Бул жолу Эл артисти, дирижер, "Камбаркан" этнографиялык-фольклордук ансамблинин жетекчиси Рысбек Жумакуновдун чыгармачылыгы тууралуу угасыздар. Жумакунов угармандарга кыргыз классиктеринин бир нече чыгармаларын жогорку көркөмдүктө оркестрлештирген адискөй музыкант катары белгилүү.
Мезгилдин эпкини менен кошо кыргыз тили да сомолонуп, бир жумуруга айланууда. Анын натыйжасында, борбордон алыскы аймактарда жашаган элдин тилиндеги жергиликтүү өзгөчөлүк жоголуп баратат.
«Азаттык» менен «Эсимде: өз тарыхын изилдөөгө кызыкчылык» акыл дөбө долбоору Элмира Ногойбаеванын Анна Герман аттуу кичинекей немис кыздын белгилүү поляк жана советтик ырчысына айланышын баяндаган макаласын сунуш кылат.
Кытайдын Борбордук опера театрынын өнөрпоздору «Манас» операсын кыргыз көрүүчүлөрүнө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында тартуулады.
Чернобыль атомдук станциясында мындан 33 жыл мурун болгон апаат тууралуу баяндаган сериал чыккандан бери ал жакка барууну каалаган туристтер 30-40 пайызга көбөйдү.
«KYZart» - кыздардан түзүлгөн алгачкы граффити долбоору. Анын мүчөлөрү Жаркын Жумакадырова жана Сейдана Акунова бул долбоорду негиздеп, ушул тапта Бишкек шаарындагы имараттардын дубалдарына сүрөт тартып жатышат.
Нарында бээ байланып, кымыз кызыган маал башталды. Айрыкча бээнин сүтүн дарылыкка деп, кымыз күчүнө кире электе, тагырагы үркөр чыга электе ичкенге ашыккандар арбын. Ал эми бээ байлагандар шымалана пайда табууга киришти.
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын демилгеси менен “Айдагы кыз” толук метраждуу мультфильми тартылды. Анда майыптыгы бар балдардын коомдогу орду, элге аралашуусу жана Кыргызстандагы өзгөчө балдарга болгон мамиле, миграциядагы балдар, аларга карата зомбулук көйгөйлөрү көтөрүлгөн.
Жалал-Абаддын Барпы театрынын чыгармачыл тобу Орусиянын шаарларын кыдырып, эмгек мигранттарына өнөр көрсөткөнү жол тартты. Чет өлкөгө алгачкы жолу чыгып жаткан жалалабаддык өнөрпоздорду кепке тарттык.
Азиз Алимовдун кыска өмүр жолу кантип жакшы турмушка жетүүнүн абыгерчилиги менен өткөн.
Дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу “Азаттык” радиосу топтогон эскерүүлөр “Айтматовдун элдеги элеси” деген ат менен китеп болуп басылып чыкты. Китептин бет ачары бүгүн, 7-июнда радионун Бишкек бюросунда өттү.
Кыргызстандыктар 5-июнда Орозо айтты белгиледи. Ислам дининдеги маанилүү күндөрдүн бири саналган бул майрам үч күнгө созулат.
Дагы жүктөңүз