Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:52

Экономика

Өкмөт эмдиги жылдын экономикалык өсүшү 5% азыраак ашары эмитен эле болжолдонууда. Президент К.Бакиев өнүгүү ыраатын 8% көтөрүү милдетин койгон. 2006-жыл бюджетинин киреше бөлүгү 20 миллиард сомго бираз жете бербеген сумманы түзөт. Чыгаша бөлүгү 23 миллиардка жакын акча. Ортодогу жетпей калган акча чет эл инвестициясынын эсебинен жабылат. 14-декабрда парламентте эмдиги жыл боюджети боюнча коомдук угуу болуп өттү.

Кыргызстандын Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун ырасташынча, эмдиги жылдын бюджети реалдуу, андагы белгиленген көрсөткүчтөрдүн дээрлик баарынын ишке ашырылышына мүмкүнчүлүктөр бар. Ал үчүн өкмөт биртоп өнөр жай ишканаларын ишке киргизип, инфляцияны 4,5% деңгээлинде, ал эми сомдун долларга карата катышын 42 сомдон ашырбай кармап туруусу зарыл.

«Кумтөрдү» кошпогондо республика боюнча ички дүң продукттун өсүшү - 5,4%, мунун ичинде өнөр жайындагы өсүш - 5,2%, айыл чарбаныкы - 4,1%, тейлөө тармагы - 6,2%, курулуш - 12% алдыга жылышы белгиленген. Ички дүң продукттун көлөмү 111,5 миллиард сомго, андагы көрсөткүчтөр мурдагы эле калыбында калары, башкача айтканда, бюджеттин негизги жүгүн өнөр жай, айыл чарба, тейлөө тармагы көтөрө тургандыгы бул ирет да ырасталды.

Бирок да президент К.Бакиев белгилеген экономикалык өнүгүүнүн 8% көрсөткүчү эмнеликтен 5,4% түзүп калганын министр экономикалык ыкчам өнүгүүнүн зарыл шарты катары түшүндүрдү. Бирок да андай кенемтени парламенттин Бюджет жана каржы маселелери боюнча комитеттин төрагасы Акматбек Келдибеков жаңы өкмөттүн экономиканы ыкчам өнүктүрүү боюнча ачык программасынын жоктугу менен байланыштырат.

- Мына социалдык багыттагы деп жатабыз. Пенсия жашын төмөндөтүү кирбесе, айлык баланча пайызга көтөрүлөт деп айтпаса, 5% - 2 миллиардды каякка бөлүштүрөт? Бүгүнкү күнгө да жетпейт. Бул эч нерсеге жетпейт. Азыр да кеч эмес. Эгерде өкмөт жакшы эсептеп, биздин комитеттин берген тыянагы боюнча эсептеп, макулдугун берип, азыркы кырдаалдан чыкса болот. Орточо пенсия өлчөмү 700 сом болсо, мугалим менен дарыгердин акчасы 600 сом болсо, анан эртең эмне болот? Элдин баары ушуну 2006-жылдын бюджетин күтүп жатат. Эч нерсе болбойт.

Экономика жана каржы министри эмдиги жылдын бюджети социалдык багытты көздөрүн белгилеп, пенсия, жөлөкпул, билим, саламаттык сактоо, социалдык тармак кызматкерлеринин айлык маянасын көтөрүүгө кыйла акча бөлүнгөнүн айтты. Бирок да Кыргызстандын азыркы экономикалык мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин белгилеп, буга чейин кабыл алынган айырм социалдык мыйзамдарда көрсөтүлгөн каржылык колдоолорду өкмөт аткара албастыгын моюнга алды.

- Биз жанагы мугалимдин тетрадь текшергенине, коммуналдык кызмат акысын жеңилдетүү жана башкалар боюнча мыйзамдарда белгиленгендерди санап көрсө 1,5 миллиарддан ашык акча керек экен. Ошондуктан биз азыр булардын айлык маяналарын жеткиликтүү деңгээлге көтөрөлү деп жатабыз. Ага чейин болсо мына иштебей аткан мыйзамдарды кайра текшерип жатабыз. Ошол мыйзамдардын баарын парламентке сунуштайлы деп жатабыз.

Бюджеттик угууда жергиликтүү шаарлар ассоциациясынын президенти Курманбек Дыйканбаев эл революциячыл өкмөттөн көп жаңылыктарды үмтөткөнүн, бирок да азырынча баштагы эле көнүмүш кайталанып жатат деп билдирди.

- Эл республикалык бюджетте өзгөрүү болобу деп күтүп жатат. Мисалы, жергиликтүү бюджетте депчи. Сиздин баяндамаңыз жакшы болду, экономикалык өнүгүү 5% тегерегинде болот дедиңиз. Мурдагы жылдан айырмасы болбой жатат. Эл болсо эмне үчүн революция жасадык деп жатышат. Коррупцияны жок кылбаса да азайтууну күтүшкөн.

Өкмөт бюджетти толук аткарбай, жыл сайын биртоп статьялар баам сыртында калып келатканын депутат Дамир Өскөмбаев да белгиледи.

- Жыл сайын мыйзам бузуулар катталат, биртоп статьялар аткарылбайт.

Д.Өскөмбаев бюджетти толук аткарбаган өкмөт кызамттан кетишин мыйзамга киргизүү зарылдыгын белгилесе, анын кесиптеши Иса Өмүркулов азыр кош стандарт өкүм сүрүп, элди тоноо күчөгөнүн мисалга тартты.

- Азыр эки ирет чогултуу жүрүп жатат. Бири мыйзамдуу чогултуу, бюджет, бажы, салык жыйымдары, экинчиси көмүскө жыйноо. Мыйзам коргоо, текшерүү-көзөмөлдөө органдары мамлекеттин рекэти болуп алышты.

15-декабрда эмдиги жыл бюджети папламент комитетинин кеңейтилген жыйынында талкууга алынат. Бул жаңы өкмөттүн биринчи экономикалык сыноого түшүшү.

Гонконгдо Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун бир апталык жыйыны башталды. Уюмга мүчө 149 өлкөнүн өкүлдөрү глобалдык соодадагы тоскоолдуктарды жоюп, аны либералдаштыруунун жолдорун талкуулоодо. Буга чейинки жолугушуулардай эле уюмдун азыркы жыйыны да антиглобалисттердин нааразылык акциясы менен коштолуп жатат.

Гонконгдогу жыйын - келерки жылдын соңунан тарта эркин соода боюнча глобалдык макулдашууга жол ачуу максатында Катардын Доха шаарында башталган сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы. Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун баш директору Паскаль Лами Гонконгдо тараптар мына ошол сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктай аларына үмүтөнөөрүн билдирди. Ламинин айтымында, глобалдык эркин соода келишими дүйнө өлкөлөрүндө жакырчылыктын жоюлушуна жардам берет. Бирок ал Гонконгдогу жыйында тараптар кандайдыр бир макулдашууга жетпей калышы мүмкүн экенин да моюнга алды:

- Экономикалык өсүштү, стабилдүүлүктү жаратуу жана жакырчылыкты азайтуу үчүн бизде дүйнөлүк соода системасына айыл- чарбасы, өнөр-жай товарлары, соода эрежелери, өңдүү чөйрөлөрдө көбүрөөк адилеттүүлүк алып келүүгө тарыхый мүмкүнчүлүк бар. Бизде соода эрежелерибизди 21-кылымдагы реалдуулукка көбүрөөк ылайыкташтырууга мүмкүндүк бар. Эгер ийгиликке жетпесек, баарыбыз уттурабыз. Маселени куну баарыбыз үчүн кымбат.

Айткандай эле Дүйнөлүк соода уюмунун Гонконгдогу кеңешмесинин ачылышы менен катар, ага мүчө 149 өлкөнүн өкүлдөрү соода тоскоолдуктарын жою багытында кандайдыр бир мунасага жетеринен олуттуу күмөнсүнүү да сакталууда. Глобалдык сооданы либералдаштыруу багытындагы сүйлөшүүлөр Дохада башталгандан бери эң талашка түшкөн маселе - айыл- чарбасы.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр Кошмо Штаттарын, Евробиримдикти жана башка бай мамлекеттерди айыл-чарба тарифтери менен субсидияларын кыскартууга батыл киришүүдөн баш тартып жатканы үчүн күнөөлөшөт. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн пикиринде, алардын дыйкандары Батыштын мамлекеттен субсидия алган фермерлери менен атаандаштыкка туруштук бере алабайт же Батыштын базары ар кандай тарифтер аркылуу корголгон.

Өнүгүп келе жаткан 20 өлкөнүн Бразилия баштаган тобу шейшемби күнкү билдирүүсүндө эркин соода боюнча глобалдык келишим өз мөөнөтүндө түзүлүш үчүн бай өлкөлөрдө айыл- чарба тарифтерин төмөндөтүүнү караган макулдашууга келерки жылдын апрель айына карата жетишүү зарылдыгын белгиледи. Аталган топ ошондой эле конференциянын катышучуучуларын айыл- чарба продукциясын эскпорттоодогу субсидияларды тезинен токтотууну жана аны биротоло жоюнун мөөнөтүн белгилөөнү макулдашууга да чакырды.

Бирок Евробиримдиктин соода комиссары Питер Мандельсондун билдиргенине караганда, алар айыл - чарба субидияларын орто эсеп менен 46%га гана кыскартуу жөнүндөгү өз сунушунан кайтпайт жана муну төмөндөтүүгө өнүгүп келе жаткан мамлекеттер Европанын товарлары менен кызматына өз базарын ачканда гана бармакчы.


Буга чейинкилердей эле Дүйнөлүк соода уюмунун азыркы жыйына да антиглобалисттердин нааразылык акциясы менен коштолууда. Шейшембиде жыйын өтүп жаткан имараттын сыртында алар "Дүйнөлүк соода уюмунун кереги жок, алдамчылыктын кереги жок " деген сөздөрдү кыйкырып жатышты. Өзүн Валден Белло деп тааныштырган демонстранттардын бири мындай дейт:

-Он жыл ичинде Дүйнөлүк соода уюму көп чөлкөмдөргө, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн басымдуу бөлүгүнө жакырчылык, теңсиздик, экономикалык стагнациядан башка эч нерсе алып келген жок. Бул өнүгүүгө көмөктөшүүчү институт эмес. Дүйнөлүк соода уюму корпоративдик соодага, корпоративдик пайдага жана айлана-чөйрөнүн бузулушуна салым кошот. Бул - элге кас уюм.

Демонстранттардын ондогондору жыйын ачылып, уюмдун баш директору Паскаль Лами сүйлөп жаткан кезде англобалисттик ураандарды кыйкырып, имараттын ичине чейин кирип барууга үлгүргөн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG