"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Орусия төрт айлампа менен киргизилген санкцияларга жооп катары Батыш өлкөлөрүнөн азык-түлүк импорттоого тыюу салды. Мындай чечим москвалыктардын баарына эле жага берген жок.
Орусияда тарыхый тематикадагы ири парк курууну көздөп жаткан француз компаниясы орус өнөктөшү Евробиримдиктин кара тизмесине илингенине карабастан ишти уланта берерин билдирди.
НАТО баштаган эл аралык күчтөр Ооганстандан аскерлердин басымдуу бөлүгүн жыл этегине чейин чыгарып кетүүгө камынууда.
Окумуштуулар адамдын айрым көнүмүш адаттары жакырчылыкка жетелей тургандыгын аныкташты. Англияда кызганчаактар үчүн мобилдүү тиркеме, Испанияда эриген сайын өңү өзгөргөн балмуздак чыкты. Apple компаниясынын Itime деп аталган жаңы "акылдуу сааты" күзүндө сатыкка чыгат.
Өзбекстанда тышка чыгып кеткен эмгек мигранттарын мекенине кайтаруу үчүн атайын өнөктүк башталды. Милиция үймө-үй кыдырып, ата-энелерден мигрант балдарын артка чакырууну талап кылып, буйрукка баш ийбегендерди ири айып пул менен коркутууда.
Вирусологдордун айтымында, эбола Батыш Африканын айрым өлкөлөрүндө тездик менен тарап баратканына карабастан, глобалдык эпидемияга айлануу коркунучу жок.
Байкоочулар АКШ менен Евробиримдиктин биргелешкен санкциялары Орусиянын экономикасына чоң залакасын тийгизип, анын кесепеттери көпкө созулушу мүмкүн экенин айтышууда.
Тажикстанда эстрада жылдыздары саналган, ошол эле маалда улам бир чуулгандуу иштерге аралашып таанылган эже-сиңди ырчылар Шабнам Сурайе менен Фарзона Хуршед Мекеге зыяратка барышты.
Microsoft компаниясы “акылдуу» көз айнекти патенттеди. Жаңы табылган суу кене ырчы Женифер Лопездин атынан Лопеза деп аталды. Бириккен Араб эмираттары Улуттук космос агенттигин ачууну көздөөдө.
Казакстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен өз өмүрүн кыйгандардын саны боюнча алдыңкы орунда. Бул туралуу Улуттар уюмунун Адамдын өнүгүүсү боюнча баяндамасында жазылат.
Дүйнө коомчулугунун көңүлү кыйраган учактын курмандыктарын узатууга бөлүнүп турган маалда учак кыйрап түшкөн жерге көңүл бурулбай, изилдөөчүлөргө кирүүгө толук мүмкүнчүлүк берилбей жатат.
Орусия өкмөтү 11 бейөкмөт уюмду "чет элдик агент" деп атады. Ал арада бул уюмдардын өкүлдөрү болсо Мамлекеттик Дума 2013-жылы чыгарган талаштуу мыйзамга таянып, Кремль аларды жабууну көздөп жатканын айтууда.
Латвия Орусиянын таанымал ырчылары Иосиф Кобзонду, Олег Газмановду жана Валерияны атайын “кара тизмеге” алып, өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды.
Америкалык 18 жаштагы Мэтт Гилмер жер жүзүн айланып келген эң жаш учкуч катары Гиннестин рекорддор китебине кирди. Марс планетасы темир метеориттердин калдыктарына бай. Google компаниясы көздөгү глюкозанын өлчөмүн ченеген линза чыгарат.
14-июлда кыздардын билим алуу укугу үчүн күрөшкөн пакистандык жаш активист Малала Юсуфзай туулган күнүн белгиледи. 2012- жылы ал өз ишмердүүлүгү үчүн талиптердин бутасына калып, оор жаракат алган.
Израил куралчан палестин топтору ок чыгарууну токтотпосо, Газа тилкесиндеги аскерий операциялар улана берерин билдирди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри бүгүн эртең менен Кабулда Ооганстанда кызматтан кетип жаткан президент Хамид Карзайга, президенттике ат салышып жаткан талапкерлер Абдулла Абдулла менен Ашраф Ганиге жолукту.
Тегеранда Ислам революциясынын алдыңкы каармандарынын бири, сот тармагында бир нече жыл кызмат кылган аятолла Мохаммад Мохаммади Гилани көз жумду.
8-июлда Өзбекстандын президентинин туңгуч кызы Гүлнара Каримова 42 жашка толду. “Узметроном” сайтты өз булактарына таянып, Каримова туулган күнүн Балтика өлкөлөрүнүн биринде, жакын адамдардын курчоосунда өткөргөнүн жазып чыкты. Башкалар ал дагы эле Өзбекстанда, үй камагында экенин айтышууда.
Орозо айында Өзбекстандагы кафе-ресторандар ишсиз калды. Президент Каримов “Рамазан айын шариятка ылайыктуу өткөрүү жөнүндө” буйрук чыгарган.
Дагы жүктөңүз