"Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.
Орусияда миграциялык саясат өзгөрүп жаткан учурда өз алдынча адвокат жалдай албай же элчиликтен жетиштүү жардам албай оор кырдаалга туш келген кыргызстандыктар көп.
15 жаштагы Даниэл Лозакович скрипкада ойногон өзгөчө өнөрү менен дүйнөгө таанылган жаш талант. Даниэлдин апасы Алена Лозакович Бишкекте туулуп-өскөн.
Орусияда Федералдык миграция кызматы жоюлуп, чет элдик жарандар менен иш жүргүзүү Ички иштер министрлигине өткөрүлдү. Мекемелер аралык мындай өзгөрүүдөн кийин мигранттарды текшерүүлөр күчөп, депортациялоолор көбөйгөнүн Орусияда эмгектенген чет элдик жарандар жана укук коргоочулар белгилешүүдө.
Москвадагы допингге каршы борбордун мурунку башчысы Григорий Родченков эки жыл мурунку Сочи олимпиадасында Орусиянын ондогон спортчулары допинг колдонгонун айтып чыкты.
Түркмөнстанда жаңы газ кору ачылды, Казакстан бюджетин карыз алуу менен толтурууда, Кыргызстандын тышкы карызы 60 пайыздык тосмодон өттү. Жума ичинде орусиялык ММКда мына ушул борбор азиялык темалар чагылдырылды.
Дүйшөмбүдө Кыргызстан менен Тажикстандан өндүрүлгөн энергияны Ооганстан жана Пакистанга чыгарууга жол ачкан CASA-1000 долбоорунун ачылышы болду.
Орусияда оппозиционер саясатчы жана миллиардер Михаил Прохоровго таандык ири РБК медиахолдингине карата көз боёмочулук беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, жетекчилиги суракка алынып, салык төлөмдөрү текшерилүүдө.
11-майда Дүйшөмбүдөгү жабык сотто Башкы прокуратура "Ислам кайра жаралуу" партиясынын 13 мүчөсүнүн жана төрт лидеринин күнөөлөрү толук далилденгенин айтып, аларга эң жогорку жаза берүүнү сурады.
Былтыр Өзбекстан 13 миллион тонна жашылча, 6 миллион тонна мөмө-жемиш өстүрүп, анын 4,5 миллион тоннасын Орусияда саткан.
Прага шаарында өтүп жаткан Prague Design Week деп аталган дизайн көргөзмөсүнө кыргызстандык Салтанат Керезова дагы катышууда. Чехиянын борбору Прагадагы Техникалык университеттин архитектура бөлүмүндө билим алган Салтанат көргөзмөгө жыгачтан жасалган шам чырактарды койгон.
Орусия космостук кемесин өз жеринен учура баштады. Быйылкы Жеңиш күнү жупуну белгиленет. Тажикстанда коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө.
Өзбекстан Орусиянын жашылча-жемиш базарын ээлөөнү көздөөдө. Казакстан жарандарын Крымда эс алуудан баш тартууга чакырды, Орусияда полиция кызматкерлери Борбор Азиядан барган мигранттарды зордоп ишембиликке чыгарганы айтылууда.
22-апрелде Москвада Slava Zaitsev мода үйүндө өткөн дизайнер-модельерлердин сынагында кыргызстандык Аида Робертова Гран-при сыйлыгына ээ болду.
Орусия Ысык-Көлдөгү туризмди өнүктүрүүгө акча берди, түркмөн президенти калкын спорт менен машыгууга үндөп жатат, Назарбаевдин Обамага берген белеги көпчүлүк көңүлүн бурду.
Өзбекстанда 260 чет элдик жаран антитеррордук операциянын жыйынтыгында өлкөдөн чыгарылды, Тажикстан Кытайдын коопсуздук боюнча жаңы саясий альянсына кошулду, ал эми Орусияда мигранттарды 10 миң рублдык медициналык камсыздандыруу сатып алууга мажбур кылчу мыйзам долбоору каралууда.
Москвада төрт жаштагы майып кызды мууздап өлтүрдү делген өзбекстандык келиндин окуясынан кийин бала багуучу болуп иштеген кыргызстандык кыз-келиндердин айрымдары жумушунан айрылган.
Орусиялык маалымдоо каражаттарында постсоветтик Борбор Азия темасы да чагылдырылат.
Москвада мекендештерин көчөдөн талап-тоноп, жашаган батирине чейин кирип барып карактаган кыргызстандыктардын уюшкан кылмыш топтору пайда болду.
Орусиянын маалымат каражаттары Казакстан латин арибине өтүүгө бел байлаганын,Түркмөнстан Орусиянын кош жарандык боюнча талабына көнбөй жатканын, ал эми Тажикстан АКШдан каржылык колдоо алганы тууралуу баяндайт.
Дагы жүктөңүз