"Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.
Жумуштун табылышына жараша кең Москвада көчүп-конуп жашаган мигранттар үчүн эң көйгөйлүү нерсе – батир маселеси.
Орусиялык басма сөз каражаттарында жарык көргөн Борбор Азия тууралуу жаңылыктарга сереп.
Орусия Британиянын Евробиримдиктен чыгышын кубаттоо менен кабыл алды. Өлкөнүн көрүнүктүү саясатчылары, мамлекеттик чиновниктери жана журналисттери британиялыктардын 52 пайызы 23-июндагы референдумда Евробиримдиктен чыгуу үчүн добуш беришкенин Европанын ыдырап баштаганы жана АКШнын таасиринин басаңдашы катары сыпаттады.
Москвада кыргызстандык мигранттарга ылайыкталган ондон ашуун медициналык борборлор иштейт. Медициналык борборлордун кээ биринде адам өмүрүнө коркунуч туудурган мыйзамсыз операциялар жасалары айтылып келет.
Москва: эгиз баласы менен көчөдө калган келин
Жума ичиндеги орусиялык маалымдоо каражаттарында Казакстанда чет жакка кеткен жарандар көбөйгөнү, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке сунушу, Тажикстанда ири мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү башталганы баяндалды.
Кыргызстандык Марат Жуманалиев учурда украиналык мушкер Владимир Кличконун рингдеги спарринг - өнөгү. Белгилүү спортчу Маратты алдыдагы чоң таймашка даярдануу үчүн рингде бирге машыгууга өзү чакырган.
Москвада үй шартында бала багып берүү кадыресе көрүнүшкө айланган. Он жылдан ашуун Мегаполисте жашаган Махабат Мамбетөмүрова бир айдан бери бир айлык ымыркайды бир жарым жашар уулуна кошуп багууда. Ошону менен бирге балдарын мектепке киргизүү да мигранттар үчүн чоң көйгөйгө айланган.
Орусияда күнүмдүк тиричилик үчүн өз өмүрүн, ден соолугун тобокелге салып, кооптуу жумушта эч кандай кепилдиксиз иштеген кыргызстандыктар арбын.
10 -15 жыл мурун миграцияга кеткен жарандардын биринчи толкуну Кыргызстанга кайтып, аларды пенсия менен камсыз кылуу маселеси баш ооруга айланды. Ошол эле маалда пенсия үчүн орус жарандыгын алган мигранттар да бар.
Орусиялык басмаларда акыркы жумада Борбор Азиядагы коопсуздук, Сирияда согушкан ЖККУ өлкөлөрүнүн жарандары, Казакстандагы жер тартыштыгы тууралуу макалалар жарык көрдү.
Кыргызстандык ишкерлер өндүргөн продукциясын акырындык менен Орусияга сатыкка алып чыгууда. Айрымдары орус базарына түз чыга албай, ортомчуларга кайрылууга мажбур.
“Данисте” берүүбүздө Москвадагы мекендештерибиздин турмушунан бир үзүм. Берүүбүздүн башкы каарманы – чет жерде самсы сатып, тиричилик кылган Созул эже.
Акыркы жума ичинде орусиялык маалымдоо каражаттары Казакстанда жергиликтүү калкка өз алдынча алтын өндүрүүгө уруксат берилгенин, Кытай Өзбекстанда металл түтүктөрүн чыгаруучу ишкана кура баштаганын жана Кыргызстан турак-жай менен автоунааларга салыкты көбөйтүүгө бел байлап турганын жазып чыкты.
Орусияда полициянын мигранттарды тоногону адатка айланды. Адистер бул көрүнүштүн күчөшүнө тартип сакчыларынын жазасыз калуусу себеп экенин айтышууда.
Кыргызстандын миграция кызматы Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана орус жергесиндеги кыргыз диаспоралары менен жолугушууларды өткөрүүдө.
Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттардын саны кескин көбөйгөнүнө карабастан, соңку кездери алардын Кыргызстанга салган акчасы азаюуда. Айрым мигранттар мурдагыдай үйүнө акча салбай, ишкерлик кылууга өтүүдө.
Орусияда сот органдарынын акыйкатсыздыгы мигранттардын массалык түрдө депортациялануусуна себеп болууда.
Москвада мекендеш кыз-келиндерди зордуктап, тоноого шектелген кыргызстандык жаран кармалды. Ал интернет сайттар аркылуу кыз-келиндерге жумуш сунуштап, кылтакка илингендерди ээн жерге ээрчитип барып зордуктап, баалуу буюмдарын тартып алып жүргөн.
Казакстанда медициналык кызмат көрсөтүү 18 пайызга кымбаттады, Кыргызстан Кытайга эшигин ачты, Евразиялык биримдикте соода-сатык 26 пайызга кыскарды.
Дагы жүктөңүз