Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:06

Экономика

Быйылкы кургакчылыктан Ысыккөлдүн айрым аймактарында буудайдын түшүмү начар болоору эмитеден эле анык болду. Жергиликтүү адистер аны мөңгүлөрдүн өз убагында эрибей калганы менен байланыштырышууда. Дыйкандар менен багбандар болсо мөмө-бактар дагы жакшы байлабагандыктан күзүндө кымбатчылык --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/3ACFE482-F66B-4C29-B7AA-2FB550CBF0A1.asp каптаарын айтып, сарсана болууда.

Быйыл ысыккөлдүктөр жазгы айдоо алдындагы сугаттан өтө кыйналышты. Айрыкча Ысыккөл жана Тоң райондорунда тоодогу мөңгүлөр өз убагында ээрибегендиктен айдоо май айынын аягына чейин узарып кетти. Айдоо алдында сугарбай туруп эгин сепкен айылдарда күздүк буудайдын сабагы кыска кезинде эле баш алып кетип, эмитен эле күйүп атканын белгилегендер болду:

- Күздүктөр баш алып баштады. Бул дагы түшүмдүн аздыгын билгизип атат. Бул суу жетпегендиктен, кургакчылыктын айынан болду. Биз бул жөнүндө метеорологиядан акты түзүп койдук, анткени күзүндө бизден сурай баштайт да, канча аласыңар деп. Өткөн жылдагыдан эгинди аз алабыз го. Мурда биз айдап туруп эле сепчүбүз, жаан-чачын болчу. Күйүүчү май да айдап бүтүп калганда келип калды, - деди 200 гектардагы буудай, 20 гектар жердеги бедеден эң төмөн түшүм алынаарын белгилеген Чоңөрүктү айыл өкмөтүнүн башчысы Чыңгыз Ногойбаев.

Айыл чарбаны бир нукка салууга мамлекеттин чамасы жетпей калганын белгилеген “Түмөнбай” дыйкан чарбасынын башчысы Сыдык Ибраев быйыл эгин эле эмес мөмө бактар дагы начар түшүм бере турганын белгилейт:

- Жер ээлери өздөрү аракет кылышы керек. Мамлекет баарын бирдей тейлеп, ошолордун баарына азык бергенге кудурети жетпей жатат. Кечээ атайын алмаларды салыштырып карасам, былтыркыга караганда гүлдөгөнү, мөмө байлаганы азыраак экен. Өрүктөр былтыркыдай жыш болбой, анча-мынча суюгураак. Бардык жагынан эле кымбатчылык болчудай.

Көлдүн тескей жагына келсек Барскоон аймагында дагы суунун тартыштыгы дыйкандарга түйшүктөрдү жаратууда. Мисалы талаада сугат ишинде жүргөн Кубат Кусейинов аттуу фермер мал-жандыктарына тоютту жылдагыдай камдап алалбай калаарын айтат:

- Беде эки чабылат. Азыр биринчи сугат, суу тартыш, кечирээк болуп калды.

Барскоондук Кубат Кусейинов өкмөт убада кылган күйүүчү май дагы өз мөөнөтүнөн өтө кеч берилгенин кошумчалады.

Бирок мындай кинени четке каккан облустук администрациясынын алдындагы айыл чарба башкармалыгы керектелчү 1600 тонна күйүчүү май быйыл жылдагыдан эрте келгенин маалымдады.

Жолдошбек Байсеитов жазгы айдап-себүүдөгү негизги кыйынчылык мөңгүлөрдүн өз убагында ээрибегени жана үрөндүн кымбаттагынынан болгонун билдирди:

- 260 тоннадай буудай менен арпанын үрөнү бөлүнүп берилди. Бирок булардын баасы абдан кымбат болгондуктан элдер чочугансып алып атат. Жогорку элитасы 35 сом, андан кийинкиси 28, 20 анан 18 сом болуп кетет. Ошонун бардыгын 4-5 айдан кийин эле кайра төгүп бериш керек.

Облустун айыл чарба башчысы Жолдошбек Байсеитовдун айтуусунда, 915 гектар жерге жаздык дан эгиндерин себүү пландалып, анын 65 миң гектары жаздык буудай болот.

Акыркы күндөрдө Талас облусунун аймагында ун кескин кымбаттап кетти. Ун ташып алып келген соодагерлер анын себебин Казакстанда ундун кымбаттап кетиши менен байланыштырууда. Мындай шартта колунда жок бей-бечаралар тамак-аштан кыйнала баштаганын айта башташты.

Таласта соодагерлердин көбү унду кошуна Казакстан мамлекетинен ташып келишет. Бир жуманын ичинде ундун баасы дагы 100 сомго кымбаттады. Талас районундагы Бекмолдо айылынын тургуну Сүйөркан Норзубаева ундун кымбатташы айыл тургундарына билинбегени менен шаарда жашагандарга кыйын болуп жатканын айтып, бийлик өкүлдөрү өздөрүнүн имараттарын оңдоп, автоунаа алгыча элге көңүл бурса болмок дейт:

- Токсон депутатка машина алгыча, бизге окшогон карыя-картаңдарга, бала-бакырасы барларга жардам бербейт беле. Мына азыр нан сатып жей албай калышты. Айылдагыларга көп билинбейт экен, шаардагылар кантип атат. Креслого отуруп алып тегеренгенден башка эч нерсе билишпейт. Алардан бизге эч нерсе кереги жок, бизге болгону арзан ун, нан керек.

Талас шаарынын базарында ун сатып, соода кылып жаткан фамилиясын айткандан баш тарткан Кулуш аттуу мырза Кыргызстанда дан азыктардын кымбатташы Казакстандын экономикасына байланыштуу деген пикирде:

- Талас ичинде буудай жок. Жалаң Жамбулдан ташыгандыктан, казактар кымбаттатып атышат.

Былтыркы жылы Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев жер-жерлердеги эгиндин айдоо аянттарын көбөйтүү тууралуу өкмөттүн астына маселе коюп, облустук, райондук жана айыл башчылары дыйкандар менен сүйлөшүп, жогоруда айтылган маселенин үстүндө иштеше башташкан. Эгер эгиндин айдоо аянттарын көбөйтсөк дан азык Кыргызстанда арзан болот деген сөздөр ураан катары трибуналарда айтылып жатты.

Бул маселе өз натыйжасын качан берет, айдоо аянттар көбөйдүбү деген суроо менен Талас облустук администрациянын айыл чарба боюнча губернатордун орунбасары Чүйүнтбек Айдаралиевге кайрылганыбызда, айдоо аянттарынын көбөйгөнүн айтып, карапайым муктаж үй-бүлөлөргө ошонун эсебинен ун менен жардам берип жаткандыктарын маалымдады:

- Жалпы 15 миң 176 гектар, же болбосо былтыркы жылы болгону 6 миң 39 гектар себилген болчу. Ошондо 9 миң гектарга быйылкы жылы буудай көп себилип атат. Ундун ушундай кымбатташына байланыштуу бардык жерлерде дыйкандардын ортосунда бир топ иштер жүргүзүлүп, эгин көбөйүп атат. Айыл чарба министрлигинин берген маалыматы боюнча дагы быйылкы жылы республикада ун проблемасы чечилет. Материалдык резервден эл-журтка жардам берилген.

Бакайата районунун Май айылынын тургуну Дүйшөн Жуманазаров бийлик башчылар айткан эгиндин айдоо аянттары көбөйдү деген маалыматка каршы пикирин билдирип, бул иш кагаз жүзүндө эле болуп, жер-жерлерде эгиндин айдоо аянттары ошол эле бойдон турат деп нааразылыгын айтууда:

- Статистикалык отчет боюнча Ор айыл өкмөтү боюнча 402 гектар жер айдадык деп жогору жака отчет берип атышат, негизги айдалган жер 50 гектардан 100 гектарга чейин эле.

Көп жылдан бери эгин менен иштеп “Талас дан азык” акционердик коомунда эмгектенип келген Данил Акжолов серепчи катары “Азаттыкка” өкмөт эгиндин айдоо аянттарын көбөйткөнү менен быйыл деле мурдагыдай ун кымбат болот деп, анын себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Азыркы убакта буудай себилген күндө дагы быйыл деле анча көп түшүм болбойт деп ойлойм. Себеби биринчиден аз себилип калды. Экинчиден, жазгы сууктан буудайды үшүк алып кетти. Мен бул системада 20 жылдан ашык иштегендиктен бул ишти жакшы билем.

Таласта ундун баасы мурда биринчи сорт 1200 сом болсо, азыр 1300дөн сатылууда. Ал эми экинчи сорттогу ун мурда 1150 болсо, азыр 1200 сомго көтөрүлдү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG