Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:20

Борбор Азия

Орусияда Wall Street Journal гезитинин журналисти кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:28 0:00

"ПолитКлиника" басылмасы "Мега" компаниясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатуудагы күмөндүү жагдайларды иликтеп чыгып, бул ишке Максим Бакиевге байланышы бар делген адамдар аралашып жатканын кабарлады. МАГАТЭнин башчысы Рафаэл Гросси согуш башталганы Украинадагы Запорожье атомдук электр станциясына экинчи жолу барды. Дарыгерлер Ош облусунун Кара-Суу районунда ууланган окуучулардын абалы канааттандырарлык экенин билдирди. Мектепте 43 окуучу "атырга" ууланып, ооруканага түшкөн. Орусияда Wall Street Journal гезитинин журналисти Эван Гершкович тыңчылыкка шектелип кармалганы кабарланды.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Жакындары берген сүрөт.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Жакындары берген сүрөт.

Орусияда бычакталып каза болгон 17 жаштагы кыргызстандык Анвар Кубанычбек уулунун сөөгү мекенине жеткирилип, 26-мартта Жумгалда жерге берилди. Анын жанындагы шериги учурда оор абалда жатат.

Махабат Жанышева уулун бир жыл мурун Орусияга узатып, эми сөөгүн тосуп алды. Он жетиге эми толгон баласынын киши колдуу болгонуна ишенгиси келбей, боздоп отурат.

“Атасы жок өстүргөн баламды жок кылып алдымбы? Ушинтип айрылып каламбы? Акыйкаттык издейм, мен кылмышты жасаган төртөө деп угуп жатам. Төртөөнүн тең жазасын бергиле. Бойго жете элек болчу... Менин жөжөм бизди сыздатып калтырып кетип жатат. Жазасын бергиле...”.

Анвар Кубанычбек уулу.
Анвар Кубанычбек уулу.

Бычакталып өлтүрүлгөн Анвар Кубанычбек уулунун сөөгү 26-мартта Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында жерге берилди. Маркумдун жакындары анын жоош, боорукер экенин айтууда. Атасы 2012-жылы жол кырсыгынан каза болгон. Анвар Кубанычбек уулу үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу - эжеси жана иниси бар. Апасы - Махабат Жанышева Чүйдүн Сокулук районунда жашачу.

"Бөйрөккө сайыптыр..."

Анвар бир жылдан бери Орусияда иштеген аталаш туугандарынын үйүндө жүргөн. Жумгалдагы аталаш агасы Мирбек Асаналиев инисинин өлүмү жөнүндө буларды айтып берди.

“Ал жакта (ред: Орусияда) 18 чыкмайынча жумушка албайт экен. Окуйм, жумуш чыгып калса иштейм деп жүргөн. Туугандардын үйүндө жардам берип жүргөн. Алар жакында эле балалуу болушкан. 21-мартта үйгө кечки саат 11лерде келген экен. Москвада бир үйдү ижарага алып, өзүнчө-өзүнчө бөлмөлөрдө жашашат эмеспи. Иним бир бөлмөдө үч бала менен турчу. Тууганыбыз саат түнкү бирде алар үйдө уктап жатышкан дейт. Саат үчтөрдө чоочуп ойгонуп кетип караса, үчөө тең жок экен. Алар түнү менен издеп, милицияга дагы барышат. Анан таңга маал кошуна райондон сөөгү табылып жатпайбы. Угушубузча үч кыз чакырган экен. Бир кыз менен алардын бирөө сүйлөшүп жүргөн окшойт. Өлтүргөн балдар кыздарды кое бербей жатат деп чакырышыптыр. Чыр чыгып инимди бөйрөккө сайып, бычакты бурап салыптыр. Экинчисин жүрөк тушка сайыптыр. Үчүнчүсү качып кеткен экен”, - деди Асаналиев.

Мирбек Асаналиевдин айтымында, бычак жеп аман калган 17 жаштагы улан Москвада ооруканада оор абалда жатат. Ал кеп болгон кыргызстандык үч кыз дагы күбө катары суралганын билдирди.

"Чырдын себеби белгисиз"

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусияда киши колдуу болгон 17 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча 24-мартта билдирүү тараткан. ИИМ кылмышка шектүү катары 20-21 жаштардагы төрт кыргыз жараны кармалганын кабарлады. Шектүүлөрдүн жанынан пневматикалык курал жана бычак табылган.

Милиция адам өлтүрүүгө себеп болгон чыр жөнүндө маалымат берген жок. Бул окуя боюнча Москва облусуна караштуу Красногорск шаарынын тергөө бөлүмү "Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козгоду.

Ушу тапта Орусияда 2 миң кыргызстандык түрмөдө жатат. Расмий маалыматка ылайык, 7 миллион калкы бар Кыргызстандын бир миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт.

Орусиядагы мигранттар арасында түрдүү кылмыш жасап, абакка түшкөндөр көбөйүп жатканы тууралуу маселе бир нече жолу Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Алардын арасында мекендештерин тоногон, опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү бар экени айтылып келет.

Мигранттар арасындагы кылмыштуулук

Өткөн жылы Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусияда 1834 кыргызстандык ар кандай кылмыштарга айыпталып абакта отурганын билдирген. Кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардын көбү "уурулук" беренеси менен камалган. Арасында "киши өлтүрүү", "баңгизат ташуу" беренелери менен абакка түшкөндөр бар. Өтө оор кылмыштар менен 859, экономикалык кылмыштар менен 109, баңгизатка байланыштуу 327 адам абакта отурганы айтылган.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн инспектору Нурдин Жороев былтыр жыл соңунда "Азатыкка" курган маегинде, жалпы эле кылмыштуулуктун, анын ичинде маңзатка байланыштуу кылмыштардын саны өсүп жатканын айткан.

"Орусияда 2022-жылдын январь-октябрь айларында жалпы 1,6 миллиондон ашык кылмыш катталган. Анын ичинде 154 миңден ашыгы маңзатка байланыштуу козголгон. Статистикага ылайык, былтыркы жылга салыштырмалуу кылмыштуулук 6,1% көп катталып жатат. Орусиядагы чет өлкөлүктөр, анын ичинен мигранттар аралашкан 34 миңден ашык кылмыш катталды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 10,6% көп болуп жатат. Кылмыштуулуктун жалпы саны көбөйүп жатат. Ушундан улам кыргыз жарандары катышкан кылмыштар көбөйүүдө деп айта албайбыз. Ошол 34 миңден ашык кылмышты 28 миңине КМШ өлкөлөрүнүн жарандары аралашып жатат. Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттар арасында кылмышка аралашкандардын саны боюнча биринчи орунда Өзбекстан, андан кийин Тажикстан, үчүнчү орунда Кыргызстан турат. Статистикага ылайык, тогуз айдын ичинде биздин жарандар катышкан 3192 кылмыш катталды. Анын ичинен 432си маңзатка байланыштуу. Былтыр биздин жарандар катышкан кылмыштардын жалпы саны 3908 болсо, анын 327си баңгизаттарга байланыштуу болгон. Тогуз ай ичинде эле былтыркы жалпы көрсөткүчтөн ашып кетти, көбөйүп жатат".

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG