Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:55

Борбор Азия

Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Украинанын окуппацияланган аймактарына урушта набыт болгон орус күчтөрүнүн сөөгүн чогултуп, окоп казууга жана ашкана, тазалык иштерине борбор азиялыктар дагы тартылууда. Бул тууралуу мигранттар билдирип жатат.

Орус абактарында отурган аялдардын арасынан мурда медайым болуп иштегендерге дагы ушундай сунуштар түшө баштаган. Ошондой эле соңку мезгилде метролордо Орусия басып алган Украинанын аймактарына аялдарды ишке чакырган жарнамалар пайда болгонун Москвада иштеген кыргызстандык мигранттардын бир нечеси ырастады. Жакшы айлыкка жумуш сунуштагандар социалдык тармактарда да пайда болгон.

"Абактагы кызым дипломунун көчүрмөсүн сураптыр"

Ош облусунун тургуну Тилекмат атанын 31 жаштагы кызы Дилде (аттары белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү) 1,5 жылдан бери Новосибирск облусунда түрмөдө отурат.

Сот аны маңзат ташууга айыптуу деп таап, алты жылга эркинен ажыраткан. Атасы кызынын сотуна катышып келген, "анын сумкасына тааныштары эле маңзат салып атайын карматышкан" деп эсептейт.

Кесиби боюнча медайым Дилде жакындары аркылуу Кыргызстандагы туугандары менен байланышып, дипломунун көчүрмөсүн сураган.

Атасы "Азаттык" менен сүйлөшкөндө Украинага кызын кимдер азгырганын билбей турганын айтты. Болгону медайымдарды алып кетиши ыктымал деп санаа тартып турган кези.

"Мага Орусияда иштеген таежеси чалып, кызымдын дипломунун көчүрмөсүн салып жиберүүмдү суранды. Эч кандай документ бербейм, Украинага айдап жибериши мүмкүн. Жаткан жеринде жата берсин. Эптеп эки жылдан ашуун чыдаса чыгып келет. Документти ошон үчүн эле сурайт да, бекеринен сурабайт. 100 миң рубль берип, беш айбы, айтор Украинага барыш керекпи же башка жагынабы, аны билбедим. Кызым медайым да. Эгер медайым болсо алып кетет экен, кереги тийбеген кесиптегилерге тийбейт деле го. Эркек бала болсо ушунча акча беребиз, анан келгенде бошотобуз десе кете берет да", - деди Тилекмат ата.

Ал кызы кырсыкка кабылгыча үч-төрт жыл Орусияда жакшы эле иштегенин, бирок үй алам деген акчасын Кыргызстандагы кооперативдердин бирине алдатып жибергенин айтты.

"Ата, кичине акча топтоп, үй алам" деп жүрдү эле. Ошол жакта иштеген компания берген экен, акчасынан дайын жок. 1 миллион сомдой топтоп койду эле. Андан кийин дагы апасы экөө барып 700 миң берип, кайра катталып келишкен. Азыр анын дагы дайыны жок".

Биздин маектеш кызы менен дээрлик байланыш жок экенин, кат жазып турарын айтты.

"Иштеп келдик дегендер бар"

Москвада иштеген Турсунай акыркы бир-эки айда Украинанын аймактарына ишке чакырган жарнамаларды угуп жатканын айтып берди.

"Акыркы убактарда күнүнө 4-5 миң рубль берилип, кыз-келиндерди дагы алып кетип жатыптыр деген сөздөр жүрүүдө. Алар аскерлердин кийимин тигүүгө тартылып жатыптыр деп айтышууда", - деди маектешибиз.

Азырынча ушундай шартта Украинага жумушка тартылгандар менен байланыша алган жокпуз.

Мындан сырткары, Украинанын окуппацияланган аймактарында орус жоокерлери үчүн окоп казууга борбор азиялыктар дагы тартылууда. Окоп казып иштеп жаткандардын видеосу интернетке да тарады.

Урмат учурда ушундай иштерге барам деп даярданып жаткандардын бири. Иш сунуштаган тарап аларга күнүнө 9 миң рубль алып, набыт болгондордун сөөгүн чогултууга бара турганын айтышкан. Ал буга чейин орус паспорту мигранттарды ортомчулар аркылуу Украинанын Орусия басып алган аймактарына жөнөтүүгө жардам берип келгенин айтып берди.

