Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук академиялык драма театрынын эмгек жамааты Бишкекте чыгармачыл сапары менен болуп, үч күндө алты спектакль тартуулады. Саамалык театрдын 50 жылдык маарекесинин алкагында уюштурулган. Спектаклдер борбордогу театр сүйүүчүлөр арасында жылуу кабыл алынды.
145 жылда калаа кантип өзгөргөнүн сүрөттөрдөн көрүңүз. Архивдик сүрөттөр Борбордук Мамлекеттик Архивге жана bishkek_kg Инстаграмм баракчасына таандык.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, “Азаттыктын” журналисти маркум Зайырбек Ажыматовдун өмүрдөн өткөнүнө үч жыл болду. Акын 2020-жылдын 29-апрелинде 44 жашында оорудан улам көз жумган. “Азаттыктагы” кесиптештери калемгерди анын ырлары менен эскерет.
Кадамжай районунун Пум айылында мындан 10 жыл мурда XVI, XVII кылымдарга таандык делген китептер, жазуулар табылган. Бирок алар адистер тарабынан иликтенбей эле элдин колунда калган. Алардын арасында 1830-жылдарда ажылык сапарга барган молдонун ырастамасы,
Белгилүү кыргыз-тажик жазуучусу, котормочу жана публицист Мирзохалим Каримов бир нече дарт менен алышып, оор абалда. Анын мындай жагдайга дуушар болушуна үч жылдан бери шарты жок темир павильондо жашаганы себеп болгон.
“Азаттыктын” Бишкектеги бюросун жабуу далаалаты саясий абактагы жарандардын тагдыры жана жалпы эле адам укуктары менен демократиялык жүрүмдүн акыбалы менен байланыштуу.
Башкыр автономиясынын башаты тууралуу тарыхчынын блогу.
Жалал-Абад шаарынын 26 жаштагы тургуну Айтурган Кочкорова "Резин Арт" технологиясын үйрөнүп, түркүн буюмдарды жасап сатат. Анын кол эмгегинен чыккан буюмдарга кызыгып, Москвадан бери буюртма бергендер бар. Чайырдан же эл арасында айтылгандай смоладан буюм жасоого кызыккандарга сабак өтө баштады.
Болшевиктердин көсөмү В.Лениндин идеяларын өз доорунда сындап, ачык коомду жана базар экономикасын жактаган К.Поппер менен Ф.Хайектин ж.б. ой чабыттары – советтик коммунисттик доорду жаңыча таразалоого өбөлгө.
Салтка айланып калган кезектеги эл аралык жаз фестивалы Бишкекте өттү. Он сегизинчи ирет өтүп жаткан саамалыкка бул ирет Кыргызстан, Австрия, Италия, Израил өлкөсүнүн музыканттары катышты.
Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырларын камтыган “Булбулум, булбулум ай” деген китеп жарык көрдү. Тарых музейинде өткөн иш-чарада акындын обондуу ырлары жаңырып, чыгармачылыгына арналган көргөзмө уюштурулду. 20-апрелде өнөр ээсинин көзү өткөнүнө үч жыл толду.
Дагы жүктөңүз