Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:41

Кыргыз бильярдынын жаш жылдызы


Дастан Лепшаков. 25-октябрь, 2015-ж. Финляндия. Иматра шаары.
Дастан Лепшаков. 25-октябрь, 2015-ж. Финляндия. Иматра шаары.

Кыргызстандык 18 жаштагы Дастан Лепшаков Финляндияда бильярддын "Динамикалык пирамида" түрү боюнча дүйнө чемпиону болду. Ал финалда беларустук Евгений Салтовскийди 7:1 эсебинде утуп бул сыймыкка татыды.

Дастан Лепшаков дүйнө чемпиондугунда жалпысынан алты атаандашы менен ойноп, 64 партия оюн өткөрүп анын 35инде жеңишке жетишкен. Алгач орусиялык Никита Володинди 7:4 эсебинде утуп андан соң, беларус спортчулары Святослав Семеновду 7:5, Сергей Крыжановскийди 7:6, украиналык Павел Родионовду 7:6 эсебинде утуп алды. Жарым финалда дүйнөнүн эки жолку чемпиону, орусиялык Никита Ливаданы 7:1 эсебинде жеңип, финалга чыкты. Алтын байге үчүн болгон оюн бир саат 50 мүнөткө чейин созулду. Бул оюнда кыргыз бильярдчысы беларус Евгений Салтовскийди ири айырма менен 7:1 эсебинде утулууга туш кылып, алгачкы жолу чоңдор арасында бильярддын "Динамикалык пирамида" түрүнөн дүйнө чемпиону аталды. Мелдештен кийин журналисттерге курган маегинде жеңишке жетүү кыйынчылык менен келгенин айтып берди.

- Жарым финал, финалга чейин жалпысынан бардык мелдештер абдан татаал болуп, жеңишке жетүү оңой болгон жок. Бирок бул дүйнө чемпиондугунда абдан жакшы ойноп максатыма жеттим деп ойлойм. Буга чейин жаштар арасында дүйнө чемпиону болгом. Ошол жетишкендикти чоңдор арасында кайталоону башкы максат кылып жакшы даярдыктан өткөм. Бул ийгилигим менен эле токтоп калбастан буюрса дагы көптөгөн мелдештерди уткум келет. Финляндиядагы дүйнө чемпиондугунан кийин эле Орусияга сапар алабыз. Ал жакта Ростов-на-Дону шаарындагы эл аралык мелдешке жана Москвада боло турган Кремл кубогу үчүн мелдешке катышам. Андан соң Кыргызстанга өз мекениме барам.

Бильярддын "Динамикалык пирамида" түрү боюнча дүйнө чемпиондугунун байге ээлери. 25-октябрь, 2015-ж. Финляндия. Иматра шаары.
Бильярддын "Динамикалык пирамида" түрү боюнча дүйнө чемпиондугунун байге ээлери. 25-октябрь, 2015-ж. Финляндия. Иматра шаары.

Финляндиянын Иматра шаарында 22-октябрда башталып, 25-октябрда аяктаган бильярддын “Динамикалык пирамида” түрү боюнча дүйнө чемпиондугуна 14 өлкөдөн 61 спортчу катышты. Оюндар олимпиадалык система боюнча өткөрүлдү. Бул мелдеште 16-орунга чейин ээлегендерге акчалай байге каралган. Чемпиондук наам менен кошо жеңүүчүгө 450 миң рубль акчалай сыйлык ыйгарылды.

Кыргызстандан бул мелдешке бильярддын "Динамикалык пирамида" түрү боюнча дүйнөнүн эки жолку жана "Эркин пирамида" боюнча дүйнөнүн бир жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев да барган. Ал алгач финляндиялык жана грузиялык атаандаштарын 7:2 жана 7:1 эсебинде ири айырма менен жеңди. Жарым чейрек финалда казакстандык дүйнө чемпиону Алибек Омаровго 7:2 эсебинде утулуп, 9-орунду ээлеп 40 миң рубль энчисин алып мелдештен четтеди.

Дүйнө чемпиону Дастан Лепшаков тажрыйбалуу мекендеши Каныбек Сагынбаевдин бул мелдеште катышканы жеңишке жетүүгө чоң түрткү болгонун белгиледи.

- Ал катышпаса, балким утулуп калсам керек эле. Анткени ал бир эле учурда насаатчы, машыктыруучу, дос болуп кеп кеңешин айтып сүрөп турду. Тажрыйбалуу мекендешимдин менин чемпион болушума салымы зор болду.

Дастан Лепшаков 18 жашта. Былтыр Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында бильярддын "Кураштырма пирамида" түрүнөн жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон. Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. Эл аралык класстагы спорттун чебери. 2015-жылы бильярддын эркин пирамида түрүнөн Казакстанда болгон Азия чемпиондугунда коло медаль тагынды. Июль айында Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында бильярддын "Эркин пирамида" түрүнөн командалык дүйнө чемпиондугунда Каныбек Сагынбаев менен кошо 3-орунду ээлешкен.

Дастан Лепшаков 14 жашынан бери Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Каныбек Дүйшөбаевдин жетекчилигинде машыгып келет. Кыраакы машыктыруучу Таласта болгон мелдештердин биринде Дастандын идирегин байкап өзү теңдүү курдаштары менен кошо ата-энелеринен уруксат сурап, Бишкекке алып келген экен.

-Таласта клубдар ачылып эки-үч жолу мелдеш өткөрүп калдым. Ошол мелдештердин жүрүшүндө беш-алты жаш оюнчуну байкап алардын арасынан татыктууларын тандап алып келип алгач өзүмдүн үйүмдө жашатып машыктырып жүрдүм. Бешөөнүн арасынан үчөө эл аралык класстагы спорт чебери болду. Эки шакиртим спорт чеберлигине талапкер болуп калышты. Дастан аябай эмгекчил. Машыгууну калтырчу эмес. Талыкпаган аракетинин натыйжасында бир топ ийгиликтерге жетишүүдө. Азыркы жетишкендик менен эле токтоп калбайбыз. Буюрса алдыда бир топ абройлуу мелдештер бар. Аларга даярдык көрүп буга чейин кандай эмгектенсек ошол бойдон эле кайрадан ишибизди уланта беребиз.

Бильярд боюнча дүйнө чемпиондору Каныбек Сагынбаев жана Дастан Лепшаков. 25-октябрь, 2015-ж. Финляндия. Иматра шаары.
Бильярд боюнча дүйнө чемпиондору Каныбек Сагынбаев жана Дастан Лепшаков. 25-октябрь, 2015-ж. Финляндия. Иматра шаары.

Дастан Лепшаков учурда Кыргыз мамлекеттик Дене тарбия жана спорт академиясында волейбол адистиги боюнча 3-курста билим алууда. Бильярдды 12 жашынан бери ойнойт. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында төрөлгөн. Алты бир туугандын кичүүсү. Атасы Базаркул энергетик. Апасы Асылкан ашпозчу. Атасы Базаркул Дастандын бильярд ойноону терең өздөштүрүү үчүн 14 жашында Бишкекке кетүүсүнө каршы болгонун, бирок мектептеги мугалимдеринин кийлигишүүсү менен макул болгонун айтып берди.

- Бильярд негизи эле кумар оюнуна жакын болуп кетет да. Бишкекке барса эмне болуп кетет деп коркуп, макул болбой койгом. Анан мектептеги мугалимдери Дастандын келечеги бильярдда экенин айтышты. Ага кошумча улук машыктыруучу Каныбек Дүйшөбаев өзүм кепил болом, деп үйүндө тарбиялап машыктырам дегенине макул болуп кийин улуу уулума Бишкектен үй алып берип ал жакка көчүрдүм. Каныбек Сагынбаев Кыргызстандан алгачкы жолу Германияда дүйнө чемпиону болду эле го. Ошондон кийин көпчүлүк балдар бильярдга кызыгып кетишпедиби. Дастан дагы Финляндияга дүйнө чемпиондугуна кетип жатканда Каныбек Германиядан чемпион болгон. Чет жакка чыгып сен дагы чемпион болушуң керек деп айттым эле. Ал финалда ойногондо интернет аркылуу оюнун чыдап көрө албай сыртка чыгып кеттим. Кийин Дастан дүйнө чемпиону болду деп айтышканда кайрадан келип интернеттен кайталоосун көрүп ыраазы болдум. Бул оюнда 2 партиясында эле кыйналды. Калганын жеңил эле утуп алды.

