Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:17

Борбор Азия

Sorry! No content for 27 Февраль. See content from before

жекшемби 26 Февраль 2023

"Сени 200 долларга сатып алгам". Кулчулукка кабылганын айткан өзбек жарандары
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00

Астанада KaRima ресторандар түйүнүнө байланышкан талаш-талкуу күчөдү. Анда иштеген өзбекстандык жаран эксплуатациянын курмандыгы болгонун айтып чыкты. Буга чейин “Азаттыктын” казак кызматы эки өзбекстандык ушундай жагдайга туш болгонун жазган. Казак полициясы иликтөө жүргүзүп, бирок «кылмыштын курамы жок» деп ишти токтоткон. Ресторандар тармагынын өкүлү айыптоолорду четке кагууда.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун өзбек кызматы ("Озодлик" радиосу) Орусиянын Москва облусундагы "вагнерчилердики" делген мүрзөдөгү сүрөттөрдү, ысымдарды жарыялады. Каза болгондордун арасында Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары да бар экени айтылууда.

Москва облусунун Щелковский районундагы Маврино кыштагындагы көрүстөндө “ЧВК Вагнердин” ("Вагнердин" жеке аскердик компаниясы) эмблемасы түшүрүлгөн кара тасмалар желбиреп турат.

Көрүстөндөгү кабырларда маркумдардын аты-жөнү жазылган. Андагы маалыматтарга караганда, набыт болгондордун даталары 2022-жылдын октябрына жана 2023-жылдын январына туура келет.

  • Саидов Муродбег Султонбегович (05.04.1986 – 27.11.2022);
  • Айдралиев Аман (27.08.1982-24.10.2022);
  • Джанибеков Боходир Буранович (19.08.1977-11.01.2023);
  • Гуламжанов Адахамжон Улукманжанович (16.09.1994-19.11.2022);
  • Авазов Эркин Садинович (20.12.1967-01.12.2022);
  • Юсупов Шухрат Адилжанович (07.04.1978-23.12.2022).

Кабырдагы жазуудан борбор азиялыктардын аты-жөнү дароо көзгө урунат. Алардын ичинен кеминде экөө кыргызстандык деп айтылат "Озодлик" сайтына жарыяланган макалада. Ушуну менен соңку бир айда эле орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону ачыкка чыкты.

Бул тууралуу төмөнкү макаладан окуңуз:

"Өзбекстандыктар согуштагы жакындарын издөөдөн кооптонот"

Буга чейин “Озодлик” Украинадагы согушта өлгөн үч өзбекстандыктын сөөгү мекенине жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Алардан сырткары, кабырдагы ысымдардан дагы эки өзбекстандыктын өздүгүн тактоого мүмкүн болду.

46 жаштагы Боходир Джанибеков Өзбекстандын Пахтакор шаарында туулганы, анын Екатеринбург шаарында жашап, иштеп жүрүп согушка кеткени тастыкталды.

45 жаштагы Шухрат Юсупов болсо, Москвада кытайлык ишкерди тоноого күнөөлүү деп табылып, былтыр июлда Сахалин облусунун Анив райондук сотунун чечими менен эркинен ажыратылган. Вагнерчилердин катарында согушка барган Шухрат 2022-жылдын 23-декабрында каза болгону жазылат.

"Озодликтин" маалыматына караганда, "вагнерчилердин" көрүстөнүнө тажик жарандарынын сөөгү дагы жашырылган. Алардын бардыгы орус абактарында отургандар.

Москвада жашаган өзбекстандык активист Умид Муйдинов агасы Мавлонжандын Украинадагы согушта өлгөнү расмий ырастала электигин айтып, бирок анын жарадар болгонун же туткунга түшкөнүн жашырбайт.

"Биз анын кайда экенин билебиз. Өзбекстандын консулдугуна кайрылгандан пайда жок, алар билишпейт. Мен согушка кеткен өзбек же тажик жигиттердин бири да тирүү кайтып келгенин, мунапыс алганын уккан эмесмин. Алардын жакындары да согушка кеткенин билишпейт. Согушка тартылгандардын саны тууралуу так маалымат жок".

Умид Муйдинов “ЧВК Вагнердин” жалданмаларынын катарында согушуп, Украинада каза болгон өзбекстандыктардын жакындары коопсуздук кызматынын кысымынан коркуп, аларды издөөдөн баш тартып жатканын билдирди.

"Туугандары коопсуздук кызматы менен көйгөй жаралышынан коркот. Түрмөдө жаткан мигранттарды сурашпайт. Мен жакындарына кайрылат элем, аларды таштабагыла, багынбагыла, эгер абакта болсо согушка барбоого көндүргүлө", - дейт өзбекстандык активист.

Азырынча расмий Ташкент Орусиянын тергөө абагында жаткан өзбекстандыктардын абалы тууралуу так маалымат бере элек.

Москва облусундагы Щелковский районунун тургуну Анна Соколова жергиликтүү көрүстөндө 22 "вагнерчинин" сөөгү коюлганы тууралуу маалыматты биринчилерден болуп Фейсбук баракчасына жарыялаган.

Анна Соколова көмүлгөн көрүстөндөрдө кресттер коюлган эмес дейт.
Анна Соколова көмүлгөн көрүстөндөрдө кресттер коюлган эмес дейт.

Кремль Украинадагы аскердик жоготууларын танганы менен, социалдык түйүндөрдө жана маалымат каражаттарында өлкөнүн ар кайсы аймактарында "вагнерчилердин" мүрзөлөрү көбөйүп жатканы тууралуу маалыматтар байма-бай чыгууда.

Буга чейин The New York Times басылмасы Орусиянын Украина менен чектеш Кубан аймагындагы "Вагнер" компаниясына тиешелүү көрүстөндүн спутниктен тартылган сүрөттөрүн жарыялаган.

Краснодар аймагындагы Бакинская айылында жалданма жоокерлердин сөөгү коюлган көрүстөн акыркы эки айда жети эсеге кеңейгени белгиленет. Кырдаалды тыкыр билген өздүк булактар каза болгон жоокерлердин баары эле жерге берилбей жатканын, көбү крематорийлерде өрттөлөрүн айтууда.

Орусиялык укук коргоочу Ольга Романованын айтымында, 2023-жылдын 1-январына карата абактардан жана колониялардан жалданган 50 миңден ашык кишинин 10 миңи согуш талаасында жүрөт.

"2023-жылдын январь айына карата "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин 50 миңден ашык абакта жаткан кишини жалдаган. 10 миңи согуш талаасында жүрөт. Калган 40 миңи өлдү же жарадар болушту, же дайынсыз жоголду, же багынып беришти".

"Төрт тажикстандыктын сөөгү мекенине жеткирилди"

24-февралда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тажик кызыматы ("Озоди" радиосу) Орусиянын абактарынан Украинадагы согушка жөнөтүлгөн дагы төрт тажикстандыктын сөөгү мекенине жеткирилгенин кабарлады.

Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы Ванж районунун 49 жаштагы тургуну Набимухаммад Бачгонов Украинада 20-январда каза болгон. Анын сөөгү мекенине бир айдан кийин жеткирилди. Жакындарынын айтымында, Бачгонов көп жыл Новосибирск шаарында жашап, 2017-жылы мыйзамсыз маңзат сатуу беренеси менен 12 жылга соттолгон. Анын орус жарандыгы болгон эмес. Үч ай мурда Иркутск шаарындагы абактан согушка жөнөтүлгөн.

"Озоди" радиосу өз булактарына таянып, бир апта мурда Ванж районуна Украинадагы согушта каза болгон дагы бир тажикстандыктын сөөгү жеткирилгенин кабарлады. Учурда анын аты-жөнү жана кандай жагдайда өлгөнү тууралуу маалыматтар такталууда.

Эки жума мурда Тажикстандын Гиссар шаарынын жака-белиндеги айылда Украинадагы согушта каза болгон 52 жаштагы Фатхулло Нарзуллоевдин сөөгү жерге берилген. Жакындарынын айтымында, ал өткөн жылы июнь айында Екатеринбург аэропортунда кармалган. Ал абакка камалгандан үч ай өткөндөн кийин Украинадагы согушка жөнөтүлүп, быйыл 12-январда Бахмут шаарына жакын жерде каза болгон.

"Аны менен акыркы жолу өткөн жылы октябрда телефондо сүйлөшкөм. Ал мажбурлап согушка жөнөткүлөрү келип жатканын айткан", – дейт Нарзуллоевдин жубайы.

Согушта каза болгон Фатхулло Нарзуллоевдин үй-бүлөсү.
Согушта каза болгон Фатхулло Нарзуллоевдин үй-бүлөсү.

Эки апта мурда Гиссар шаарына жакын жайгашкан Чукурак айылына Украинада өлгөн 47 жаштагы Аловиддин Мухриддиндин сөөгү жеткирилген. Жакындары ал акыркы он жылдан бери Орусиядагы абактардын биринде жаза мөөнөтүн өтөп жатканын, үч ай мурда согушка жөнөтүлгөнүн айтышкан.

Тажикстандын бийлиги өз жарандарынын Украинадагы согушта каза болуп жатканы боюнча комментарий бере элек.

"Озоди" радиосу бүгүнкү күнгө карата Орусиянын абактарынан Украинадагы согушка жөнөтүлгөндөн кийин каза болгон 14 тажикстандыктын өлүмүн ырастады. Орусиянын эки жыл мурдагы статистикасына ылайык, бул өлкөнүн түзөтүү жайларында 10 миңге жакын тажик жараны камакта отурат.

