2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.
Кыргызстандык 18 жаштагы Дастан Лепшаков Финляндияда бильярддын "Динамикалык пирамида" түрү боюнча дүйнө чемпиону болду. Ал финалда беларустук Евгений Салтовскийди 7:1 эсебинде утуп бул сыймыкка татыды.
Кыргызстандык балбан Чынарбек Изабеков эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду. 13-18-октябрь күндөрү 35тен 70 жашка чейинки ардагерлердин ортосунда Грецияда өткөн мелдешке 70 өлкөдөн спортчулар катышты.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бангладештин командасын 2:0 эсебинде утуп алды. Оюндагы голдор Виталий Люкс жана Ильдар Амировго таандык.
Кечээ, 8-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши 2-2 эсеби менен аяктады.
Бүгүн, 8-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши 2-2 эсеби менен аяктады.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2018-жылы боло турган дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында 8-октябрда Тажикстандын, 13-октябрда Бангладештин улуттук курама командалары менен Бишкекте беттешет.
Күзгү парламенттик шайлоого аттанган талапкерлер арасында спортчулар көп. Алар депутат болууну көксөп тизмелерге кириштиби же бул партияларга добуш чогултуп берүү аргасыбы?
3-сентябрда Иорданиянын Амман шаарында футбол боюнча Кыргызстан менен Иордания курамалары беттешип, оюн 0:0 эсебинде аяктады. Таймаш 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында өттү.
Ирандын борбору Тегеран шаарында Алыш бел боо күрөшү боюнча VI Азия чемпиондугунан кыргыз балбандары 3 алтын, 2 күмүш жана 3 коло байгеге ээ болушту. Мелдешке Азиянын 13 өлкөсүнөн 250гө жакын балбан катышкан.
Бишкектин “Эмгек” футзал клубу ушул күндөрү Ирандын Исфахан шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда тайпалык оюндарда Жапониянын “Нагоя Оушенс” клубу менен 2:2 эсебинде тең чыгып, тайпада биринчи орун менен чейрек финалга жолдомо алды.
Кыргызстандын “Эмгек” футзал же башкача айтканда чатыр астында ойнолчу футбол боюнча клубу Азия чемпиондугунун финалдык таймаштарына даярдануу үчүн учурда Ирандын Тегеран шаарында машыгуусун өткөрүүдө.
Ысык-Көлдө туристтик сезон кызыды.
Бишкек шаарында балдардын шахмат борбору ачылды. Эки кабаттуу жеке турак жайда орун алган бул борбордо 4 жаштан 14 жашка чейинки 200гө жакын балага шахмат үйрөтүүгө шарт бар.
Түштүк Кореянын Кванжу шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк жайкы универсиада оюндарына Кыргызстандан барган 22 спортчунун баары мелдештерин аяктады. Кыргызстандыктар спорттун 4 түрү боюнча мелдешке чыгышты.
Казакстандын Атырау шаарында өткөн Аскар Кулибаевдин байгесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдештен кыргыз мушкерлери байгелүү кайтышты.
Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы быйылтан тарта бильярд боюнча машыктыруучулук адистикке окута баштайт.
16-июнда Бишкекте Кыргызстан менен Австралиянын футбол командалары беттешти. Оюн 1:2 эсебинде австралиялыктардын пайдасына аяктады. Эки кураманын оюну 2018-жылы боло турган дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында өттү.
16-июнь күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон Кыргызстан менен Австралиянын футбол курамаларынын оюну 1:2 эсебинде австралиялыктардын пайдасына аяктады.
Кыргызстандык Азамат Алымбек уулу пауэрлифтинг боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду. Мелдеш 9-июнь күнү Финляндиянын Сало шаарында өттү.
Дагы жүктөңүз