"Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.
Борбор Азияда армиясынын кубаттуулугу боюнча Өзбекстан алдыда, Казакстан Кыргызстанга аскерий ок-дары жактан колдоо көрсөтөт...
Бейтааныш аялды өлүмдөн куткарып, Москвада гана эмес, бүт дүйнөгө өзүнүн эрдиги менен таанылган Марат Исаевди "Азаттыктын" кабарчысы кепке тартты. Марат окуянын чоо-жайын айтып берип, мындай жылдызга айланарын күтпөгөндүгүн моюнуна алды.
Өткөн жекшембиде Москвада бир кыргызстандык жаран бычак жеп каза тапса, экинчиси ооруканада оор абалда жатат.
Орусияда өздөрүн “патриот” деп атаган топтун колуна түшкөн кыргыз кыздардын дагы бир видеосу чыкты. Тасмада кыргыз жигиттер эки кызды суракка алып, алар эмне үчүн азербайжан улутундагы жигиттер менен кафеге келгенине жинденишкен. "Азаттык" бул тууралуу Москвадагы мигранттардын пикирин сурады.
Орусияда өздөрүн “патриот” деп атаган топтун колуна түшкөн кыргыз кыздардын дагы бир видеосу чыкты.
Москвалыктар социалдык тармактарда 11-февралда шаардык метродо талмасы кармап, рельске кулаган аялды куткарып калган полиция кызматкери Артем Королюк менен кыргызстандык Марат Исаевдин эрдигин кызуу талкуулоодо.
Казакстан Орусияга ижарага берген "Байкоңурдагы" айрым жерлерин кайтарып алат. Казакстан, Түркмөнстан аркылуу Кытай менен Иранды байланыштырчу темир жол ишке кирди. Өзбекстан мамлекеттик бюджетке кол салгандарды 12 жылга чейин камайт.
Елена аттуу москвалык орус келин ата-энеси баш тартып, Москвадагы төрөт үйүнө таштап кеткен Наргизаны багып алып, чоңойтуп жатат.
30-январда Москвадагы тигүүчү цехте өрттө каза болгон кыргызстандыктардын тек-жайын аныктоо боюнча ДНК экспертизалары аяктады.
Тажикстан мамлекеттик кызматкерлерге унаа сатып берүүнү токтотту, Орусия Кыргызстанга берген акчасынын эсеп-кысабын чыгара баштады, Өзбекстан Казакстанды туурап темир жолдорун жаап алды.
Москвада өрттөнгөн цехтен төрт адам тирүү калган. Алардын экөө Кыргызстандын атуулу, бирөө орус жарандыгын алган кыргыз, төртүнчүсү - өзбек жараны.
Орусияда иштеп жүргөн кыргыз уландарынын арасынан эр уруштун түрлөрү боюнча чемпиондор чыгууда. Өткөн жылы Москвадагы кыргыздардын “Айкөл Манас” спорт клубунун тарбиялануучулары самбо жана кармаштан эл аралык деңгээлдеги үч чемпиондукту жеңишкен.
Орусиядагы борборазиялык мигранттар мекенине кайтышууда. Кытай ишкерлери Казакстандын мамлекеттик ишканаларына кызыгууда. Ташкенде америкалык "Боинг" учактарын ремонттоочу борбор ачылды. Түркмөн бийлиги Москва менен соодалашууда.
Орусияда кыргызстандык мигранттар саясий активдүүлүккө тартылууда. Улуттук- боштондук кыймылы деп аталган саясий уюмда кыргыз бөлүмү пайда болду.
"Газпром" түркмөн газынан баш тартты. Казакстан Кытайга эт сатмакчы. Тажикстанда сакалчандарга каршы күрөш уланууда.
Москванын четиндеги мигранттарды убактылуу кармоочу жайда 60тан ашуун кыргызстандык бар. Алардын айрымдары сот чечимин эки жылдан бери күтүп келатат.
Бул жумада орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарында Борбор Азия темасы арбын чагылдырылды.
Казакстанда орусиялык телеканалдарга чектөө киргизилүүдө, Беларус менен Кыргызстан Орусияга контрабандалык жол менен тамеки ташуу боюнча алдыда, Испания Өзбекстанда жер семирткичтерди өндүрүүчү завод курат. Орусиянын маалымдоо каражаттарында жарык көргөн Борбор Азия темалары.
Тажикстан акча алмаштыруучу жайларды толук жапты, Казакстан болсо мамлекеттик ишканалардын бардыгын менчиктештирүүнү көздөөдө.
Орусияда террордук коркунучтардын алдын алуу максатында коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Андай коркунуч жаратат деген шектүү катмар катары Борбор Азиядан келген мигранттар кысымга кабылууда.
Дагы жүктөңүз