"Снаряд түшкөн жана түшпөгөн жерлер бар экен. Мага сөөк чогултушум керектигин, күнүнө 9 миң рубль төлөп беришерин айтышкан. Бирок азырынча "кар калың жаап койду" деп жөнөтпөй токтотуп турушат. Жанын тобокелге салып иштегендер бар экен. Буга чейин иштеп келгендерге 4 миңден бергенин уккам. Алар Украинага эмес, Белгород жакка барышкан. Алар менен телефон аркылуу сүйлөштүм. "Акчанын айынан иштеп жатабыз, насыябыз бар" дешти. Снаряд түшүп, кээ бирөөлөр өлүп дагы калды деп айтышты. Алардын айтымында, өлгөндөр арасында кыргыздар болбоптур. Кээ бирлери менен сүйлөшсөм, күнүнө 10 миң рублга чейин алып иштеп келдик дешти. Эгер адамдарды жөнөтөбүз, баштагыла десе эле барам".

Урмат айтып жаткан Орусиянын Белгород облусу согуш жүрүп аткан өлкө менен чектеш. Облус борбору Украинанын чек арасынан 40 чакырымдай алыс.

"Мариуполдо келишимдин негизинде иштедик"

Өткөн аптада Украинанын Мариуполь шаарында курулуш иштерине тартылган кыргызстандык жаран Орусиянын чек арасынан өтө албай калганын айтып, "Азаттыкка" кайрылган. Коопсуздугунан чочулап, аты-жөнүн атабаган жаран орус чек арачылары аны "кара тизмедесиң" деп Орусияга өткөрбөй койгонун айткан.

"Москвага былтыр май айында келгем. Мариуполго орусиялык курулуш компаниясы менен келишимдин негизинде келип, иштеп жаткам. Бул жакта иштегениме сегиз жарым айдан ашты. 24-февралда Орусияга кетейин десем, чек арачылар киргизбей койду. "Кара тизмеге" кантип, качан кирип калганым белгисиз, чек арачылар да ал жөнүндө маалымат беришкен жок", - деди ал.

Кыргызстандык жаран Мариуполдо курулушта иштеген башка дагы жыйырма чакты кыргыз жараны бар экенин, айрымдары кайра Орусияга кеткенин кошумчалады.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул жарандын маселеси боюнча кабардар экенин, ушул тапта териштирүү жүрүп жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Москвадагы "Ноокат" коомунун төрагасы, ишкер Толкунбек Акматов мекендештерди акчанын айынан кооптуу аймактарга баруудан этият болууга чакырууда.

"Кээ бир фирмалар чоң айлык убада кылып, окоп казганга жөнөтүп жатканын Москвада иштеген туугандарымдан эле уктум. Ошол жакта жүргөн балдардын видеосун да көрүп калдым. Негизи барбай эле койгон оң. Акчанын айынан болуп жатат. Айлыкты эки эсе беребиз деп азгырат экен", - деди Акматов.

Абактан согушка: "Вагнерге" азгырылгандар

Бир айдын ичинде эле Украинадагы согушта набыт болгон төрт кыргыз жаранынын сөөгү мекенине жеткирилди. Экөөнүн сөөгү Орусиянын аймагында "вагнерчилердин" көрүстөнүндө коюлганы белгилүү болду. Каза болгондордун бардыгы Орусияда түрмөгө кесилип, "Вагнер" тобуна кошулгандар.

Украинада орус армиясы жаз айларында оор жоготууга учурагандан кийин “Вагнер” (“ЧВК Вагнер” же "Вагнер жеке аскердик компаниясы") абакта жаткандарды азгырып, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Алардын катарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары бар.

"Вагнердин" өкүлдөрү абактарды кыдырып, кесилгендерди азгырганын орус түрмөлөрүндө отурган кыргызстандыктар дагы "Азаттыкка" ырасташкан. Кыргызстандык канча атуул жалданмалардын торуна түшкөнү азырынча белгисиз.

“Вагнер” компаниясы - бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган.

Жер титирөө: Кыргызстанда үйлөр коопсузбу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:47:07 0:00

 «Биз жана дүйнө» программасынын бул чыгарылышында  Түркиядагы миңдеген адамдын өмүрүн алган зилзаланын кесепеттери, ураган үйлөрдүн чоо-жайы жана Кыргызстандын курулуш тармагындагы соңку жагдайды талкууладык.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG