Кадамжай районунун Пум айылында мындан 10 жыл мурда XVI, XVII кылымдарга таандык делген китептер, жазуулар табылган. Бирок алар адистер тарабынан иликтенбей эле элдин колунда калган. Алардын арасында 1830-жылдарда ажылык сапарга барган молдонун ырастамасы,
Белгилүү кыргыз-тажик жазуучусу, котормочу жана публицист Мирзохалим Каримов бир нече дарт менен алышып, оор абалда. Анын мындай жагдайга дуушар болушуна үч жылдан бери шарты жок темир павильондо жашаганы себеп болгон.
“Азаттыктын” Бишкектеги бюросун жабуу далаалаты саясий абактагы жарандардын тагдыры жана жалпы эле адам укуктары менен демократиялык жүрүмдүн акыбалы менен байланыштуу.
Башкыр автономиясынын башаты тууралуу тарыхчынын блогу.
Жалал-Абад шаарынын 26 жаштагы тургуну Айтурган Кочкорова "Резин Арт" технологиясын үйрөнүп, түркүн буюмдарды жасап сатат. Анын кол эмгегинен чыккан буюмдарга кызыгып, Москвадан бери буюртма бергендер бар. Чайырдан же эл арасында айтылгандай смоладан буюм жасоого кызыккандарга сабак өтө баштады.
Болшевиктердин көсөмү В.Лениндин идеяларын өз доорунда сындап, ачык коомду жана базар экономикасын жактаган К.Поппер менен Ф.Хайектин ж.б. ой чабыттары – советтик коммунисттик доорду жаңыча таразалоого өбөлгө.
Салтка айланып калган кезектеги эл аралык жаз фестивалы Бишкекте өттү. Он сегизинчи ирет өтүп жаткан саамалыкка бул ирет Кыргызстан, Австрия, Италия, Израил өлкөсүнүн музыканттары катышты.
Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырларын камтыган “Булбулум, булбулум ай” деген китеп жарык көрдү. Тарых музейинде өткөн иш-чарада акындын обондуу ырлары жаңырып, чыгармачылыгына арналган көргөзмө уюштурулду. 20-апрелде өнөр ээсинин көзү өткөнүнө үч жыл толду.
Киши ысымын шаарга же районго берүүнүн жана тарыхый аталыштарды сактап калуунун оош-кыйыш жактары тууралуу блог.
Путиндин Украинага каршы баскынчыл саясатын 2014-жылдан бери терең айыптап келе жаткан орусиялыктардын бири – акын жана дизайнер Михаил Ежов мырза.
Бишкектин четиндеги Новопокровка айылынын тургуну Виктор Сильчик "Азаттыкка" короосунан байыркы карапа таап алганын айтып кайрылды. Тарыхчы, археолог Кубат Табалдыев бийиктиги эки метрге чукул чоподон жасалган карапа VIII-XI кылымга таандык экенин айтууда.
Дагы жүктөңүз