Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

Бакетаев: Коррупция сотту жейби же сот корруцияныбы - белгисиз


Сот системасын реформалоо багытында “Азаттыктын” суроолоруна Коррупцияны алдын алуу боюнча агенттиктин мурдагы аппарат жетекчиси Бакыт Бакетаев жооп берди.

- Дүйнөлүк банк өзүнүн иликтөөсүн жүргүзүп, Кыргызстанда сот системасы начар абалда экендигин жана ал реформага муктаж экенин белгиледи. Азыр сот системасын жакшыртуу, андагы коррупцияны жоюу багытында бир топ мыйзамдар иштелип аткан экен. Кандай реформа жасаш керек?

- Адегенде бийликтегилердин, президент, өкмөт, Жогорку Кеңештин эрки керек. Бирок коррупция менен күрөшүш үчүн системалык жалпы концепция иштелип чыгылыш керек. Азыр ар бир министрлик өзүнчө реформа жасайм деп чар-жайыт болуп атат. Мисалы, жерди айдаганда кайсы жерине суу агаарын билиш керек. Ар бир министрлик өзүнчө жээк салып атпайбы.

Сот тармагы боюнча эң алгач жаза-процессуалдык кодексти өзгөртүш керек. Анткени кандай гана таза сотторду шайлаганыбыз менен баягы эле жаза кодексине барып такалып атпайбы.

Кодексте бири-бирине каршы келген беренелер бар. Соттор ошолорго такалып, ошолор менен ойноп атпайбы. Айлык көтөрүлүш керек деген сунуштар айтылууда. Ошондуктан айлыкты көтөргөндөн мурда ЖКда нормаларды кайрадан карап, ырааттаса соттор беренелер менен өздөрү каалаганча ойной албайт.

- Депутаттар ушул багытта мыкты мыйзамдар кабыл алынып атканын атышат. Мыйзамдар кабыл алынса эле реформа болуп калабы?

- Мисалы, Эшматов ылайдын ичинде жүрөт деп коёлу. Аны ылай менен кошо тазалап алып чыгыш керек. Эгер Эшматовду сен ылайсың деп алып чыгып, таптаза Ташматовду ошол ылайга түртүп жиберсек ал деле ылай болуп калат да. Ошондуктан эң негизгиси антикоррупциялык экспертиза өткөрүп, жаза кодексти жана башка мыйзамдарды эл аралык нормаларга ылайыкташтырып жасаш керек. Азыр эми эл аралык эксперттер байкап жылмайып атпайбы?

- Иликтөөлөр Кыргызстанда ар бир бешинчи адам сотко ишенбей турганын аныктаган экен. Ал эми соттор болсо иштөөгө шарт түзүү керектигин айтып атышат. Сотторго кандай шарттар түзүлүш керек?

- Мамлекетте үч бутак: мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги бир деңгээлде болуш керек. Соттор бийлиги жаңы Конституцияда четте болуп калган. Бул жерден ката кетип калган. Ошондуктан ушул Баш мыйзамдын ичинде сот системасын канчалык реформа жүргүзбөйлү эл аралык стандартка жеткире албайбыз, бирок аракет жасай бериш керек.

Колдон келе турган нерсе – Жогорку Кеңештин алдында Акыйкатчы институтуна окшогон коррупцияны алдын алып, координация кыла турган жаңы орган түзүш керек. Антпесе бул “согушта” утулабыз. Буга ЖК да багыт берип, колдош керек.

Азыр өкмөт бардык мекемелерде байкоочу кеңештерди түзүп атат. Бул Аяз атаны кийиндирип, момпосуй алып келет дегендей эле болуп атат.

XS
SM
MD
LG