"Азаттык" радиосунун журналисти жана алып баруучусу. Сезимтал журналистика, кесиптик этика боюнча адис.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынганына бүгүн 21 жыл толду. 1993-жылы 350 депутаттан турган легендарлуу парламент эгемендүү Кыргызстандын Конституциясын кабыл алгандан бери Баш мыйзам бир канча жолу өзгөрүүлөргө тушукту.
Кадамжай шаарынын тургуну Абидин Авазов анын 3-класста окуган кызы Танзилияны жоолук оронуп жүргөнү үчүн мугалимдери мектепке киргизбей койгонун айтып, журналисттерге кайрылды.
Муфтият жарандарды Сирияга барбоого үндөй баштады. Атайын кайрылуу кабыл алынып, мечит-медреселерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кыргызстанда 7-13-апрель күндөр аралыгында “Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы” өтөт. Бул аралыкта ыктыярчылар жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү муктаждарга жардам берүү, ишембилик сыяктуу иш-чараларды уюштурууда.
Ош шаарында 2-апрель күнү эл аралык “Фридом хаус” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурган жыйын жергиликтүү активисттердин каршылыгынан улам өтпөй калды.
Өзбекстандагы кыргыз эксклавы - Барак айылында эки жыл ичинде 153 кожолуктан 35 эле түтүн калды.
Кыргызстандын бардык аймактарында Нооруз майрамы белгиленди. Бишкектеги салтанатка өлкө жетекчилеринин эч кимиси келбей коюшун туура көрбөгөндөр да бар.
Талас районундагы акыл-эси жетилбей калган балдардын жатак мектебине окуучуларды кабыл алууга жана кайра чыгарууга байланыштуу айрым ата-энелер менен мектеп жетекчилиги араздашып жатат.
КМШ мамлекеттериндеги орус тилдүүлөргө Орусиянын жарандыгын берүүнү жеңилдетүү боюнча федералдык миграция кызматынын мыйзам долбоорун орус өкмөтүнүн атайын комиссиясы жактырды.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары такталбаган маалымат тараткан журналисттерди эркинен ажыратуу демилгесин кайрадан көтөрүп чыкты.
Таластагы акыл-эси жетилбей калган балдардын мектеп-интернатынын директору Кенжалы Орозалиев мурда иштеген он чакты мугалим менен соттошууда.
ОшТВнын түптөөчүсү Халилжан Худайбердиев телеканалдын айланасындагы азыркы окуялар жана мекемени өзүнө кайтарып алуу аракеттери тууралуу ой бөлүштү.
Кыргызстандык эркектердин тең жарымынын саламаттыгы жайында эмес. Өлкөдөгү ар бир бешинчи эркек жыныстык алсыздык менен алпурушууда. Мырзалардын ден соолугун изилдеген адистердин тыянагы ушундай.
Кыргызстандык дарыгерлер алгачкы жолу жыныс алмаштыруу операциясын жасады. Бишкектеги Улуттук госпиталда өзбекстандык 25 жаштагы жигит кызга айланды.
Тажикстандык саясий серепчи Парвиз Мулложонов кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай жана 27-январь күнү “Манас” аба майданында тажик жарандарынын Кыргызстанга киришине уруксат берилбей, кармалып турушу боюнча “Азаттыкка” маек берди.
Калың карга байланыштуу Жалал-Абаддагы Чаткал районун өлкөнүн башка аймактары менен байланыштырган жолдору эки күндөн бери жабык турат.
Эл аралык Freedom House уюму чыгарган быйылкы отчетко ылайык, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде бир гана Кыргызстан жарым-жартылай эркин мамлекеттердин катарына кирди.
Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандар менен байланышкан мыйзам бузуулардын саны өстү. Кылмыш иштери көбүнчө чек арадагы аткезчилик жана талап-тоноочулукка байланыштуу болууда.
Алкоголдук продукцияга акциздик марканын баасынын өсүшү – арак чыгаруучу ишканалардын продукциясынын бир бөлүгүнүн көмүскөдө калышына себеп болуп, спирт ичимдиктеринин мыйзамсыз көлөмүн жогорулатты.
Кыргызстанда адам укуктарын сактоо багытында аракеттер жүрүп жатканы менен кыйноо, этникалык жана сексуалдык азчылыктардын укуктарынын бузулушу негизги көйгөй бойдон калууда.
Дагы жүктөңүз