Муса Мураталиев, Москва Орусиянын президенти Владимир Путин бейшембиде Украина бийлигин көгүлтүр отунга алар койгон баада акы төлөөгө чакырды. Орусиялык өкүмөттүн экономикалык тарабын тейлеген министрлер менен жолугуп олтуруп, ошол жерде Путин украиналык экономика абалы Киевге женилдиксиз газ сатууга мүмкүнчүлүк берет деп айткан болчу. Эки мамлекет ортосунда энергоотун баасын кайра бычуу үстүндө ушул жылдын март айынан тартып кеп болуп келатат, бирок бир бүтүмгө келише элек. Маскөө ар бир миң кубометр газ үчүн Украинадан 160 доллардан акы алууну сунуштап атат. Буга дейре ошончо газ үчүн 50 доллардан акы алып келген экен. Киев баанын кескин өйдөлөшүнө нааразы болуп, анын акырындап жогорулашын сунуш кылууда. Аналитиктердин баамында Украиналык «Нефтогаз» менен «Газпром» ортосунда пикир келишпөөчүлүк Европалык өлкөлөргө Орусиядан газдын жеткирилишине да кыйынчылык жаратышы ыктымал.
Жери танапташ жаткан, жаңы эле торолоюн деп келаткан КМШ өлкөлөрүнө орусиялык бийликтин батыштагы өнүккөн өлкөлөргө айтылчу 255 доллардык наркта газ сата башташы – нагыз саясий кысым болуп кызмат өтөөдө дешет. Маскөө муну менен эми экономика жардамы менен саясат жазоо жолуна түштү деп айтышат. НАТОго өтүүнү каалаган Украинага, өз жеринен орусиялык согуштук базаны чыгарып кет деген Грузияга, орусиялык таасирден кутулууну көздөгөн Молдовага кымбат газ сата башташы ошондон улам болуп атат дешет. Ошол эле учурда Орусия азыркы тушта Белорусияга ар бир миң кубометр газ үчүн 48 доллардан акы алууда.
Мурунку бейшембиде президент Путин министрлери менен ийри олтуруп түз кеңешүү жүргүзүп, Украинаны сунуш кылган бааны жактырсын деп чакырык айтты. Ал өлкө чыгымын тартууга таңкыс эмес экенин айтып келип: «Украиналык кесиптештер өз газына каалагандай баа коюп алышсын, а биздин газга бааны биз коебуз!», - деп катуу айтты.
Таймс (“The Times”) жазганга караганда, «бул талаш, Батыштын чочулоосун туудурууда. Кремл тышкы саясатында өзүнүн энергоотунун саясий апсапка айланта баштаганы аларды тынчсыздантырат. Эгерде тараптар чукулку аптада бир пикирге келе алышпаса, анда Батыш Европага орусиялык газдын агышы буулуп калат. Ал жакка өтчү газдын 80 пайызына чукулу Украина жери менен өткөндүктөн абал оорлойт. Натыйжада Киевде гана эмес Маскөөдө экономикалык кыйроо болушу ыктымал», - деп жазат.
Украинанын мурдагы өкүмөт башчысы Юлия Тимошенконун да баасы ушуга чукул:
«Европаны газ менен камсыз кылуу – жогорку жоопкерчиликтеги иш. Биз бул жумушту бирге жазайбыз. Силер газ жибересиңе,р биз аны андан ары ээлерине жеткиришебиз. Бул ыркты бузуу, айталы, кылмыштуулук кылганга тете бодлор эле дейм. Украинада кимдир бирөө бул сыяктуу кескин кадам жазайт деп ойлобойм», - деген Тимошенко айым жекшембиде орусиялык сыналгыда айткан пикиринде.
Анализчилер баамында «эки мамалекет алакасы бул жолу оңолуп кеткен күндө да мындан ары Маскөөнүн кошуна өлкөлөрүнө болуучу чабуулу уланмакчы. Дал ошол газ, кара май «согушунун» жеңиши же жеңилиши чукулку жылдары КМШ келечегин аныктайт».