Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Мамбеталиев: Баяндамаларда кырдаалга таасир этчү күчү жок


Human Rights Watch, Эл аралык мунапыс уюмдарынын жаңы баяндамасы туурасында саясий серепчи Аскарбек Мамбеталиев ой бөлүштү.

- Human Rights Watch, Эл аралык мунапыс уюмдары өздөрүнүн баяндамасын бир убакта жарыялашты. Экөө тең Кыргызстанда кыйноолор көп экенин, кээ бир адамдардын сот адилеттүүлүгүнө болгон укуктарынын көп бузулуп жатканын белгилешкен. Бул коомдогу кырдаалга кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

- Мындай уюмдар дүйнө жүзүндө абдан көп да. Бул эки уюм ошолордун аз гана бөлүгүн түзөт. Ал эми жылдыкка карата жасаган отчету мыйзам ченемдүү эле көрүнүш, бул алардын иши. Ошондуктан аны өтө эле эмоция менен кабыл алуу туура эмес деп ойлойм.

- Кыргызстандагы айрым жаштар уюмдары жылдыктын алдында ар кандай отчеттордун кереги жок деген билдирүүлөрү менен чыгышты. Чын эле отчеттор кырдаалды өзгөртүп жибериши мүмкүнбү?

- Кыргызстанга эмес, балким өкмөткө каршы, өкмөттү сындоо иретинде жазылышы мүмкүн. Азыр “Амнести интернешнл” уюмунун 50 жылдыгы болгону жатат. Булар Азербайжан, Израил өкмөтүнө жана башка дагы көптөгөн өлкөнүн өкмөттөрүнө каршы чыгып, каяша айтып жүргөн укук коргоочу уюм болуп эсептелет. Андыктан алардын баяндамасын атайын Кыргызстанга каяша айтып атат деген туура эмес. Булар өкмөткө каяша айтышы мүмкүн.

- Ошол эле учурда айрымдар эл аралык мындай уюмдардын бир убакта баяндамасын чыгарышын Кыргызстанга жасалган кысымы катары да баалап атышат. Сиздин оюнуз кандай?

- Кырдаалдын курчушу бул баяндамалардан эмес башка чагымчыл нерселердин негизинде болушу мүмкүн. Анткени алардын баяндамасында кырдаалга таасир этчү чоң күч жок деп эсептейм.

- Улут аралык жаңжалды бир катар комиссиялар иликтеп, кыргыз бийлигине ондогон сунуштарды берди. Эми аны кыргыз бийлиги кантип ишке ашырыш керек?

- Өкмөт күнөөлүүлөрдү таап, калыс, туура жазаламайынча өкмөт күнөөлүү бойдон кала берет. Азыр өкмөт токтотуп, жымсалдап болду-болду, жарашкыла, унуткула эми деген тактика жасаса туура эмес. Ал баары бир бир күнү кайрадан калкып чыгат. Эгер өкмөт таппаса сөзсүз бул алардын мойнунда калат. Андыктан күнөөлүүлөрдү табыш керек, жазалаш керек ошондо гана элдин көкшөнү сууйт жана адилеттүүлүк ордуна келет.

- Президент Роза Отунбаева Европага жасаган сапары учурунда Араб өлкөлөрүндө карапайым калкка ок атылса көнүл буруп, ал эми ошондой эле Кыргызстанда адамдарга ок атылганда унчукпай отуруп алдыңар дегендей сөз сүйлөбөдүбү. Бул кандайдыр бир тандап мамиле кылуу эмеспи?

- Жок, булар тандап эмес, бардыгына бирдей эле мамиле кылат. Мисалы “Амнести интернешнл” уюмунун сайтына жакында эле кирип карап көрдүм. Анда Кыргызстан жөнүндө сөз жок, ал жерде таптакыр башка нерселер биринчи орунда турат. Бул укук коргоочу уюм, алар ошентип жан багат. Кыргызстанда 3 млн. кыргыз болсо алардын идеологиялык жактан күчтүү 3 млн. колдоочусу бар. Ошондуктан муну кыргыздарга эле атайын кылып атат деген туура эмес. Алардын кыргыздар жөнүндө көңүлү анча деле чоң эмес.
XS
SM
MD
LG