Байкоочулар бул көрүнүштү түрдүүчө баалашат: айрымдар муну элге жакын болуу аракети десе, башкалар саясий пиар катары көрүшөт.
Интернеттеги эң жигердүү үй-бүлө
Кең жана алтын жалатылгандай жылтырак эмеректер менен жасалгаланган үй. Холлдогу бийик жаңы жылдык балатынын алдында белектер салынган кутулар жатат. Чоң үстөлдүн айланасында жубайлар жана алардын үч кызы бири-бирине белек берип жатышат. Мышык аларды айланып басып жүрөт. Мындай көрүнүш тартылган видеону Өзбекстандын президентинин кызы Шахноза Мирзиёева 31-декабрда Инстаграмга жүктөдү.
Мекендештерин майрам менен куттуктаган Мирзиёева: “Жылмайгың келет, жакындарыңды кучактагың келет жана жакшылыкка ишенгиң келет. Бул - кубаныч менен үмүттүн учуру, үйүң жакындардын үнү менен толуп, чыныгы жылуулук пайда болгон маал”, - деп жазган.
Өзбекстандын Улуттук социалдык коргоо агенттигинин директорунун биринчи орун басары, мамлекет башчысынын кенже кызы Шахноза Мирзиёева социалдык тармактарда активдүү. Анын жолдошу, спорт ишмери жана президенттин коопсуздук кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Отабек Умаров да социалдык желени жигердүү колдонуп, үй-бүлөлүк сүрөт, видеолорду такай жарыялап турат.
Декабрда алардын кызы Рания республикалык “Чебер пианист” сынагында экинчи орунду ээлегенде, Умаров видео бөлүшүп, кичүү кызынын ийгилиги менен сыймыктанганын билдирген.
2025-жыл аяктап калганда Шахнозанын мышыгынын жоголуп калганы да социалдык тармактарда күтүлбөгөндөй талкууга айланган темалардын бири болду. 12-октябрда ал Инстаграмга мышыгы жоголгонун жарыялап, аны табууга элден жардам сурады, ал тургай телефон номурлар жана үй дарегинен бери жазды. Пост кыска убакыт ичинде он миңдеген лайк жана комментарий топтоду, дээрлик бардык таанымал блогерлер жана тармак активисттери аны бөлүштү. Мышык ошол эле күнү табылганы маалымдалды.
Мамлекет башчынын тун кызы, Президенттик администрациянын жетекчиси Саида Мирзиёева да бул жаатта сиңдисинен артта калбайт.
Анын баракчасына жумуштагы жолугушууларынан, өлкө ичиндеги жана чет өлкөлөрдөгү сапарларынан фото жана видеолор такай жарыяланат. Үй-бүлөлүк сүрөттөрдү бөлүшкөндү да унутпайт. Жыл аягында ал уулу Шавкат менен кинотеатрга барганын жазып, фойеде түшкөн сүрөтүн бөлүштү.
Саида Мирзиёеванын уулу апасынын "миссиясы" тууралуу көп сериялуу кыска документалдуу видеороликтерге да катышкан. Президенттин неберелери энелери менен бирге чет элдик жылдыздардын концерттеринде алдыңкы катарда отурушат.
"Гуров жана өнөктөштөр - Борбор Азия" коммуникациялык тобунун башкаруучу өнөктөшү, тарых илимдеринин кандидаты Канатбек Мурзахалилов мындай контент адатта саясий пиар катары кызмат кыларын белгилейт.
"Классикалык коммуникация түшүнүгүндө бул жумшак пиар деп эсептелет. Муну бийликтеги муундардын ортосундагы мамилелерди легитимдештирүү деп атоого да болот. Мен азыр белгилүү бир өлкө тууралуу эмес, жалпы тенденция жөнүндө айтып жатам", - дейт Мурзахалилов.
Президенттин туугандарынын постторунун жана алар тууралуу жарыялардын астындагы комментарийлердин басымдуу бөлүгү мактоо жана даңазалоо таризинде жазылат.
Таанымал жылдыздар да мактоолорду жаадырып турушат. Мисалы, Өзбекстандын эл артисти Юлдуз Усманова мамлекет башчысынын жакындарынын, айрыкча Саида Мирзиёеванын ишин даңазалаган видео кайрылууларды тез-тез бөлүшөт.
