“Бир келип кетчи Ош жакка” спектаклин режиссер Уланмырза Карыпбаев жазуучу Арслан Койчиевдин төрт чыгармасын синтездеп, өзүнүн көз карашы менен кайра иштеп чыккан.
Нобел сыйлыгынын лауреаттары Дарон Ажемоглу менен Жеймс Робинсондун "Кууш өтмөк" эмгеги кыргыз тилинде жарык көрдү. Мамлекеттин жана жарандык коомдун ролу, эркиндиктин бакубат жашоого жол ачкан касиети тууралуу эмгектин таанытымына бир катар коомдук, илимий жана саясий чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.
Кыргыз элинин таанымал журналисти, котормочусу жана изилдөөчүсү, “Азаттыктын” ардагери Амирбек Азам уулу Усманов 70ке чыкты.
Маркум эл жазуучусу Мурза Гапаровдун көөнөргүс чыгармачылыгына сереп салуу.
Кыргызстанда Нооруз майрамы белгиленүүдө. Байыркы фарс тилинен которгондо "нау" – "жаңы", "рузи" – "күн" деген маанини билдирип, күн менен түндүн теңелип, жаңы жылдын башталышын айгинелеген бул майрамда дасторкондун көркү болгон сүмөлөк кайнатылып, келечекке болгон жакшы тилектер айтылат.
Бишкектин чок ортосундагы "Сүрөтчүлөр үйү" өлкөнүн маданий символдорунун бири. Өткөн кылымда курулган бул имараттын тагдыры учурда арсар. Бишкек мэриясы Чүй 108 дарегиндеги жерди мамлекетке өткөрүп берүүнү сунуш кылды. "Сүрөтчүлөр үйү" 2002-жылы Маданий жана тарыхый мурастар тизмесине кирген.
Бишкектеги Дене тарбия жана спорт академиясынын имараты кантип оңдолуп жатканын коомчулук талкуулай баштады. Айрым активисттер шаардагы тарыхый мааниси бар имараттын фасадын оңдоо туура эмес жүрүп жатканын айтып чыгышты.
Бишкектин чок ортосундагы Сүрөтчүлөр үйү ондогон жылдар бою өлкөнүн маданий символдорунун бири болуп келген. Өткөн кылымда курулган бул имараттын тагдыры учурда арсар абалда турат. Бишкек мэриясы Чүй 108 дарегиндеги жер участогун мамлекетке өткөрүп берүүнү сунуштады.
Салижан Жигитов өз доорунун сынчысы, элчиси, улуттун, элдин кемчилигин кашкайта айтып, көпкө жек көрүнгөн кашкөйү болду. Ал 2006-жылы 70 жаш курагында оорудан көз жумган. Көзү тирүү болгондо быйыл 17-мартта 90го чыкмак.
Кыргыз адабиятында кайталангыс изи бар Кеңеш Жусупов акка моюн сунду. Маркум акыркы сапарга Кыргыз академиялык драма театрынын астынан узатылды. Аны менен коштошуу үчүн атпай журтка таанымал акын-жазуучулар, интеллигенция өкүлдөрү, жазуучунун талантын сыйлаган окурмандар келишти.
Суук кабар Чыгыштан Батышка үндөн тез жетти... Кыргыз Жумуриятынын Эмгек Баатыры, эл жазуучусу, элдик публицист жана коомдук ишмер Кеңеш Жусупов агабыз 13-мартта дүйнөдөн кайткан экен... Тарыхчы, кыргыз таануучу, профессор Тынчтыкбек Чоротегиндин эскерүүсү.
Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү агартуучу, тарыхчы, публицист, коомдук ишмер Кеңеш Жусупов 89 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу 13-мартта Жазуучулар Союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев билдирди.
Дагы жүктөңүз