабы?

4-июлда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында милиция кызматкерлери менен жергиликтүү жаштардын айрым топторунун ортосунда кагылышуу орун алган.

Маалыматка караганда, Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бостери айылындагы "Асыл-Таш" пансионатында мыйзамсыз акча өндүрүп жатат деп шектелген 7-8 адамды кармоого барышкан. Эки ортодо орун алган тирешүүдө Бостери айылынын эки тургуну октон жараат алып, ооруканага жаткырылды. Райондук прокуратура окуя боюнча кылмыш ишин ачып, анын чоо-жайын иликтөөдө.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Рахматулло Ахмедовдун айтымында, милиция кызматкерлерине Бостери айылында мыйзамсыз иштер, акча тоноолор болуп жатканы тууралуу жергиликтүү тургундардан маалыматтар буга чейин эле түшкөн.

Рахматулло Ахмедов
Ушул маалыматтардын негизинде иштеп жаткан тартип коргоо кызматкерлерине 4-июлда өзүн Алмаз деп тааныштырган бирөө чалып, Бостеридеги “Асыл-Таш” пансионатында күч менен акча алуу аракети болуп жатканы кабарланат.

- Биздин кызматкерлер окуя болгон жерге келгенде 7-8 адам спирттик ичимдик ичип, өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин жүргүзүп жаткан экен. Милиция кызматкерлери өздөрүнүн күбөлүктөрүн көрсөтүп, алардан мыйзамсыз иштерди токтотууну талап кылган учурда бирөө ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш бөлүмүнүн оперативдүү кызматчысын тааный калып, милицияларды сабаганга, аларга каршы мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүүгө чакырган.

"Аргасыз атылган ок"

Ахмедов пансионаттын барында отурган 7-8 бала милицияга акаарат келтирип, алардын мыйзамдуу талаптарынан баш тарткандан улам чатак пляждык аймакка чыгып кеткенин билдирүүдө.

Тартип коргоо кызматкерлери өздөрүнүн өмүрүн сактап калуу үчүн жана күтүлбөгөн кылмыштарды алдын алуу максатында курал колдонууга аргасыз болушканын ырасташууда. Натыйжада Бостери айылынын эки тургуну октон жараат алып, ооруканага жаткырылды.

- Бул окуя боюнча ИИМдин ички коопсуздук кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Алгачкы маалыматтардан улам Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан эч кандай мыйзам же кызматтык тартипти бузган учурлар такталган эмес.

Курал колдонуу учурунда милиция кызматкерлери мас болгон эмес. Муну далилдөөчү керектүү токтомдор бар. Бул окуя боюнча Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш кодексинин 234-305-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмыш иштин алкагында бир топ экспертизалар дайындалган.


Окуя болгон жайга 40тай адам чогулуп, милиция кызматкерлери да токмоктолгон. Алардын бирөөсүн чогулгандар арматура менен сабаган. Экинчиси да денесинен жараат алган. Мындан сырткары Ысык-Көл райондук Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси жана аймактык тескөөчү жараат алган.

Ар кимдин өз чындыгы бар

4-июлда кечке маал Бостериде чогулган 300-400дөй адам Балыкчы-Каракол жолун тосуп, ок чыгарды деген милицияларды берүүнү талап кылышкан.

Бостериликтер бүгүн эртең менен кайрадан чогулуп, жаңжалды ырбатпоону чечишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көлдөгү Бостери айылынын тургуну, аймактагы акыйкатчынын өкүлүнүн кеңешчиси Чынара Молдошева билдирди. Ал жергиликтүү балдар да, милиция кызматкерлери да мас болушканын айтууда.

- Бул окуяга катышкандар мас экен. “Сенин пляжың, менин пляжым” деп талашып уруша кетишет. Милиция кызматкери жергиликтүү эмес, сырттан келиптир. Анын бирөө мас экен. Ал беркинисин бутка атып, өзү скутерге отуруп, качып кеткен. Жергиликтүү балдар “эмнеге сырттан келип, анан бизди атышат” деп ызаланып милициянын бөлүмүнө келишиптир. Аймактык милиция тынчытайын деп барса аны кошо сабап салышыптыр. Бүгүн аксакал, көксакалдар, айыл жетекчилери чогулуп тынчтык келишимине жетишип, экөө тең мас болгон соң жазаларын өздөрү тартсын, жалпы элдин убалына калбай деп тынчтандырышты. Азыр абал тынч. Бирок милиция кызматкерлери жазасын алыш керек. "Биз погон тагынып жүрөбүз" деп эле карапайым элге ок чыгарбаш керек болчу.

Ал эми Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын дарыгери Амантур Торготов ок жеген эки баланын абалы оор, бирок туруктуу экенин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, алар операция жасоо үчүн Бишкекке жөнөтүлдү.

Окуяны комиссия иликтейт

Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев окуяны иликтөө боюнча айыл аксакалдары, активисттер жана прокуратура, милиция кызматкерлеринен турган комиссия түзүлгөнүн “Азаттыкка” окуя болгон жерден кабарлады. Ал эми жараат алгандар пансионатта мыйзамсыз акча өндүрүп жатат деп шектелгендерби же башкаларбы - муну тергөө аныктап чыгат.

XS
SM
MD
LG