"Алкыш! Кымбаттууларым, көрүп турасыңарбы, администрация башчысы Саидахан Шавкатовна кандай иштеп жатат? Биз анын ордунда болгондо, башыбыз айланып калмак. Ал болсо ашыкча сөзсүз, өз ишин аткарып, бир убакта тартипке келтирип, агартуу менен да алектенет. Керемет иш, чындап эле мактоого арзыйт. Ал кол чабууга татыктуу", - деп билдирген ырчы декабрда бөлүшкөн видеодо.
"Понт" же пиар?
Мирзиёевдин кыздары баракчаларында мезгил-мезгили менен актуалдуу маселелерди, негизинен социалдык суроолорду да көтөрүп турушат. Байкоочулардын айтымында, бул айрым көйгөйлөрдүн чечилишине да түрткү болушу мүмкүн, тагыраагы аткаминерлер өз тармагындагы кемчиликтерге айтылган сындарды иш-аракетке чакырык катары кабыл алышат.
Саясий аналитик Рафаэл Саттаров белгилегендей, Өзбекстанда социалдык тармактар президенттик үй-бүлөнүн таасирин күчөтүүдө маанилүү роль ойнойт.
"Мындай көрүнүш дүйнөлүк тажрыйбада да бар, бирок ал көбүнчө монархиялык башкаруу формасындагы өлкөлөргө мүнөздүү. Мисалы, Улуу Британияда биринчи үй-бүлө ханзааданы же анын баласын башка мамлекет башчыларына тааныштырышы мүмкүн. Ал эми Өзбекстан республикалык башкаруу формасын тандаган. Бул система боюнча баары тең, хан да, бек да, эмир да жок. Бирок биздикилер өздөрүн монархтардай алып жүрүшөт", — дейт Саттаров.
Өткөн жылдын августунда Ташкенттеги "Бунёдкор" футбол академиясынын талаасында өзбекстандык жана дүйнөлүк футбол легендаларынын ортосунда достук беттеши өткөн. Роберто Карлос, Фабио Каннаваро, Миржалол Касымов, Адыл Ахмедов, Игнатий Нестеров сыяктуу атактуу футболчулар менен бирге президент Шавкат Мирзиёевдин уулу Миралишер жана Саида Мирзиёеванын чоң уулу Миромон да топ тепти. Айрым социалдык тармак колдонуучуларынын: "Президенттин уулу жана небереси дүйнөлүк жана өзбек футболунун легендаларына кандай тиешеси бар?" - деген суроолору жоопсуз калды.
"Баланын балалык кези болушу керек. Ал мектепке барып, теңтуштары менен ойноп жүрүшү зарыл. Чоң агаларынын жанында жүрүүнүн кереги жок. Балдарды пиарга колдонуу, коомчулукка алып чыгуу кажет эмес, бул алар үчүн оор, алар эрте эле “жылдыз оорусуна” чалдыгышы мүмкүн", — дейт саясий талдоочу Рафаэл Саттаров.
Ошол эле учурда президенттик үй-бүлөнүн социалдык тармактардагы активдүүлүгү коомчулукка ачыктык жана отчеттуулук катары мүнөздөлөт. Талдоочулар расмий жана үй-бүлөлүк контенттин көбөйүшү - алардын жеке жана расмий беделин бекемдөөгө кызмат кыларын белгилешет.
"Ашыкча бийликке негизделген пиардан бир аз карманган жакшы. Анткени дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, бул жол, айрыкча Азия өлкөлөрүндө, алыска алып барбайт. Биз муну Бангладеште, Непалда жана Филиппиндерде көргөнбүз. Ал жакта элита өкүлдөрүнүн балдары же туугандары социалдык тармактарда өздөрүнүн ашыкча шаан-шөкөттүү жашоосун көрсөтүшкөн. Мындай “понт” коомчулуктун кыжырын келтирет. Ошондой эле бул көрө албастык факторуна айланышы да мүмкүн. Бирок эң негизгиси, мүлктүк теңсиздик өсүп жаткан, электр, суу жана газ менен камсыздоодо көйгөй көбөйүп, баалар күн сайын өсүп жаткан учурда мындай "демонстрация" жакшы кабыл алынбайт. Бул пиар эмес, бул - “понт”. Жөнөкөй болгон жакшы", - дейт Саттаров.
Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кыздары да бир кезде социалдык тармактарда активдүү болушкан. Айрыкча азыр камакта жаткан Гүлнара Каримова Твиттерди көп колдонуп, ал тургай комментарийлерде кайым айтышкан учурлары да болгон. Каримовдун улуу кызы Лола Тилляева-Каримова азыр социалдык желеге сейрек пост жазат, анын акыркы билдирүүлөрүнүн бири - атасын мактаган пост болду. Каримовдун небереси Мариям Тилляева болсо бүгүнкү күндө социалдык медиада таанымал блогер катары белгилүү.
Соцтармактагы активдүүлүктүн зыяны
Борбор Азияда мамлекет башчысынын туугандарынын социалдык тармактардагы жигердүүлүгү биринчи үй-бүлөнүн аброюна сокку урушу мүмкүндүгү буга чейин болгон. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаевдин окуясы - мунун айкын мисалы.
Мурдагы президенттин кызы Дарига Назарбаеванын уулу жана Англиядагы "Сандхерст" Аскер академиясынын бүтүрүүчүсү Айсултан жаркын карьера кура алмак. Бирок ал баңгизатка көз каранды болуп, Назарбаевдердин үй-бүлөсү жылдар бою түзгөн образга олуттуу зыян келтирген чуулгандуу окуялардын борборуна айланган.
Фейсбукта Айсултан туугандарын "ачкөздүккө", коррупциялык схемаларды түзүүгө айыптап, Дарига Назарбаева "магия жана сыйкырчылыкка кызыгат" деген бүдөмүк постторду жарыялаган. Акырында ал: "Апам мени атамдын уулу болгонум үчүн дайыма тизгиндеп турган", - деп жазган.
Назарбаевдердин үй-бүлөсү бул билдирүүлөргө эч кандай комментарий берген эмес. Саясий чөйрөлөрдө президенттин айланасындагылар журналисттерди бул теманы көтөрбөөгө жана "баңгизатка көз каранды баланын кайгысын арзан рейтинг үчүн пайдаланбоого" чакырышкан.
Кийинчерээк Айсултан үй-бүлө мүчөлөрүнөн, анын ичинде апасынан кечирим сураган постторду жарыялады. Бир нече ай өткөн соң, 2020-жылдын августунда аны Лондондогу паркта каза болгон абалда табышты. Британия полициясы анын "табигый өлүм" менен көз жумганын билдирип, өлүм учурунда канында кокаиндин деңгээли өтө жогору болгонун билдирди.
Инстаграмда Назарбаевдин кичүү кызы Алия да бир кезде коомчулуктун көңүлүн бурган. 2022-жылдагы Январь окуялары маалында массалык нааразылыктар башаламандыкка айланып, бийлик күч түзүмдөрүнө ок атууга буйрук бергенде Алия Назарбаева казакстандыктарга "атасын моралдык жактан колдогону үчүн" ыраазычылык билдирген жана ал "бул күндөрү өлкөнүн ар кайсы аймактарынан көптөгөн билдирүүлөрдү алып жатканын" жазган.
Ал кезде экс-президенттин кайда экени белгисиз болчу: башаламандыктар жана андан кийинки ок атуулар маалында ал унчуккан эмес (Назарбаев 18-январда гана видео кайрылуу жасаган). Бирок анын кызынын кайда экени колдонуучуларга тез эле маалым болду, Инстаграмдагы функция посттун Бириккен Араб Эмирлигинен аймагынан жүктөлгөнүн көрсөткөн. Казакстандыктар мурдагы мамлекет башчысынын кызы өлкөдөн чыгып кетип, чет мамлекетте экенин айта баштаганда, ал аккаунтка кирүүнү чектеп койгон. Алиянын баракчасы азыркыга чейин жабык.
Январь окуяларынан кийин Назарбаевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн саясий таасири төмөндөдү. Бирок анын айрым туугандары социалдык тармактарды мурдагыдай эле колдонушат. Маселен, Дарига Назарбаеванын уулу Нурали Алиев көп саякаттайт, дүйнөлүк жылдыздар катышкан иш-чараларга барат, спорт менен алектенет. Анын жубайы Аида (Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Берик Имашевдин кызы) Инстаграмда кыз-келиндерге коучинг сабактарды өтөт.