Карагандага Украинадан келген "Жүк-200"

Казакстандын Караганда шаарынын тургуну 36 жаштагы Юрийдин (аты жөнү толук берилген эмес) сөөгү быйыл январда Украинадан келген. Ал Донбасста каза болгону айтылууда. Бир нече айдан бери айыгышкан салгылашуулар жүрүп жаткан Бахмут шаарына жакын жерде каза болгон деген божомол бар.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун казак кызматынын журналисттери Юрийдин үй-бүлөсү менен байланышып, чоо-жайын суроого аракет кылган. Бирок алар коопсуздук маселесинен улам суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан.

Журналисттер оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу Юрий социалдык тармактардагы баракчаларында согуш тууралуу маалыматтар жана видеолор, каза болгондор тууралуу билдирүүлөрдү утур-утуру жарыялап турганын иликтеп чыгышкан.

Мурдагы кесиптештеринин бири "Юрий Украинадагы согушка баргысы келгенин жашырчу эмес" дейт.

"Ал Орусияга барам деп жанталашчу эле. Экинчи жолу аракет кылганда гана ошол максатына жетти окшойт. Жайында кетүүгө аракет кылганын билем, бирок казак бийлиги аны эмнегедир өлкөдөн чыгарбай койгон. Аны барбагын деп көндүргөнгө аракет кылышты, бирок ал эч кимди уккан жок. Бир ордунда отура албай, өзүн ашыкча баалап, өзүнө өтө ишенди окшойт. Жада калса баласы дагы ага тоскоол болгон жок. Акча тапкысы келди, "келишим менен барсам, баарыңардан көп акча табам” дечү. Бирок ал эч кимди тукуруп, чогуу кетели деп айткан эмес. Аны жүк ташыган жолдоштору азгырып, алып кетишти деп ойлойм", - деген Юрийдин мурдагы кесиптеши "Азаттыктын" кабарчысына.

“ЧВК Вагнердин” жалданма аскерлери. Соледар, Украина.
“ЧВК Вагнердин” жалданма аскерлери. Соледар, Украина.

Украинада каза болду делген дагы бир карагандылык 30 жаштагы Александрдын (аты-жөнү толук берилген эмес) сөөгү 12-январда жерге берилди. Ал тууралуу маалымат өтө аз. Болгону былтыр күзүндө согуш жүрүп жаткан жерге барган деген божомол бар.

“Азаттыктын” кабарчысы Александрдын апасын таап, сүйлөшүүгө аракет кылган. Бирок аны менен байланышууга мүмкүн болгон эмес.

“Demoscope ” изилдөө компаниясын өткөн жылдын март айында Украинадагы согушка казакстандыктардын пикирин билүү максатында сурамжылоо жүргүзгөн. Суроого жооп бергендердин дээрлик 40% Орусияны, 10% Украинаны колдоп, 46% бейтарап экенин айтышкан.

Ушул эле сурамжылоону ноябрда жүргүзгөн. Бул жолу Украинаны колдогондордун саны эки эсе көбөйүп, ал эми Орусияны колдогондордун саны 13% түшкөн.

Украинада согуш башталгандан бери Акордо жаңжалга бир гана казакстандык катышканын расмий тастыктаган. Былтыр июнь айында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети украин армиясынын катарында согушуп жаткан казак жараны Жасулан Дүйсембинге кылмыш ишин козгогон. Казакстандын Аркалык шаарынан чыккан Дүйсембин мекенине кайтып келсе, беш жылдан тогуз жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Москванын ири соода өнөктөшү болгон Астана Украина маселесинде нейтралдуулугун билдиргени менен Орусиянын кол салуусун ачык айыптоодон карманууда.

Касым-Жомарт Токаев жана Владимир Путин.
Касым-Жомарт Токаев жана Владимир Путин.

Былтыр Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астана Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы жикчил түзүмдөрдүн өз алдынчалыгын тааныбай турганын билдирген.

Украинада орус армиясы жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнер” (“ЧВК Вагнер” же "Вагнердин" жеке аскердик компаниясы) компаниясы абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. "Вагнерчилер" абактарды кыдырып, катарына кошулууга азырганын орус түрмөлөрүндө отурган кыргызстандыктар дагы "Азаттыкка" ырасташкан. Кыргызстандык канча атуул мындай окуяга кабылганы белгисиз.

Соңку бир айда эле орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону ачыкка чыкты.

“Вагнер” компаниясы бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган.

27-январда АКШ “Вагнерди” транс-улуттук кылмыштуу уюмдардын тизмесине киргизип, Орусиядагы компаниянын өкүлдөрүнө жаңы санкция салды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG