Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште билдирүү жасап, айрым депутаттардын суроолоруна жооп берди. Ал бир ай мурун парламентте өлкө биримдигине шек келтирчү аракеттер болгонун белгилеп, мындан ары буга жол бербөөгө чакырды.
Камактагы журналист Махабат Тажибек кызына карата чыккан өкүмдөрдү Жогорку сот жокко чыгарды. Ишти райондук сотко кайра кароого жөнөтүлдү.
Жогорку сот Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт айт десе" редакцияларын экстремисттик деп тапкан буга чейинки инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.
Кыргыз бийлиги укук коргоо органдарында башталган реформалардын алкагында жарандык активисттерге, журналисттерге жана бизнес өкүлдөрүнө болгон мамиле кайра каралып чыгарын билдирди.
Тегеран соңку бир жумадан берки эң ири аба чабуулуна туш болду. АКШ президенти Трамп Ирандын жаңы лидерин шайлоого катышууну каалай турганын айтты. Абактан тик учак менен чыккан Даниел Ажиев кайра кармалды. Кыргызстанда июлдан тартып үч жашка чейинки балдарга ай сайын 1200 сомдон жөлөк пул берилет.
Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигинин тапшырмасы менен абактагы акын Аскат Жетиген айып изоляторунан чыкты. Ал мунун алдында түрмөдө кыйноого кабылганын билдирген.
Абакта жаткан журналист Махабат Тажибек кызынын иши Жогорку сотто 5-мартта каралмай болду. 3-мартта судьялардын бири ооруп калгандыктан отурум жылдырылды.
АКШ менен Израилдин соккусу жана Ирандын жооптуу аракеттеринен кийин кырдаал курч бойдон калууда. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын дүйнөгө жана Борбор Азияга таасири кандай болот?
Украинадагы согуштун төрт жылдыгы Бишкекте Киевди колдоо акциялары менен коштолду. Кыргыз бийлиги Орусия Украинага басып кирип, согуш ачкандан бери бейтарап турумду карманарын билдирген.
Парламентте бир катар өзгөрүүлөр болууда. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу мандатын тапшырса, айрым депутаттык топ жана комитет төрагалары алмашты. Айрымдар муну парламентти УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин таасиринен тазалоо аракети катары сыпаттап жатышат.
УКМКнын жаңы жетекчилигине бизнести коргоо, ишкерлерди ыксыз текшерүүнү токтотуу боюнча талаптар парламентте айтылды. Буга удаа эле президент Садыр Жапаров да инвесторлорду чочуткан укук коргоо кызматкерлерине аёо болбой турганын эскертти. Бул жагдайлар алдыда кандай болуп өзгөрөт?
Быйыл президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу 75 адам кол койгон, ушул апта башында жарыяланган кайрылууга байланыштуу милиция кылмыш ишин козгоду.
Бишкек мэриясынын баш калаанын Профсоюз көчөсүн дагы 8,5 чакырымга узартуу планы талаш-талкуу менен коштолууда. Же төрт үй, же көрүстөндүн кайсы бир бөлүгү сүрдүрүлүшү мүмкүн экени айтылган. 1-февралда ал жерге мэрия жетекчилиги барып, чогулган жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.
Жогорку Кеңештин депутаты Бишкектеги Энвер Гареев атындагы ботаникалык бакка футбол аянтчаларын курууга тыюу салууга чакырды. Мунун алдында Ботаникалык бакка президенттин иш башкармалыгы кичи футбол аянтчаларын курары кабарланган.
Ата мекендик өндүрүштөгү “BELES” аттуу автобусту чыгарам деген ишкер Мирбек Аскалиев өлкө башчысына кайрылды. Ал президенттин “сыноо үчүн 10 автобус алабыз” деген сөзүн мамлекеттик органдар аткарбаганын айтып чыкты.
Бишкекте "Тазалык" ишканасынын үч жумушчусу каналга чөгүп кетти. Путиндин резиденциясына жасалган чабуул аракетине жооп катары Москва тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү өз позициясын катаалдатарын билдирди. Жибек Урустемованын өлүмүнө байланыштуу иште эки милиция кызматкери камалды.
Жибек Урустемованын өлүмүнө байланыштуу иште эки милиция кызматкери камалды. Алар маркумдун "коргоо ордерине" жана кылмышка шектүү алып жүргөн тапанчага байланыштуу жагдайлардан улам кармалды.
Президент Садыр Жапаров мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди Кыргыз эл баатыры наамынан, сыйлыктарынан ажыратты. Президенттин администрациясы муну сот өкүмүн аткаруу деп негиздесе, айрымдар саясий чечим деп атап жатышат.
Бишкекте төртүнчү Элдик курултайга 700дөй делегат катышууда. Бул жолу көйгөйлөрдү айткандар менен кошо бийликтин дарегине мактоо жолдогондор басымдуу болууда. Курултайда президент Садыр Жапаров сүйлөп, аялдар менен балдарды коргоо маселесине токтолду.
Бишкекте күйөөсүнүн колунан дагы бир аял каза тапкан окуя коомчулукту кайрадан нес кылды. Жубайлар ажырашкандан кийин күйөөсү аялын тапанча менен атып салган деп шектелүүдө. Укук коргоочулар өлкөдө аялдарга зордук-зомбулук токтобой жатканын айтып, бийликти көңүл бурууга чакырууда.
Дагы жүктөңүз