Башка президенттердин жакындары
Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаевдин Тимур аттуу жалгыз уулу бар экени маалым. Ал Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясын бүтүрүп, Москвада "Казакстан Республикасынын Батышка карата стратегиясы: улуттук кызыкчылыктар, артыкчылыктар, багыттар" деген темада диссертация коргогон. Учурда чоң атасы, жазуучу Кемел Токаевдин атындагы фондду жетектейт. Президенттин уулунун башка эмне менен алектенери тууралуу маалымат жок. Коомчулукка белгилүү аккаунттары да табылган эмес.
"Азаттык Азия" редакциясы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун балдарынын социалдык тармактагы аккаунттарын таба алган жок. Жапаров өзү бир нече жолу балдары атасынын талабы менен саясаттан алыс болорун айткан. Маалымат каражаттары анын уулдары бизнеске таандык жыйындарда жүргөнү тууралуу жазганда, Жапаров аларга жеке сектордо тажрыйба топтоого тыюу салбай турганын белгилеген.
Инстаграмда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кызы жана анын администрациясынын жетекчиси Озода Рахмондуку экени айтылган баракча бар. Верификациядан өтпөгөн бул баракчада негизинен "улут көсөмү" деп аталып, өлкөнү 30 жылдан ашык башкарып келе жаткан атасынын жана иниси Рустамдын жолугушуулары тууралуу видеолор гана жарыяланат.
Озода Рахмондуку экени айтылган баракчада үй-бүлөлүк сүрөттөр дээрлик жарыяланбайт. Жаңы жыл алдында гана сүрөттөрдөн чогултулган видео бөлүшүлгөн. Анда атасы тоодо эс алып жүргөнү, үй-бүлөсүнүн бейрасмий шарттагы учурлары көрсөтүлгөн.
Парламенттин жогорку палатасынын төрагасы жана Дүйшөмбү шаарынын мэри Рустам Эмомалиге таандык экени айтылган Инстаграм баракча таптакыр каралбай калгандай, ал акыркы жолу 2018-жылы жаңыртылган. Ал жакта да расмий иш-чаралардын гана кадрлары бар.
2025-жылы Түркмөнстанда президент Сердар Бердымухамедовдун эжеси Огулжахан Атабаева саясий аренага чыга баштаганы тууралуу сөздөр тарады. Ал мурдагы президент, атасы Гурбангулы Бердымухамедов атындагы кайрымдуулук фонддун вице-президенти. Атабаева өлкө ичиндеги конференцияларга катышып, чет мамлекеттердеги иш-чараларга барып, расмийлер менен жолугушуп турат. Бирок анын социалдык тармактарда баракчасы жок.
Дүйнөдөгү тажрыйба
Азербайжанда президент Илхам Алиевдин жакындары коомчулуктун алдына тез-тез чыгып турушат. Анын жубайы, өлкөнүн вице-президенти Мехрибан Алиева ар кандай маданий, кайрымдуулук жана эл аралык долбоорлорго катышат. Кыздары Лейла менен Арзу социалдык тармактарды активдүү колдонуп, расмий сапарлардан жана коомдук иш-чаралардан постторду жарыялап турушат.
АКШда президенттик үй-бүлөнүн коомдук жашоого катышуусу - калыптанган салт. Биринчи айым, адатта, социалдык долбоорлорду колдойт, президенттин үй-бүлө мүчөлөрү улуттук майрамдарга, кайрымдуулук жана коомдук иш-чараларга катышат. Социалдык тармактарда алар расмий сапарлардан, коомдук демилгелерден же үй-бүлөлүк учурлардан сүрөттөрдү такай бөлүшүшөт.
Дүйнөдөгү коомчулук менен байланышуунун эң күчтүү институционалдык системаларынын бири Британиянын падышалык үй-бүлөсүнө таандык. Коомчулук менен байланыш боюнча адистешкен топтор жана Букингем сарайынын басма сөз кызматы үй-бүлөнүн расмий жана күнүмдүк жашоосун чагылдыруу боюнча иштешет. Маалыматтар тартип менен жарыяланат, социалдык тармактагы баракчаларга жарыялана турган контентти кесипкөй адистер даярдашат.