Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:34

Борбор Азия

Кыргыз паспортун зарыгып күткөн кайрылмандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:24 0:00

2022-жылы башка өлкөлөрдө жашаган 507 этникалык кыргызга кайрылман макамы берилип, Кыргызстандын паспорту тапшырылды. Мунун 338и Тажикстандан келгендер. Тек-жайын тастыктоочу документи жок кайрылман катары Кыргызстандын паспортун ала албай жүргөндөр да бар.

Шахризaда Ахмедова.
Шахризaда Ахмедова.

Өзбекстандык ырчы Каниза (Шахризaда Ахмедова) денеге түспөлдөш шым кийип, тойдо ырдап чыкканы үчүн бир айга лицензиясынан ажыратылды. Маданият жана туризм министрлиги ырчынын бул аракетин "адепсиз" деп сыпаттады.

Бир айлык эскертүү

1-мартта өзбекстандык "Daryo" басылмасы өлкөнүн Маданият жана туризм министринин орун басары Баходир Ахмедовго шилтеме берип, Каниза деген каймана ат менен белгилүү эстрада ырчысы Шахризaда Ахмедованын лицензиясы бир айга алынганын билдирди.

"Кеңештин мүчөлөрү Ахмедованы лицензиясынан ажыратуу чечимин бир добуштан колдошту. Ага катуу эскертүү берилди. Бир айдын ичинде анын кыймыл-аракеттери жакшырса, лицензия алуу үчүн кайра арыз бере алат. Чынын айтсам, бул кыз эмнеге мындай кылды түшүнгөн жокмун. Ага ушундай нерселердин кереги барбы? Акыл-эси жайында, акылдуу, билимдүү кыз. Бир айдын ичинде катасын оңдосо оңолот, болбосо андан да катуу чара көрүлөт. Мындан башка артисттер да жыйынтык чыгарса жакшы болот”, - деп билдирди аткаминер.

Шахризaда Ахмедова бир жума мурун тойго барып, денеге түспөлдөш шым, ак көйнөк жана кара булгаары куртка кийип ырдап чыккан. Соцтармактардын колдонуучулары ырчыны "жылаңач сахнага чыкты" деп сынга алышкан.

37 жаштагы Шахризaда "Өзбекконцерт" мамлекеттик ишканасын, Маданият жана туризм министрлигинин чечимине дароо жооп кайтарып, агынан жарылды.

"Өзбекконцерт" мурда "Узбекнаво" деп аталчу. Ар бир тапшырмаңар менен айылдарда, чаң баскан талааларда чуркап, кызмат кылдык. Бизге рахмат айттыңарбы? Сыйлык жөнүндө сөз кылбай эле коёюн. Силердин атыңардан элге бекер кызмат кылдым. Мен бекер ырдаганымды билем, бирок эл акча төлөчү, алар башка чөнтөккө кетчү. Эмне үчүн концерттик залдарды толтуруп, 3000-4000 кишиге эки саат бою уят сөздөр менен концерт койгондордун лицензиясы ордунда турат? Эмне үчүн социалдык тармактарда, концерт учурунда да ачык кийингендердин лицензиясы алынбайт? Анткени алардын "колдоочулары" күчтүү? Кайсы тармакта адилеттүүлүк бар, айткылачы? Жада калса сыйлыктар да "колдоочусу" жана акчасы барларга берилип жатканын баары билет, бирок эч ким эч нерсе деп айта албайт", - деди өзбекстандык ырчы.

Шахризaда Ахмедова "Daryo" басылмасына берген маегинде, Маданият министри Озодбек Назарбеков жана "Өзбекконцерттин" жетекчилиги, юрист жана көз карандысыз журналисттер менен жолугушууну көздөп жатканын кошумчалады.

Өзбек бийлиги чектеген талаптар

Өзбекстанда ырчылардын жүрүм-турумун көзөмөлдөгөн "Узбекнаво" аттуу мамлекеттик мекеме бар. Бул уюм ырчыларга лицензия берип, жоругу жакпагандардын ырдоосуна тыюу салууга акылуу.

Өзбекстанда ырчы болууну каалагандар аталган мекемеден лицензия алмайынча чыгармачылык менен алектене албайт. Жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөздөрү чектен чыккандарды жазалоо иретинде лицензиясын убактылуу токтотуп коюу тажрыбайсы бир канча жылдан бери колдонулат.

Алсак 2016-жылы "Узбекнаво" мекемеси ырчы Тамиланын (Эсмеральда Рахматова) "соцтармактарга жайылып кеткен интимдик видеосун" жүйө кылып лицензиясын жокко чыгарган.

2018-жылы "Өзбекконцерт" ырчы Шахло Ахмедованын концерттик ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Мекеменин басма сөз кызматы "Артисттин "Летние дожди" ("Жайкы жамгыр") деген клибинде кыз-жигиттин мамилеси "өтө эле ачык" көргөзүлгөн, улуттук менталитетке, жалпы улуттук баалуулуктарга жана чыгыш адеп-ахлагына туура келбейт", - деп комментарий берген.

Чектөөлөр тууралуу сөздү улантсак, 2017-жылы өзбек бийлиги жергиликтүү ырчыларга чет элдик чыгармалардын римейктерин же араб, орус, түрк, англис ж.б. башка тилдерден өзбекчеге которулган ырларды аткарууга тыюу салышкан.

Блогерлер 15 күнгө камалды

Коңшу Өзбекстанда блогерлерге да кысым күч алууда. Жол кайгуул кызматкери тууралуу видео тартып, соцтармактарда жарыялаган эки блогер 15 күнгө камакка алынганын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Анда айдоочунун жол кайгуул кызматкерине пара берип жатканы сатиралык тасма менен чагылдырылган. Айрым маалыматтарга караганда, видео өткөн айда Кашкадарыя облусунун Шахрисабз шаарында тартылган.

1-мартта Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул видеону тарткан блогерлер кармалганын, алар окуяга өкүнүп жатканын билдирди.

"МАИ кызматкеринин жасалма костюмун кийип, видеого тартып, Инстаграмга жайгаштырганбыз. Форманы кийип, мыйзам бузганыма өкүнөм. Мындай көрүнүш кайталанбайт деп убада берем".

Сот эки өзбекстандык блогерди "майда бейбаштык" жана "милициянын формасын мыйзамсыз колдонуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 15 күнгө эркинен ажыратты.

Шавкат Мирзиёев: ММКларды эч качан жаппайм

Өзбекстанда акыркы жылдары видеоблог өнүккөн. Айрыкча YouTube жана Телеграмда өкмөттү сындаган блогерлер көбөйдү. Президент Шавкат Мирзиёев блогерлерге колдоо көрсөтөрүн убада кылып, "аткаминерлерди сындагыла" деген.

1-мартта өзбек лидери Кашкадарыя облусунда мектеп окуучулары менен жолугушуусунда сөз эркиндиги маселесине токтолду. Ага "маалымат каражаттарын жабуу" сунушу түшкөнүн, бирок Мирзиёев эч качан мындай сунушту кылбай албай турганын белгиледи. Ошол эле учурда президенттин басма сөз кызматы тараткан кыска видеорепортажда Өзбекстандагы маалымат каражаттарын ким жана кантип жабууга аракет кылып жатканы тууралуу эч нерсе айтылбайт.

Акыркы бир айдын ичинде Өзбекстанда 10го жакын журналист жана блогер камакка алынган. Алардын арасында мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын жетекчилери да бар. 31-январда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Human.uz сайтынын негиздөөчүсү Хуршид Далиев менен белгилүү журналист Мавжуда Мирзаева камакка алынганын билдирди.

Мавжуда Мирзаева, Хуршид Далиев.
Мавжуда Мирзаева, Хуршид Далиев.

Мирзаевага Кылмыш-жаза кодексинин "Көз боёмочулук" беренеси менен айып тагылууда. Ал эми Мамлекеттик коопсуздук кызматы Хуршид Далиев жана алты журналист Kompromat.uzb Телеграм-каналынын администратору катары камакка алынганын жана алар башкалардан "опузалап акча талап кылган" деп шектелгенин маалымдаган. Арасында "Узбекнефтгаз" ишканасынын басма сөз катчысы да бар.

Буга чейин Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы Өзбекстандагы белгилүү блогер, Ютубдагы Ko'zgu каналынын автору Абдукодир Муминов кармалганын ырастаган. Ал "Опузалап акча талап кылуу" жана "Алдамчылык" беренелери менен шек саналууда. Муминовдун жакындары жана активисттер блогердин кармалышына анын кесиптик ишмердүүлүгү, тагыраак айтканда, президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн дарегине айтылган сын себеп болгонун айтышууда.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун билдирүүсүндө коңшу өлкөдө "жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлерди сындоо дагы деле мүмкүн эмес" деп айтылат. Уюмдун “Дүйнөдөгү медиа эркиндиги” индексинде Өзбекстан 80 өлкөнүн ичинен 133-орунда турат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG