Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:32

Борбор Азия

Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

Өзбекстанда Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынса, азыркы президент Шавкат Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте калууга жол ачылат.

Баш мыйзамдын жаңы редакциясында мамлекет башчынын ыйгарым укуктары беш жылдан жети жылга узартылып, эки мөөнөт сунушталган. Аткаминерлер конституциялык өзгөртүүлөр акыркы жылдары реформаларды улантууга салым кошот дешсе, талдоочулар бул жараянды бийликти бекемдөөнүн амалы катары сыпатташууда.

Парламент бир добуштан колдоду

Өзбекстандагы референдум 30-апрелге белгиленген. Баш мыйзамдын жаңыланган редакциясы 15-мартта жарыяланды.

Азыркы Конституцияда 128 берене бар. Жаңыланган Баш мыйзамга 65% өзгөртүү киргизилип, беренелердин саны 155 болмокчу. Мыйзам долбоору meningkonstitutsiyam.uz деген сайтта өзбек, каракалпак жана орус тилдеринде коомдук талкууга коюлган. Жаңыланган Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өткөрүү демилгеси парламентте 14-мартта дээрлик бир добуштан колдоо тапты.

Коңшу өлкөдө Ислам Каримов чейрек кылымдан ашуун бийликте турганда президенттин мөөнөтү эки жолу өзгөртүлгөн. Ар бир жолку өзгөртүүдө кызматтагы президенттин мурда иштеген жылдары жокко чыгарылган.

65 жаштагы Шавкат Мирзиёев 2021-жылдын ноябрында азыркы Конституцияга ылайык, экинчи жана акыркы жолу президент болуп шайланган. Анын азыркы мөөнөтү 2026-жылы аякташы керек.

Сенаттын төрагасы Содик Сафоев Конституциянын жаңыланган варианты кабыл алынгандан кийин Мирзиёевдин буга чейинки кызмат жылдары жокко чыгарылып, алдыда дагы эки жолу президенттикке талапкерлигин коё аларын айткан. Мирзиёев өзү алдыдагы пландары тууралуу үн ката элек. Парламенттеги акыркы талкууларда президенттин мөөнөтүнө байланыштуу эч кандай сөз болбоду.

Аткаминерлер конституциялык өзгөртүүлөрдү Мирзиёевдин бийликке келиши менен башталган реформаларды улантуудагы маанилүү кадам катары сыпатташууда. Айрым блогерлер жана белгилүү инсандар социалдык түйүндөрдө “Мен кайдыгер эмесмин” деген челленж баштап, элди жаңы Конституцияны колдоого чакырышууда.

"Конституция роль ойнобойт"

Айрым талдоочулар азырынча реформалар негизинен социалдык-экономикалык тармакта гана болуп, саясий чөйрөнү өзгөртүү аракети көрүлбөй жатканын айтышат.

Олий мажлистин мурдагы депутаты Жахонгир Маматов “"Эркин Европа/Азаттык” радиосуна мындай ой бөлүштү:

“Конституция эч кандай маанилүү роль ойнобойт. Өзбекстанда 30 жылдан бери Баш мыйзам иштебей турган жөн эле бир документ болуп калды. Элге пайдасы тийбеген документ. Эл аралык коомчулуктун көзүн будамайлаган жөн эле бир кагаз. Аны жаңылайбы, мурдагы бойдон калтырабы, эч нерсе өзгөрбөйт. Азыркы президент кызматка келген учурда деле Конституция роль ойногон эмес. Башка учурларда да роль ойнобойт”.

Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин былтыр жайда Мирзиёев көтөргөн. Документте Каракалпакстан автоном Республикасынын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди алып салуу сунуш кылынганда, аймактын борбору Нукус шаарында нааразылык акциялар тутанып, кан төгүлгөн. Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын билдирген.

Өзбекстанда 2017-жылы Мирзиёев бийликке келгени катаал саясий режим жумшарганы менен, күчтүү президенттик башкарууга негизделген авторитардык система сакталып келатканы эл аралык уюмдардын рейтингдеринде айтылып жүрөт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтун жолугушуусу. 1-6-декабрь , 2022-жыл.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтун жолугушуусу. 1-6-декабрь , 2022-жыл.

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу аяктады.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 10-16-марттын аралыгында болгон кездешүүнүн жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Протоколдо камтылган маселелер тууралуу кенен маалымат берген жок

Кийинки жолугушууну Кыргызстандын аймагында өткөрүү макулдашылганын кабарлады.

Кыргыз тарап көйгөйлүү маселеге айланган Тажикстан менен чек араны быйыл майга чейин бүткөрүү ниетин билдирип келет. Чек ара аймагында жашаган жергиликтүү тургундар тынчсыздануу дале сакталып турганын айтышууда.

Дүйшөмбү шаарында 10-мартта башталган Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу 16-мартта аяктайт.

Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев "Азаттыкка" коңшу өлкөнүн аймагындагы жолугушуу планга ылайык жүрүп жатканын ырастап, бирок кеңири маалымат берген жок.

"Учурда жумушчу топ жолугушуусу Тажикстанда өтүүдө. Иш жүрүп жатат. Канча чакырым жылыш болгону, канча калганын айтпай эле туралы. Ишке кедергиси тийип калбасын".

Эки өлкөнүн тиешелүү адистеринен турган жумушчу топ ай сайын сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келет. Былтыр декабрда кыргыз-тажик чек арасындагы 17,66 чакырым тилкени тактоо боюнча макулдашууга жетишилгени кабарланган.

Баткен: чек ара чатагынын саламаттыкка таасири
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:13 0:00

Кыргыз президенти Садыр Жапаров өткөн жылдын соңунда Баткендеги иш сапары учурунда май айына чейин чек араны тактоону аяктоого ниеттенип жатканын билдирген.

Ымалага ыктаган билдирүүлөр, элдин үмүтү

Өткөн айда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Бишкек менен Дүйшөмбүнүн өз ара мамилеси жакшы нукта баратканын жарыялаган.

Кошуна өлкөнүн Согд облусунун жетекчилиги дээрлик эки жылдан бери жабык турган кыргыз-тажик чек арасы жакында ачылышы мүмкүн экенин маалымдаган. Чек ара аймактарында жашаган кыргызстандык жарандар дал ушул маселеге кулак түрүп турушат.

2021-жылы апрель-майдагы чек ара жаңжалынан кийин Кыргызстан тарап тактоо иштери бир жаңсыл болгонго чейин деген негизде Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.

Ошондон бери чек арада каттамдар, соода-сатык токтоп турат.

Лейлек районунун Арка айылында ишкерлик менен алектенген Ахунжан Шакиров тынчтык болушун, чек ара маселеси тезирээк чечилип, коңшулар менен мамиле калыбына келсе деген ниетин билдирди:

"Жаңжал болбогон учурда иш жакшы болуп жаткан эле. Тажик туугандарга караганда бизде азык-түлүк арзан болчу. Бизден соода кылып кетишчү. Билбейм, эмнеге мындай болуп кетти. Эми тынчтык болсо, чек ара чечилсе, үйдө да тынч жашасак... Жашоону улантышыбыз керек да. Президенттер эле киришип сүйлөшүп жакшы кылып чечип берсе баарыбызга жакшы болот".

2022-жылдын сентябрындагы чек арадагы куралдуу жаңжалда үй-жайы өрттөлүп, талкаланган жана коопсуздуктан корккон 2 миңдей тургун өз үйлөрүнө кайта элек. Алар коопсуз жашоого эч ким кепилдик бербейт деп чочулап, конуштарына кайткысы келбей турушат.

Ак-Сайдын жашоочусу Бүбүамира Турдалиеванын пикирин угалы:

"Эл мамлекет чек арабызды кылдат чечип берсе, коопсуздугубузду камсыздап кепилдик берсе дешет. Башка жактан кыйналган кыргызстандыктарды, этникалык кыргыздарды алып келип отурукташтырса да макул дейт элек. Чек ара аймагына элди кайтарып, санын көбөйтүү керек. Коопсуздукка кепилдик берилиши абзел".

Жергиликтүү бийлик болсо жазгы талаа иштери башталып жаткан учурда жаңжалдарды алдын алуу үчүн Тажикстандын Баткенге кошуна аймактарынын расмийлери менен жолугушуулар өтүп жатканын билдиришти. Баткендин тургуну Муратали маселени чечүү үчүн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү, келишимдер керек деп эсептейт:

"Мындай жолугушуулар тынымсыз эле өтүп турганын угуп жүрөбүз. Бирок кайра эле чыр чыгып кетип жатат да. Менимче, элге ишеничтүү келишим керек. Мамлекет башчылары макулдашып, чыр чыкпай тургандай болгондо гана эл ишенет. Антпесе ишеним жок болуп калды. Элге тынчтыкты камсыздаган кепилдик керек болуп турат. Чек ара кооптуу эмес деп айтыш кыйын. Эл кооптонуп отурат".

"Маселе жумушчу топтун ишинен көз каранды"

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев чек араны ачуу маселеси кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча чечимдер топографиялык жумушчу топтордун ишинин натыйжасына карап кабыл алынарын айтууда:

Маруфхан Тулаев
Маруфхан Тулаев

"2021-жылдын 21-майында өкмөттүн атайын буйругу менен чек ара жабылган. Албетте, бул - соода-алака биротоло токтоп калат дегендик эмес. Чек арадагы карым-катнаш качан калыбына келип, соода-алака качан жанданарын так кесе айталбайбыз. Ал маселе чек араны тактоо боюнча жумушчу топтун ишине карап Министрлер кабинетинин чечими менен ишке ашат. Ага чейин облустук, райондук, айылдык деңгээлде жолугушуулар тынымсыз өткөрүлүп жатат".

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Тактоо иштери 2002-жылы башталган. Анын 664 чакырымы боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы ырасташкан. Калган 300 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоодо маселе жаралууда.

Эки өлкө ортосундагы чек аранын тактала электигинен улам ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып турат. Эң ириси былтыр сентябрда болуп, Кыргызстан анда 63 жаранынан айрылды.

Анын айынан Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тартты. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун жарыялаган.

Кан төгүү менен коштолгон жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Андан бери эки тарап дипломатиялык жана чек ара боюнча сүйлөшүүлөрүн улантып келе жатканын расмий кабарлашкан.

14-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарына Тажикстанга барууну, саякаттоону убактылуу токтотуп турууну сунуштады. Муну Дүйшөмбү шаарындагы эл аралык аэропортко барган кыргызстандыктар Тажикстанга киргизбей жатканы менен түшүндүрдү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG