Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:31

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстан азыр өкмөттүн гарантиясы менен кредит алууну азайтып, өзүн өзү багуу саясатын жүргүзүүгө багыт алды. Мындай билдирүүнү премьер-министр Николай Танаев 8 - ноябрда Өкмөт үйүндө Дүйнөлүк банктын вице-президенти Шигео Катсу менен жолугушуу учурунда жасады.

Премьер-министр Николай Танаевдин айтымында өкмөт азыр мамлекеттик гарантия менен кредит алууну азайтып, анын ордун тике инвестиция менен толтурууга аракет кылып жатат. Бул үчүн өкмөт административдик реформаны, банк секторунун реформасын, фискалдык реформаныны жүргүзүүдө. Кийинки жылы болсо сот системасын реформалоо башталат. Өкмөт башчы адилет башкаруу кеңеши түзүлүп, коррупцияга каршы аёсуз күрөш жүргүзүлөрүн билдирди. Бул иш-чаралар, анын ою боюнча, өлкөгө тике инвестиция тартууга жагымдуу шарт түзөт.

Николай Танаев Дүйнөлүк банктын вице президенти Шигео Катсуганы Өкмөт үйүндө кабыл алуу маалында мындай деди:

- Биз азыр абдан катаал бюджеттик-кредиттик саясат жүргүзүп жатабыз. Силердин жардамыңар менен биз азыр мамлекеттин гарантиясы менен сырттан акча албай, өзүбүздүн чөнтөгүбүзгө карап жашаганды үйрөндүк.

Өкмөт башчынын айтымында, быйыл табыйгый кырсыктардын көп болгонуна карабай, өкмөт бюджет боюнча кабыл алынган мыйзамды толугу менен аткарганы турат.
Дүйнөлүк банк Кыргызстандын эң ири донору болуп саналат. Ал башкалардан көп акча - 649 млн. доллар берип , 27 долбоорду каржылаган. Анын 479 млн. доллары пайдаланылган. Ушу кезде жалпы суммасы 259 млн. доллар болгон 14 долбоор ишке ашырылып жатат. Алардын ичинде айыл чарбасын өнүктүрүүгө, чакан шаарларды колдоого байланыштуу долбоорлор бар. Бирок Кыргызстандын тышкы карызы өсүп кеткенине байланыштуу Эл аралык валюта кору менен Дүйнөлүк банк баштаган финансылык уюмдар кыргыз өкмөтүнө тыштан карыз алууну азайтуу, алган күндө да жеңилдетилген кредиттерди алуу жөнүндө кеңеш берип келишет.

Дүйнөлүк банктын өзүнүн кредиттери болсо үстөк пайызы төмөн, узак мөөнөткө берилген. Жолугушууда Премьер-министр Николай Танаев Дүйнөлүк банк Кыргызстанга үзбөй жардам берип келаткан үчүн Шигео Катсуга ыраазычылык билдирди жана ал каржылаган долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу кеңири маалымат берди. Анын айтымында Дүйнөлүк банктын долбоорлору экономикалык өнүгүүгө жана жакырчылыкты кыскартууга эбегейсиз салым кошуп жатат. Шигео Катсу Кыргызстанга мурда да келип кеткенин, ошондо эле бул долбоорлордун өлкө үчүн пайдалуу болоруна ишенгенин айтты:

- Ошондо эле биз айылдык жамааттар менен кезигишип, азыр сиз айтып жаткан долбоор жөнүндө - айыл жеринде билим берүү маселеси тууралуу пикир алышканбыз. Чакан шаарлар тууралуу долбоор боюнча да мен ал жерге барганымда жергиликтүү жашоочулар өз проблемалары жана шаардын инфрастуктурасы жөнүндө айтып беришкен.

Шигео Катсу мурда дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болчу. Ал азыр анын вице-президенти болуп дайындалган. Бул кызматка дайындалгандан кийин Кыргызстанга биринчи жолу келиши.

Сапар Орозбаков, Бишкек 6-ноябрда Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) кезектеги миссиясы өз ишин аяктады. Миссия буга байланыштуу басма сөз жыйынын өткөрүп, ЭВФ каржылап жаткан «Жакырчылыкты азайтуу жана экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү» аттуу программанын 3-жылына коюлчу милдеттерди кыргыз өкмөтү менен макулдашканын билдирди.

Эмдиги 2004-жыл - программанын акыркы жылы. Анын аткарылышына жараша Париж клубу Кыргызстандын 350 миллион долларга жакын тышкы карызын кечүү тууралуу чечим кабыл алат. Ошондуктан кыргыз өкмөтү жана аны колдогон ЭВФ кийинки жылга коюлчу милдеттер реалдуу жана колдон келгидей болушун каалашат. Ошол себептен алар программада коюлчу контролдук көрсөткүчтөрдү кылдат карап чыгышты. Буга миссия өкмөт башчысы менен 3 жолугушуу өткөргөнү күбө болот. Миссиянын жетекчиси Тапио Саавалайнендин айтымында, кыргыз өкмөтү менен ЭВФ тиешелүү меморандумга 6-ноябрда кол коюшту.

Миссиянын жетекчиси Тапио Саавалайнен:
- Бүгүн биз акыркы жолугушуу өткөрдүк жана ЭВФтин «Жакырчылыкты азайтуу жана экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүү» программасынын 3-жылы тууралуу макулдашууга жетиштик.

Ал өз сөзүндө эмдиги жылы апрель айында бюджеттик чөйрөдө иштегендердин айлыгы 15% көтөрүлөөрүн, кийин, октябрда, эгерде тиешелүү булактар табылса, дагы 15% көтөрүлөөрүн белгиледи. Пенсия болсо, апрель айында орто эсеп менен 9% жогорулайт. Тапио Саавалайнендин айтуусу боюнча, келерки жылы инфляция 4% ашпоого тийиш. Ал эми ички дүң продуктунун өсүшү боюнча тапшырма быйылкыга салыштырмалуу азыраак берилет.

Тапио Саавалайнен:
- Келерки жылы алтын казуунун азайышы күтүлөт. Бирок эл чарбасынын башка тармактарында 4,5-6% деңгээлинде өсүш болот деп жатабыз. Бул, ички дүң продуктунун реалдуу өсүш темпи бир аз басаңдайт дегенди билдирет. Ал биздин божомол боюнча 4,1% түзөт.

Программанын экинчи жылы жөнүндө болсо, миссия ал ийгиликтүү аяктаганын билдирди. Бюджеттин тартыштыгынан башка көрсөткүчтөрдүн бардыгы аткарылган. Бюджеттин тартыштыгы болсо 500 млн. сом айырма болуп чыгып жатат. Миссия өкмөт акыркы эки айдын ичинде бюджеттин чыгымдарын азайтып, бул көрсөткүч боюнча да программаны аткараарына ишенет.

Тапио Саавалайнен журналисттерге Кыргызстандын ЭВФтеги өкүлү Зруппе мырзаны тааныштырды. Зруппе мырза өз сөзүндө программаны аткаруудагы кыргыз өкмөтүнүн аракетин жогору баалады.

Зруппе мырза:
- Мага өзгөчө таасир берген нерсе – кыргыз тараптын бул программага өз программасындай мамиле кылганы болду. Үлгү болорлуктай деп айтса болот. «Мындай программаны өлкөлөр ЭВФтин үстөмдүгү менен ишке ашырат» деп айтып калышат. Мен кыргыз өкмөтү менен талкууларга катышып, «программанын өлкөгө пайдалуу экенин түшүнгөн үчүн кыргыз тарап ага ошондой мамиле кылат» деген ойго келдим.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG