- Июнь айындагы этностор аралык жаңжалга бир жыл толууда. Бирок эки улуттун ортосундагы ишеним дале калыбына келе элек дешет. Ушул чынбы?
- Өткөн окуяларга туура бир жыл толду. Бирок азыр да эки элдин ортосунда, айрыкча өзбек улутунун мамлекеттик бийликке, сот, прокуратура, тартип коргоо органдарына ишеними жок. Азыркыга чейин көпчүлүк адамдар көчөгө чыккандан коркушат.
Ошко караганда Жалал-Абадда абал жакшыраак, бирок ушул убакытта элди коркутуп, ойлондурган нерсе – милиция тарабынан жасалып аткан басым болуп атат.
- Эмне себептен ишеним жок?
- Бул жерде айтпасак деле эл билет. Июнь коогалаңынан кийин ондогон отчеттор болду. Ошонун ичинен Кыргыз бийлиги тарабынан түзүлгөн Улуттук комиссиянын, парламенттин, акыйкатчынын жана аткаминерлерге эң чоң сабак болгон эл аралык комиссиянын жыйынтыгы болду. Бул көпчүлүккө жаккан жок.
Азыр туурасын айтыш керек, эл экиге бөлүнүп калды. Коркунучтуусу - улутуна карап бөлүнүшү. Өзбектер башканы күтсө, кыргыздар башканы күткөн. Үйлөр күйдү, башка нерселер болду, соттор өтүп атат.
“Справедливость” уюму 42 ишти карап атабыз. Андан экөө кыргыз, дагы бир топ “Санпа” пахта заводундагы окуя боюнча кыргыздарды жактап атабыз. Калгандарынын баары өзбек улутуна тиешелүү.
- Бир топ жараштыруу иштери жүрдү. Бирок чындыгында эки тараптан тең эле жарашалы деген аракет болгон жок деген сөздөр да айтылып атат. Анын канчалык чындыгы бар?
- Бул туура. Биз да башка бейөкмөт уюмдар менен бирге жараштыруу, ортомчулук маселелери боюнча бир топ иштерди жасап жатабыз. Эл аралык уюмдар да салымын кошкон, Жалал-Абад, Ошто эл арасына аралашып кетүү үчүн эмне кылыш керек, эмнеге көңүл буруш керек деген көптөгөн тренингдер болду.
Негизи жарашуу үчүн жалпы баалуулуктарга көңүл буруш керек. Ал баалуулук – ислам. Кыргыз да, өзбек да өзүн мусулман деп айтат. Ошондуктан Курандагы сабырдуулук, достук туурасында аят, хадистерден алып баракча чыгарганбыз, элге жакты. Каражат болсо муну кайрадан чыгарууну эл суранып атат.
- 20 жылдан кийин окуя кайра кайталанды. Эми дагы кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуз?
- Биринчиден, эл түшүнүш керек. Эл муну ким кылганын, эмне кылганын түшүнүп бүттү. Эч кандай биринчи, экинчи жана үчүнчү күч жок. Ошонун баары саясатчылар. Алар биринчи кезекте кыргыз болобу, өзбек болобу, жөөт, орус болобу Кыргызстандын эли деп түшүнүш керек. Бардыгына бир көз менен караш керек.