Дастан алгачкы жолу Орусиядагы эл аралык мелдештерге катышканда Лепшаков деген фамилиясынан улам кээ бир учурларда орус улутундагы оюнчуларга алмаштырып коюшкан учурлар да болгон экен. Лепшаков деген фамилия Дастанга чоң атасынын атасы, тактап айтканда, бабасы карачай улутундагы Лепшоктон өткөн. Паспортко жаңылыш Лепшаков деп жазылып калган.

- Дастандын чоң атасы, менин атам Таласка согуш учурунда депортация болуп келген карачай улутундагы адам экен. Ал кийин эр жеткенде кыргыз кызына үйлөнүп, эки уулдуу болуп Таласта жашап калган. Эки уулдун бири мен кыргыз кызына үйлөндүм. Азыр биз карачай деп эле аталганыбыз болбосо карачай тилин билбейбиз. Толук эле кыргыз болуп калдык. Өзүбүз кыргыздын бир уруусу болуп жүрөбүз. Орусияда бир турнирде уюштуруучулар катышуучуларды чакырып жатып Д.Лепшаков деген жазууну окуп орус болсо керек деген ойдо Дмитрий Лепшаков деп чакырып алышыптыр. Анан Дастан аларга менин атым Дмитрий эмес - Дастан деп айттым деп жүргөн. Атамдын чоң атасынын аты Лепшок болчу экен. Атам документ аларда орусчалаштырып Лепшаков болуп жаңылыш жазылып калыптыр.

Дастан мектепке алты жашынан барып, кийин 9-классты аяктагандан кийин ИСИТО коллежинде 10-11-класста окуй турган окуу программасын бир жылда окуп аяктап өзү теңдүүлөрдөн эки жыл мурда мектепти аяктап жогорку окуу жайга тапшырган экен. Дене тарбия жана спорт Академиясын аяктагандан кийин юриспруденция адистигинен билим алууну максат кылып жүрөт.

Кыргызстанда Дастанга окшоп бильярдга кызыккандарды тарбиялаган Бишкекте өспүрүмдөрдүн Олимпиадалык резервдеги мектеби бар. Аталган мектепте 200гө жакын улан кыздар сабак алат. Окуучуларга орус бильярдынын үч түрү: эркин пирамида, кураштырма пирамида, динамикалык пирамида түрлөрүнөн сырткары дүйнөдө кеңири тараган снукер, пул түрлөрү да үйрөтүлөт. Бул мектептин машыктыруучусу Сапарбек Алымкулов орус бильярдынан кыргызстандык оюнчулар дүйнөдө мыкты экендигин белгилеп, келечектен көптү үмүттөндүргөн жаңы жаш оюнчулар тарбияланып жатканын айтты.

- Кыргыз бильярдчылары дүйнөдө күчтүү эле. Буга чейин Каныбек Сагынбаев эки жолу жаштар арасында, үч жолу чоңдор арасында дүйнө чемпиону болгон. Изатбек Раатбеков деген 19 жаштагы оюнчубуз дүйнө чемпиондугун утпаса дагы 5-орунга чейин жетип жүрөт. Буюрса жакшы жетишкендиктерге ээ болот деп ишенем. Дагы бир оюнчубуз Канат Сыдыков 2012-жылы Бишкекте болгон дүйнө чемпиондугунда 3-орунду алган. Теги кыргызстандык учурда Казакстандын атынан мелдештерге чыгып жүргөн Каныбек Сагындыков орус бильярдынан чемпиондук наамды эң көп уткан. Бизде бир нече жаш мыкты оюнчуларыбыз бар. Алар дагы буюрса келечекте эл аралык мелдештерди, дүйнө чемпиондуктарын утат деп ишенем.

Кыргызстандык бильярдчылар негизинен дүйнө чемпиондугуна орус бильярдынын үч түрүнөн: "Эркин пирамида", "Кураштырма пирамида" жана "Динамикалык пирамида" түрүнөн катышып жүрүшөт. Ал эми снукер, пул боюнча эл аралык мелдештерде ийгиликке азырынча жете албай келишет. Бильярддын бул түрүн өнүктүрүүнү Кыргызстандын бильярд спорту федерациясы акыркы жылдары колго алып бир катар мелдештерди уюштурууда. "Динамикалык пирамида" боюнча дүйнө чемпиондугу быйыл бешинчи жолу өткөрүлдү. Алгачкы жолу уюштурулган мелдеште 2007-жылы кыргызстандык Каныбек Сагынбаев жеңүүчү болгон.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG