"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Сириядагы согушта Асаддын режимине каршы согушуп жүргөн дагы бир тажик жараны каза тапты.. Абу Абдурахмон Тажики деген ысым алып, Жакынкы Чыгышта согушуп жүргөн киши Кулябдын тургуну экени такталды.
Орусиянын аймактарында "туруксуздукту каалаган" оппозициянын аракетин ооздуктоо боюнча бийликке көмөк көрсөткөн кошуундар түзүлүүдө.
Уэльсте НАТОнун эки күндүк саммити уланып жатат. Анда негизги көңүл Украинадагы кризиске жана Түндүк альянстын чыгыш чек арасын бекемдөөгө бурулууда.
Киев менен Москва маалымдаганга караганда, эки мамлекет башчы телефон аркылуу Украинанын чыгышындагы кан төгүүнү токтотуу чараларын талкуулашты.
Киев расмийлери акыркы күндөрдөгү салгылашууларда 680 украиналык аскер Донецк облусундагы орусиячыл сепаратисттердин колуна туткунга түшкөнүн маалымдашты.
Бесландагы алааматты баштан кечиргендер андан бери он жыл өтсө да ушул күнгө чейин өзүнө келе албай жүрүшөт.
Жакында эле маалымат каражаттарында мурдагы британ премьери Тони Блэрдин Казакстандын президентине эки жыл мурда жолдогон каты жарыяланды. Анда Блэр Назарбаевге Жаңы-Өзөндөгү кандуу окуядан кийин Казакстандын беделин көтөрүү боюнча бир катар кеңештерди жазган.
Ирандагы даражасы улук диниятчылардын бири Насер Макарема Ширази жогорку ылдамдыктагы мобилдүү интернетке каршы чыгып, ал өлкөдө кеңири жайылып кете электе чектөөнү бийликтен талап кылды.
Украинада туткунга түштү делген же дайынсыз жоголгон орусиялык жоокерлердин үй - бүлөлөрү жана укук коргоо уюмдары алардын тагдырын тактай албай убара тартууда.
Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабаддын 50гө чукул тургуну шаар бийликтеринин көп кабаттуу үйлөрдөгү кондиционерлерди алып салуу жөнүндө буйругуна каршы чыгышты.
19-августта Кытай Эл республикасынын төрагасы Си Цзинпин менен Өзбекстандын президенти Ислам Каримов эки өлкө ортосундагы беш жылдык өнүктүрүү планын бекитишти.
Балкан өлкөлөрү Сирия, Ирак жана Украинада жүрүп жаткан согушка жөнөгөн жарандарынын агымын токтото албай убара.
Орусиялык таанымал рок-музыкант Андрей Макаревич өткөн аптада Украинанын чыгышына барып, качкындарга концерт берген. Бул үчүн ал депутаттар тарабынан сынга кабылды.
Украинанын чыгышындагы жикчилдердин лидерлеринин бири Игорь Стрелков соңку кагылышуулардын биринде катуу жарадар болду.
Тажикстандын Жогорку Соту 5 ай камакта жаткан Турсунзаде районунун 7 тургунун күнөөлүү деп таап, 18-25 жылга чейин абакка отургузууга чечим чыгарды.
Армениянын жараны Азербайжан менен чек арадагы айылдардын биринде таң калычтуу жагдайда кармалып, бир күндөн кийин каза тапты. Бул окуя эки өлкө ортосундагы чыңалууну күчөттү.
АКШ президенти Барак Обама Хайдар ал-Абадинин Ирактын премьер-министрлигине көрсөтүлүшүн "алга үмүттөндүргөн кадам” деп баалады. Обама премьерди жаңы өкмөттүн курамын тезирээк түзүүгө чакырды.
Өткөн аптада Өзбекстанда жергиликтүү өндүрүштөн чыккан автоунаалар өзбек сумуна сатылары жарыяланды. Автосалондордун алдында эл батпай, машина сатып алуучу кардарлар узун кезекке тура башташты.
Ушул жылдын сентябрь айынан тарта Орусиядагы эмгек мигранттары ишке уруксат алуу үчүн орус тарыхынан тест тапшыра баштайт.
Түркиянын жарандары биринчи жолу президенттик шайлоодо түз добуш берди. Режеп Тайип Эрдоган шайлоодо 52% добуш менен жеңгени жарыяланды.
Дагы жүктөңүз