“Жан дүйнө” радио берүүсүнүн бул жолу чыгарылышында Кыргыз эл артисти, кыргыз үнүн дүйнүгө таанытып жүргөн ырчы Бакыт Шатеновдун чыгармачылыгы тууралуу кеп болот. Радио рубриканын бул жолку чыгарылышын кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов сунуштайт.
Абдыкерим Муратовдун «Жесир калган жеңемдин кошогу» аңгемеси ушу тапта социалдык тармакта кызуу талкуу жаратып жаткан чагы.
Бишкекте мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов тууралуу тартылган толук метраждуу даректүү тасманын бет ачары өттү. Тарыхый инсандын өмүр жолун, ишмердүүлүгүн, жеке тагдырын баяндаган фильм көрүүчүлөрдүн эки ача пикирин жаратты.
Кыргыз эл жазуучусу, сценарист жана режиссер Мар Байжиев Александр Островскийдин “Сепсиз кыз” спектаклин азыркы учурга ылайыктап сахнага алып чыкты.
Фрида Кало (1907-1954). Бул ысым бүгүн мексикалыктар үчүн жан тумардай жакын. Анын шору калың тагдыры, жан дүйнөсүн ачып көрсөткөн сюрреалисттик сүрөттөрү, аюудай барбагай Диего Гарсиа экөөнүн махабаты кимди да болсо көңүл кош калтырбайт.
Фрида Кало (1907-1954). Бул ысым бүгүн мексикалыктар үчүн жантумардай жакын. Анын шору калың тагдыры, жандүйнөсүн ачып көрсөткөн сюреалисттик сүрөттөрү, аюудай барбагай Диего Гарсиа экөөнүн махабаты кимди да болсо көңүл кош калтырбайт.
Кытайлык профессор Хошуд Ценгелдин Кыргызстанга сапары жана Тамга-Таштагы жазманы чечмелегендиги тууралуу тарыхчынын блогу.
Мен бүгүн ушу тапта Чүйдүн Жаңы-Жер айылында жашап жаткан дабагер, жетимиштин кырындагы абабыз Сами Имрановдон уккан, чанда бир чыкчу сай күлүк Кары Боз тууралуу икаяны ортого салмакчымын.
Үкүбай Турумов - сталиндик репрессиянын кийинки толкунуна туш келгендерден.
Москвада мигранттардын "Аян" деп аталган кыргыз театры түптөлдү. 18-июнда чакан чыгармачыл топ көрүүчүлөргө «Падыша оюну» пьесасын тартуулады. Театр уюштуруу демилгесин Орусияда 17 жылдан бери иштеп жүргөн Айнаш Козубаева көтөрүп чыккан.
"Сөз дайра" берүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышында кыргыздар адамга эмнеге "жылдыздуу" деп баа бергенин чечмелейбиз.
Үй-бүлө турмушу өз ырааты, өз нугу менен өтүп кете берет экен. Анын ичинде жеке адамдын кайгысы менен кубанычы, арманы менен сүйүнүчү аралашып, мезгил бүктөмүндө калат.
Дагы жүктөңүз