Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:49

Экономика

Sorry! No content for 23 Ноябрь. See content from before

ишемби 22 Ноябрь 2003

Айданбек Акмат уулу, Прага 21-ноябрда «өкмөттүк саатта» Мыйзам чыгаруу жыйыны өлкөнүн кышка даярдыгын жана энергетика тармагында түзүлгөн кырдаалды талкуулады. Депутаттардын суроолоруна өкмөт башчысы Николай Танаев жооп берди.

Премьер-министр Николай Танаевдин парламентте айткан маалыматына караганда, өлкө кышка 96% даяр. Бишкек ТЭЦине зарыл болгон көмүр ташылып жатат. Райондорго теңдештирүүчү гранттар толук төлөнүп берилди. Газ болсо Өзбекстандан быйыл үзгүлтүксүз келет. Ал эми жаңы жылдан кийин да «көгүлтүр отун» келип турушу үчүн Ташкен менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. «Кыргызгаздын» Өзбекстанга карызы 11 млн. 300 миң доллар болду. Анын 9 млн. 300 миңи товардык-материалдык баалуулуктар менен төлөнөт жана Кыргызстан жакынкы күндөрдөн тартып аны төлөй баштайт. Ал эми өлкөнүн энергетика тармагында мыкты адистер иштейт. Ошондуктан бул тармакта кризис жок.

Бирок депутаттарды өкмөт башчысынын мындай оптимисттик жооптору толук ынандырган жок. Алар кырдаалды жеринде көрүп, декабрь айында боло турган кезектеги «өкмөттүк саатта» бүгүн каралган маселе боюнча чечим кабыл алмак болушту.

«Улуттук электр тармактары» акционердик коомунун башчысы Бакирдин Сартказиевдин айтымында, быйылкы кыштан жеңилирээк чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Себеби, Казакстан мурунку карыздары үчүн көмүр берүүдө. Бирок эмки жылдан тартып көмүрдү да, газды да накталай акчага, бартерсиз сатып алууга мажбур болушубуз толук ыктымал. Анткени коңшулар ошондой шарт коюп атышат. Өкмөт башчысы Николай Танаев келечекте түзүлө турган абалдан чыгыш үчүн аракет көрүлүп жатканын айтты.

- Азыр эң башкы маселе - түштүктөн түндүккө көмүр ташуу, - деди премьер-министр. - Темир жол тарифтери өтө жогору болгондуктан, биздин көмүрдүн баасы да жогору болуп жатат. Азыр Казакстан менен келишимдин долбоорун даярдадык. Ал боюнча темир жолго, автомобиль жолдоруна транзиттик тарифти төмөндөтүү каралган. Президент Аскар Акаев декабрь айында Казакстанга барса, ошол келишимге кол коюлат деп күтүп жатабыз. Өзбекстан менен да ошондой эле мааниде жана Сүлүктү менен Кызылкыянын көмүрүн сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Андан тышкары, Каракеченин көмүрүн Бишкек ТЭЦине ташуу үчүн Балыкчы-Каракече темир жолун курууну кайрадан баштадык.

«Өкмөттүк саатта» айтылган маалыматка караганда, Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстандан электр энергиясын сатып алуудан быйыл 15-августта баш тарткан. Ал эми Орусияга 600 млн., Кытайга 70 млн. киловатт/саат электр энергиясы быйыл сатылды жана бул мамлекеттерге энергияны андан ары сатууга аракеттер көрүлүп жатат.

Мугалимдерди, дарыгерлерди жана бюджеттен айлык алган башка кызматкерлерди электр акысын жыйноого тартуу депутаттарды нааразы кылды. Эл өкүлдөрү өкмөт башчысын мындай практиканы токтотууга чакырышты. Андан тышкары, электр энергиясын айылдарда жалпы өчүрүүнү, бардык карыздарды элге жүктөөнү токтотуу талаптары айтылды.

Суроо-жооптун соңунан кийин депутаттар сөз сүйлөй башташты. Адегенде сөз алган депутат Өмүрбек Текебаев премьер-министрдин «энергетика тармагында баары жайында» деген сөзүнө нааразы болду.

- Николай Тимофеевичтин сөзүн угуп жатып, иштин алдыга жылаарына үмүтүм үзүлүп жатат. 3 млрд. сомдой карызын жыйнай албаса, өз туугандарынан ишканага 2 эсе кымбат товар сатып алса, ошондо да карыздарын төлөбөсө, кантип «компанияда мыктылар иштеп жатат» дейбиз? - деди Ө. Текебаев. Ал «карыздардын пайда болушуна күнөөлүүлөрдү кылмыш жообуна тартыш керек» деп билдирди.

Ал эми депутат Орозбек Дүйшеев энергетика тармагы терең кризисте экенин айтып, тармакта түзүлгөн кырдаалды иликтеш үчүн парламенттик комиссия түзүүнү сунуш кылды.

- Бүгүнкү күндө энергетика комплекси терең кризисте. Электр энергиясын уурдоо, талоончулук өкүм сүрүүдө. Өткөн жылдан бери электр жабдууларын оңдоо иштери жүргүзүлбөйт. Жумушчулардын болор-болбос айлыгы өз убагында берилбейт. Көмүр өнөр жайындагы абал мындан да жаман, - деди Дүйшеев.

Депутат Адахан Мадумаров да «энергетика тармагында түзүлгөн кырдаалды парламенттин комитеттери иликтеп чыгыш керек» деген сунуш киргизди. Бирок Мыйзам чыгаруу жыйыны жума күнү маселени карап бүткөн жок. Эми палата декабрь айында аны кайра карап, депутаттардын сунушун эске алуу менен тийиштүү токтом кабыл алмакчы.

Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстандагы чакан жана орто бизнес өлкөнүн ички дүң продуктунун 42,5% өндүрөт. Бирок анын бюджетке кошкон салымы өтө эле аз. Өкмөт башчысы Николай Танаев чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүн «көлөкөдөн чыккысы келбей жатышат» деп айыптап, Ишкерликти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиядан аларды ачыкка алып чыгуу боюнча иш алып барууну талап кылууда.

Ишкерликти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрайымы Камиля Кененбаеванын айтуусу боюнча, чакан жана орто бизнестин субьектилери быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 11 миңге көбөйүп, 139 миңге жеткен. Өлкөдө 2 млн. эмгекке жарамдуу адам болсо, анын 1/10 чакан жана орто бизнесте эмгектенет. Алар өндүргөн продукциянын көлөмү акыркы бир жылда 1% өсүп, чакан жана орто бизнес азыр өлкөнүн ички дүң продуктусунун 42,5% берет.

- Чакан жана орто бизнесте абдан жакшы динамикалуу өсүш болуп жатат. Ал өсүш, өзүңүздөр көрүп тургандай, бардык көрсөткүчтөр боюнча бар, - деди Ишкерликти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрайымы Камиля Кененбаева бул маселе боюнча өткөрүлгөн өкмөттүк кеңешмеде. Бирок чакан жана орто бизнес өсүп баратканы менен, анын өлкөнүн бюджетине кошкон салымы көбөйбөй жатат.

- Чакан жана орто ишкерликтин негизги бөлүгү көлөкөдө. Муну түз эле айтып коелу. Ички дүң продуктунун 42,5% берип, бюджетке болгону 7% киреше кошконун башкача түшүндүрүүгө мүмкүн эмес, - дейт өкмөт башчысы Николай Танаев. «Кыргызстандын келечеги чакан жана орто бизнесте» деп эсептеген өкмөт акыркы жылдары анын өнүгүшүнө көп аракет кылып келет. Өлкөдө эл аралык финансы уюмдарынын көптөгөн кредиттик линиялары ачылган. Ишкерлерге бюджеттин эсебинен да кредит берилет. Үстөк пайыздын төмөндөшү менен аларга банктар да акча бере башташты. Азыр «кредит алгыла» деген кулактандыруулар гезит беттеринде жайнайт. Өкмөт алардын ишиндеги тоскоолдуктарды жоюу боюнча да көп иш жүргүзүп жатат. Камиля Кененбаеванын айтымында, мамлекеттик органдардын ишкерлердин ишине кийлишип текшерүүсү акыркы мезгилде кескин азайды. Бирок чакан жана орто бизнес өлкөнүн казынасын толтуруу ишинде өзүнө тиешелүү салымын кошпой жатат.

- Өкмөт мамлекеттик органдар койгон тоскоолдуктарды алып салуу боюнча бардык ишти жасап жатат. Бүгүн мамлекеттик органдар текшербей калышты. Текшерсе да, мурдагыдай көп эмес. Чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү андан пайдаланып, «текшербегенден кийин салыкты да төлөбөш керек» деп түшүнүп алышты, - дейт Николай Танаев.

Ишкерлердин салыктан качуу маселеси көптөн бери эле айтылып келет. «Салык оор, ошондуктан алар көмүскө экономикага кирип кетип атышат» дегендер болгон. Акыркы жылдары өкмөт алардын салык жүгүн жеңилдетүү максатында патент системасын жана жөнөкөйлөтүлгөн салык төлөө тартибин киргизген болчу. Камиля Кененбаеванын айтымында, патент алуудан түшкөн акча 1 жылда 6 эсе көбөйгөн. Бирок чакан жана орто бизнестин төлөгөн жалпы салыгы көбөйгөн эмес. Премьер-министр «бул багытта эч иш алып барбай жатат» деп, Ишкерликти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссияны айыптады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG