"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
“Ошэлектр” ишканасы “Спецэнергострой” фирмасынан 2 миллион сомдон ашык акчасын алты жылдан бери өндүрө албай жатканын, укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоодон баш тартып келгенин айтып чыкты. Бул фирма 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин дайынын чыгарбай кеткен.
Жогорку Кеңеш "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорду бүгүн, 16-июнда шашылыш караганга аракет кылып, бирок кийин аны бир жума артка калтырды.
Момбеков: Мыйзам сөз эркиндигин чектейт
"Бийликти күч менен басып алууга камынган" деген берене менен козголгон кылмыш иштеги “Кумтөргө” байланыштуу жаңы жагдай боюнча УКМК Дастан Сарыгуловду камакка алды.
Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарында мурунку көмүр базанын үч гектарга жакын жери үчүн эки ишкана соттошууда.
Башкы прокуратура Санпа окуясы боюнча айыпталган Шамшидин Ниязалиевди бошотуп жиберген Жалал-Абад облустук сотунун мурунку үч судьясына кылмыш ишин козгоду.
Кыргызстанда жума намаз үчүн түшкү тыныгууну эки саатка чейин узартуу демилгесинин айынан Аалымдар кеңешинин мүчөсү, экс-муфтий Чубак ажы Жалилов менен депутат Жанар Акаев кайым айтышты.
КМШнын өкмөт башчыларынын Бишкектеги саммитинде уюмду реформалоо тууралуу сөз болду. Аны Кыргызстан да колдоду.
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев 6-июнда Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Президент Алмазбек Атамбаев Медведевди кабыл алып “Данакер” ордени менен сыйлады.
Президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчыларынын жооптуу кызматка дайындалып жатышы коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратты.
1-июнда Жогорку Кеңеш ички иштер министрине Кашкар Жунушалиевдин талапкерлигин колдоду. Эки күн мурун Мелис Турганбаев күтүүсүз отставкага кеткенден кийин анын ордуна президент Атамбаев Жунушалиевди дароо көрсөткөн эле.
Кыргызстанда “Табарак” диний кайрымдуулук фонддун башчысы, Кувейттин жараны Абдулла Фалех Жабирге түспөлдөш адамдын акчага кыздар менен убактылуу нике кыюу тууралуу сүйлөшкөн аудиотасмасы жарыяланды.
Президент Алмазбек Атамбаев 30-майда ички иштер министринин отставкасын кабыл алды. Турганбаевдин күтүүсүз кызматтан кетиши коомчулукта түрдүү ойлорду жаратты.
Кыргызстан Кытайга айрым ашыкча өнөр жай ишканаларын Ала-Тоого которуп келүүнү сунуштады.
Жалал-Абад аскер прокуратурасы Кара-Көл шаарындагы Улуттук гвардияга караштуу бөлүктөгү жоокердин өлүмү боюнча кылмыш ишти тергеп-иликтеп жатат.
Жалл-Абад аскер прокуратурасы Кара-Көл шаарындагы Улуттук гвардияга караштуу 718-бөлүктөгү жоокердин өлүмү боюнча кылмыш ишти тергеп-иликтеп жатат. Башкы штаб ушул айдын башында эки аскер тамашалашып кармаша кетип бири экинчисин кокусунан өлтүрүп алды деп кабарлаган болчу. Бирок өлгөн жоокердин жана
Бишкек шаардык милициясы №27 мектепте “мугалим окуучу кызды тынымсыз кемсинте берип өз жанын кыюуга жеткирген” деген арызды териштирип жатат.
Атайын кызматтын өкүлдөрүнүн бири террордук чабуул болушу ыктымалдыгын, айрыкча Орусиянын Канттагы аскерий базасы биринчи бутага алынышы мүмкүндүгүн эскертти.
Келерки жылы өтчү президенттик шайлоону утурлай саясатчылардын, саясий күчтөрдүн биригүү тууралуу сүйлөшүүлөрү жанданды. Ушул тушта Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен мурунку премьер-министр Темир Сариевдин биригиши ыктымал экендиги айтылууда.
12-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кармаган “Элдик парламент” коомдук бирикмесинин лидери Бекболот Талгарбековдун, мүчөлөрү Марат Султанов менен Төрөбай Колубаевдин баш коргоо чарасын сот карай элек.
Дагы жүктөңүз