Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Күч кызматтары террордук чабуул болушу ыктымалдыгын эскертет


Канттагы база
Канттагы база

Чүй облусунда жергиликтүү эл менен жолугушуулардын биринде атайын кызматтын өкүлдөрүнүн бири террордук чабуул болушу ыктымалдыгын, айрыкча Канттагы Орусиянын аскерий базасы биринчи бутага алынышы мүмкүндүгүн эскертти.

Бир катар эксперттердин баамында, “Ислам мамлекети” террордук уюму соңку кездери Борбор Азияга кызыгуусун күчөттү жана азгыруу ыкма, айла-амалдарын өзгөртө баштады.

Күч органдарынын эсебинде, ушул тушта Чүй облусунан Сирияга кеткен жарандардын саны 60тан ашты. Арасында үй-бүлөсүн, бала-чакасын кошо ээрчите кеткендер бар.

Облустук казы Максат Укуев мындан улам аймакта радикализмди алдын алуу, түшүндүрүү иштери тынымсыз жүрүп жатканын айтып берди:

- Чүй облусунда 370 имам бар. Бардык жерге сабаттуу имамдарды коюп, алардын билим деңгээлин жогорулатып, бир айлык, эки жумалык кыска мөөнөттөгү курстарды уюштуруп, экстремизм-терроризмдин кесепети боюнча лекцияларды окуп жатабыз. Андан сырткары дааватчыларыбызды дагы окутуп, илим сабатын көтөрүп жатабыз.

Орусиянын Канттагы базасы
Орусиянын Канттагы базасы

Атайын кызматтын өкүлдөрү Чүйдө жергиликтүү эл менен жолугушуулардын биринде, расмий Москванын Сирияда аскерий аракеттеринен улам “Ислам мамлекети” террордук уюму Канттагы Орусиянын базасына чабуул жасашы ыктымалдыгын эскертип, коомчулукту сак болууга чакырды.

Коопсуздук маселелери боюнча мурунку вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевдин билдиришинче, мындай коркунуч бар экени күч органдарына белгилүү:

- Мурда булар Ооганстан өңдүү мамлекеттерге басым жасаса, соңку кездери КМШга көбүрөөк көңүл бөлө баштады. Андан сырткары региондон барган адамдарды бири-бирине карама-каршы коюп, идеологиясын өзгөртө баштады. Сирияда “Ислам мамлекети” террордук уюму Орусиянын аба соккуларынан талкаланып жатпайбы, ошондуктан биздеги эле эмес, Орусиянын бардык жерлердеги аскерий базаларына, түздөн-түз өзүнө көп көңүл бурулуп жатат. Муну биз да, Москва деле билет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет былтыр жайында Бишкекте атайын операцияда жок кылынган куралдуу топ борбордук аянттагы айт намазда жана Орусиянын Канттагы авиабазасында теракт уюштурганга камданып жатканын маалымдаган.

Талдоочу Искендер Ормон уулунун баамында, “Ислам мамлекети” террордук уюму туш тараптан кысымга кабылып, каржысы да, адам ресурсу да азая баштады. Мындан улам адамдарды азгыруу ыкмалары, айла-амалдары өзгөрдү:

- Бир жагынан катуу кысмакка алынып, соккулар көбөйүп, тарай баштады. Экинчи жактан каражат табуу жолдору буулуп жатат. Мындан улам адамдык ресурстары да азаюуда. Адамдык ресурстарын толтуруу үчүн буга чейин колдонгон айла-амалдарын өзгөртүп, күчөтүп жатышат. Мындан Борбор Азия өлкөлөрү да четте калбайт.

Ормон уулу эң ириде Сирияга кетүүнүн себептерин таап-талдап, аны жоюуга аракет кылыш керектигин кошумчалады. Анын ырасташынча, радикалдашууга каршы маалымат кенен жана толук болушу зарыл:

- Кыргызстанда үч университетте теология факультети бар. Андан сырткары бир катар окуу жайларда дин таануу бөлүмдөрү бар. Мына ушул адистикте окугандар диний радикализмге каршы иш-чараларга дээрлик тартылбай жатат. Теология тармагында 20дан ашык илимдин доктору чыкты деген менен, аларды биз пайдаланбай жатабыз. Буга чейин күч органдарды экстремизм-терроризмге каршы күч колдонуп келген эле. Азыр эл аралык тажрыйбаларды эске алып идеологияга каршы идеология гана мыкты курал боло аларын түшүнүп, ушул багытта иштей баштаганы сүйүндүрөт.

Расмий маалымат боюнча ушул тушта Сирияда 500дөй кыргызстандык жүрөт. Күч органдары алардын арасындагы кыз-келиндер негизинен “согуш аялы” деген миссияны аткарарын, ага нике кыйган согушкер өлсө, башкасына баш байларын, колдон колго өткөн фактылар бардыгын билдирген. Сирияда согушкерлерден машыгуудан өтүп келип, Кыргызстанда теракт уюштурууга камданып жатат деген шек менен айрым топтордун мүчөлөрү кармалган.

XS
SM
MD
LG