3-февралда улуттук маданиятты өнүктүргөн ишкер Таабалды Эгембердиевдин өмүр жолуна арналган эки китептин бет ачары өттү. Таабалды Эгембердиевди кыргыз эли агартуучу, ойчул, демократиялык баалуулуктарды ырааттуу коргогон коомдук ишмер деп билет.
Ноокенде райондук китепкананын демилгеси менен «Китеп куржуну» кызматы уюштурулду. Китепкана окурмандарга сураган китебин үйүнө жеткирип, 10 күнгө берет. Иш-чаранын максаты - коомчулукту китепке кызыктыруу. Ушул тапта 4 миңдей китеп окурмандарга таратылды
Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын эмгек жамааты татарстандык жазуучу Аяз Гилязовдун “Үч карыш жер” драмасынын негизинде сахналаштырылган "Жат эмесмин" аттуу спектаклди тартуулашты. Чыгарма Советтик репрессияга кабылып, мекенине кайтпай калган адамдардын жаркын элесине арналган.
Айтыш өнөрү жаңы муун менен толукталууда. Алардын катарында өз дарамети менен башкалардан айырмаланган Кутман Садыбакасов да бар. 22 жаштагы төкмө акын 2022-жылы өлкөдө өткөн үч айтышта баш байгеге татыган. Жаш талант төкмөлүк өнөр менен катар обончулукту да аркалап келүүдө.
Кыргыз Эл артисти Замирбек Сооронбаев саламаттыгына байланыштуу сахнага чыкпай калган акыркы жылдары «Театр – менин айтып бүтпөс дастаным» аттуу китеп жазды. Болочок актерлордун насаатчысы. Актер жана режиссер «Азаттыкка» сыябан маек курду.
Жаш ишкерлер Эржан Эмилбаев менен Эрмек Алтымышбаев “Чопо арт” борборун негиздешти. Бул жерде каалоочулар өз колу менен чоподон каалаган буюмун жасап, эс алса болот. Карапачылык өнөрдү заманбап турмушка алып келүүнү максат кылган негиздөөчүлөрдүн айтымында бул ден соолукка да пайдалуу.
24-январда Чүйдүн Москва райондук соту төкмө акын Болот Назаровго “тоноо” фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин кыскартты. Темир тор артында үч айга чукул отурган төкмө акынды бул арада үзөңгүлөштөрү, калың эли колдоп турду.
Казакстандын Аскар Токпанов атындагы Жамбыл облустук казак драма-театры Таласка чыгармачыл сапар менен келип, көрүүчүлөргө Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасы боюнча коюлган "Жер эне" пьесасын тартуулады. Иш-чара Айтматовдун 95 жылдыгынын урматына уюштурулган.
Композитор Наргиза Курманова өлкөдөгү симфониялык оркестрге дирижерлук кылган жападан жалгыз айым. Ал бир эле убакта Асанкан Жумакматов атындагы мамлекеттик академиялык-симфониялык оркестрде жана Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында эмгектенет.
Канат Надырбек 32 жашта, Орусиядагы Мариинск театрынын төртүнчү сахнасынын солисти. Ал бул даражаны алган Болот Миңжылкиевден кийинки эле экинчи кыргызстандык. Канат Надырбектин жаңы жылдагы алгачкы иш сапары Кыргызстандан башталды.
Дагы жүктөңүз