"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Депутат Шаирбек Ташиев менен экс-депутат Жусупбек Коргонбай уулу сүйлөштү делген тасма талкуу жаратты.
АКШ менен Израилдин соккуларынан каза тапкан аятолла Али Хаменеинин уулу Можтаба Хаменеи Иранда жаңы жогорку лидери болуп шайланды. Жогорку сот Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт айт десе" редакцияларын экстремисттик деп тапкан буга чейинки инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.
Президент Садыр Жапаров бийликте турган беш жылдын жыйынтыктарын чыгарып, отчёт берди. Ал бул маалда экономикалык чоң өсүш болуп, бюджет көбөйгөнүн, чек ара толук чечилгенин, коррупцияга каршы күрөш жемишин бергенин, курулуш, энергетика, билим берүү жана башка тармактарда өнүгүү болгонун айтты.
Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын чабарманы Дэвид О'Салливан Бишкекке келип, Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү менен жолукту. 26-февралда ал "Азаттыкка" учкай маек куруп, ыктымал санкция жана ага байланыштуу сүйлөшүүлөр жөнүндө айтып берди.
Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан Бишкекке келди. 26-февралда ал "Азаттыкка" маек курду. Украинадагы согуштун төрт жылдыгына карата Еврошаркет санкциялардын 20-пакетинин алкагында Кыргызстанга да чара көрүүнү карап жатканы ачыкка чыккан.
Украинадагы согуштун төрт жылдыгы Бишкекте Киевди колдоо акциялары менен коштолду. Кыргыз бийлиги Орусия Украинага басып кирип, согуш ачкандан бери бейтарап турумду карманарын билдирген.
Украинадагы согуштун төрт жылдыгы Бишкекте Киевди колдоо акциялары менен коштолду. Кыргыз бийлиги бул согушта бейтарап турумду карманарын билдирип келет. Санкциялардан буйтоо аракеттеринен улам Батыш өлкөлөрү кыргызстандык компанияларды "кара тизмеге" алууда. Ондогон кыргыз жараны согушта жүрөт.
Жанарбек Акаев Ош шаарынын мэри кызматына киришти. Жеңишбек Токторбаев өз арызы менен кызматтан кетти. Бул арада өткөн аптада Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан кеткен Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырды.
УКМК төрагалыгынан алынган Камчыбек Ташиев чет өлкөгө убактылуу чыгып кетти. Конституциялык сот Садыр Жапаровдун кайрылуусун карап, президенттик шайлоо 2027-жылы өтөрүн билдирди. Азербайжанда жикчил Тоолуу Карабак жумуриятынын мурдагы өкмөт башчысы Рубен Варданян 20 жылга абакка кесилди.
Президент Садыр Жапаров Конституциялык сотко кайрылып, Баш мыйзамдагы президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу жагдайларды чечмелеп берүүнү өтүндү. Коомчулукта, көбүнесе юристтер арасында мамлекет башчынын мөөнөтү боюнча талкуу чыккан. Мурдагы 75 аткаминер да ушул жөнүндө президентке кат жазган.
Президент Садыр Жапаров Binance эл аралык криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаону кайрадан Кыргызстанда кабыл алып, коноктоду. Мамлекет башчы ишкерди былтыр өзүнө кеңешчи кылып дайындап, виртуалдык активдер боюнча жыйындарга катыштырды.
Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын ишкер чөйрөсүн бир аянтчага чогулткан Бишкектеги эки күндүк B5+1 форуму жыйынтыкталды. 4-5-февраль күндөрү өткөн форумда кен иштетүүдөн тартып жогорку технологияларга чейинки бизнестин өкүлдөрү кездешип, айрымдары келишимдерге жетишти.
Чөлкөмдөгү мамлекеттер да Евробиримдик, АКШ, Жапония жана Кытай сыяктуу тараптар менен чогуу жолугушууларды өткөрүп, өздөрүн бир тутум катары көрсөтүүгө умтулууда. Ошентсе да, азырынча алар саясий жана мыйзамдык айырмачылыктардан арыла элек.
Кыргызстан Евробиримдиктин санкцияларына кабылышы ыктымал. Bloomberg агенттиги жазгандай Украинадагы согуштун беш жылдыгын утурлай даярдалып жаткан санкциялардын 20-пакетинин алкагында Кыргызстанга каршы чаралар да талкууланууда. Кыргыз бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн дооматын четке какты.
2025-жыл Кыргызстандын маалымат чөйрөсү үчүн талылуу жылдардын бири болду. Бир жагынан жаңы медиа каражаттары ачылса, бир жагынан иштеп жаткандар жабылды, кээлери "экстремист" деп табылды. Журналисттердин кай бири абактан чыкса, башкалары кармалып, камалды. Айрым кабарчыларга издөө жарыяланды.
Бишкекте күйөөсүнүн колунан дагы бир аял каза тапкан окуя коомчулукту кайрадан нес кылды. Жубайлар ажырашкандан кийин күйөөсү аялын тапанча менен атып салган деп шектелүүдө.
Москвада машинадагы жардырууда Башкы штабдын ыкчам даярдык башкармалыгын жетектеген генерал мерт болду. Украинадагы согуш башталганы бул Орусияда жогорку даражалуу аскер кызматкерлерине жасалган алгачкы кол салуу эмес.
Дагы жүктөңүз