"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитети Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилик жана консулдуктарынын ишмердүүлүгүн, мигранттарга жасаган мамилелерин талкуулады.
Кыргыз эл акыны, Казакстандагы мурдагы кыргыз элчиси Акбар Рыскулов чек ара маселелерин чечүүдө элдик дипломатиянын үлгүлөрүн колдонуу зарыл деп эсептейт.
АКШ президенти Барак Обаманын Араб дүйнөсүндөгү окуялар тууралуу билдирүүсү кыргызстандыктар арасында да түрдүү пикирлерди жаратты.
Ысык-Көлдө кыз ала качууга каршы акция өтүп, анда ала качып кеткенден кийин өз жанын кыйган эки кыз эскерилди. “Арай көз чарай” талкуусу ала качуу темасына арналды.
Бишкектеги №1 убактылуу кармоо жайында өмүр бою эркинен ажыратылган эки соттолуучу 11-майдан тарта ачкачылык жарыялоодо.
Бишкек шаарында 2010-жылы мектептеги каракчылык боюнча 9 факт катталса, быйыл төрт айдын ичинде алардын саны 39га жетти.
Оштон серепчи Руслан Ташанов “Азаттыкка” маек куруп, тартип коргоо кызматкерлеринин көчөлөрдө арбын жүрүшү элдин бийликке болгон ишенимин жаратууда дейт.
Бишкекте 136 адам кенеге чактырып алып, жардам сурап кайрылган. Бишкек шаардык мите курттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Жыпара Ашакеева “Азаттыкка” маек курду.
Өлкө башчысы Роза Отунбаева укук коргоочулар менен жолугушту. “Азаттыктын” суроолоруна "Эркиндик үнү" уюмунун башчысы Сардар Багышбеков жооп берди.
Бүгүн - Конституция күнү. “Азаттыктын” суроолоруна саясатчы жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев жооп берди.
“Фабула” гезитинин баш редактору Эрнис Балбаков сөз эркиндиги жана журналисттердин жоопкерчилиги тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
Окумуштуу жана коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов түштүктөгү коогалаңды иликтеген эл аралык комиссиянын корутундусу тууралуу пикирлерин ортого салды
Драматург, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев июнь коогалаңынын тегерегинде “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
Журналист Кыяз Молдокасымов “Азаттыкка” курган маегинде кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин белгиледи.
Жогорку Кеңештин депутаты, Коопсуздук жана коргонуу боюнча комитетинин төрага орун басары Кенжебек Бокоев чек ара маселеси боюнча маек курду.
Кыргызстан ислам кыймылы деген уюм түзүлгөнүн, анын максаты өлкөгө бүлүк салуу экенин УКМК төрагасы 29-апрелде парламентте жар салды.
Чүй менен Таластан келген миңден ашуун кызылчачылар сырттан ташылган шекерге бажы төлөмүн алып салган өкмөт чечимине каршы нааразылыкка чыкты.
Жергиликтүү сейсмологдор бир топ убактан бери эле Кыргызстанда күчү 5-8 баллга жеткен жер титирөө болушу ыктымалдыгын кулак кагыш кылып келет. Мындай шартта айылдардагы, айрыкча Бишкектин жака-белиндеги жаңы конуштардагы үйлөрдүн 60-70% туруштук бербей, кулап калышы мүмкүн экенин адистер белгилешүүдө.
Саламаттыкты сактоо министрлиги кош бойлуу аялдарга төрөт алдында 300 сомдон акы төлөө боюнча токтом даярдоодо.
Жогорку Кеңеш КТРК тууралуу мыйзамды биринчи окууда кабыл алып, анын Байкоочу кеңешин таратуу-таратпоону токтом менен чече турган болду.
Дагы жүктөңүз