Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:24

Экономика

Бүбүкан Досалиева, Камбарата-Бишкек Кыргызстандын өнөр жай тарыхында олуттуу орунду ээлей турган Камбарата-2 --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/E0149EA5-9851-47D0-9869-F8CF1643E6BC.ASP ГЭСинин курулушунун кайра жанданганына аз гана убакыт болду. Анын биринчи агрегатын куруп бүтүп, эмдиги жылы 22-декабрь - энергетиктердин кесиптик күнүнө карата ишке киргизүүгө азыр өкмөт аракеттенип жатат. Бирок Токтогул суу сактагычындагы суу көлөмүнүн азайышы жалпы регионго коркунуч алып келүүдө.

Бул маселе өткөн апта аягында өкмөт башчы Игорь Чудиновдун төрагалыгы астында өткөн кеңешмеде талкууланды. Кеңешме Жалалабат облусунун аймагында өтүп, ага бардык облустардын губернаторлору жана тиешелүү министрлер катышты.



Гидрометеорологдордун айтымында, азыр тоодо кардын калыңдыгы жылдагыдан 3000 метрге төмөн, демек келе турган суунун көлөмү 9 миллиард кубметрден ашпайт.



Ушундан улам кеңешмеде электрэнергияны өндүрүүнү 25 пайызга азайтып, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн октябрь айына чейин 11 жарым миллиард кубметрге жеткирүү милдети алдыга коюлду. Өкмөт башчы Игорь Чудинов бул милдетти аткаруу үчүн өкмөт жарыкты өчүрүү чечиминен кайра тартпай тургандыгын билдирди.





Кеңешмеден кийин азыр курулушу жүрүп жаткан Камбарата-2 ГЭСиндеги абал ушул жерде талкууланды.





ГЭСтин курулушуна башкы таңсыктык болуп жаткан жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу жана даярдоо маселеси дагы талкууланып, өкмөт башчы И.Чудинов кадрларды даярдоо структурасы өзгөртүлөөрүн билдирди жана аны даярдоого сунуштарды берүүгө губернаторлорду жана тиешелүү министрлерди милдеттендирди. Чудиновдун айтымында, ушул жылдын сентябрында парламентке сунуштала турган 2009-жылдын бюджети жөнүндөгү мыйзамга мамлекеттин эсебинен билим берүүнүн өзгөртүлгөн системасы сунушталат.





Ал эми Нарын Гидроэнергокурулуш ишканасынын башкы директору Альберт Авазбековдун айтымында, мурдагы Нарын Гидрокурулуш ишканасынан Орусияга кеткен кесипкөй адисттердин саны миңдеп саналат. Бир эле Бурейский ГЭСинде кыргызстандык 850 жогорку квалификациялуу адис иштеп жатат. Айлыгы миң доллар жана жашоо шарты жакшы Орусиядан алар Кыргызстанга келүүнү каалабайт.



Камбарата-2 ГЭСинде иштеп жаткан курулушка жакын жердеги айыл, шаарлардын тургундары иш менен камсыз болгондоруна ыраазы.

30-апрелде Жогорку Кеңеште азык-түлүк --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/1F691054-49EF-4E34-87DD-1ED4925AC368.asp маселеси талкууланды. Ага премьер-министр Игорь Чудинов баш болгон өкмөт мүчөлөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана абал жөнүндө маалымат берди. Талкуунун соңунда чечим кабыл алынып, анда дан эгүүгө адистешкен райондорду аныктоо, азык-түлүк коопсуздугу боюнча вице-премьер-министр кызматын киргизүү жана айыл чарба багытындагы жерлерди курулушка пайдаланууга тыюу салуу сунушталды.

Өкмөт башчы Игорь Чудинов депутаттар алдында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан чет жактан буудай сатып алууга мажбур өлкөлөрдүн катарында экенин, өлкөдө дан тартыштыгы жай айларында болуш ыктымалдыгын белгиледи:

-Жай айларында кырдаалдын курчушун күтүүгө болот. Ага дан жетишпейт деген айгай салуулар кошул-ташыл болушу ыктымал. Бирок бүгүнкү күндө дан боюнча кырдаал көзөмөлдө жана өкмөт суроо-талапты канааттандырууга даяр турат.

Өкмөт азык-түлүк коопсуздугун мыйзам аркылуу камсыздоого аракеттенүүдө. Бул үчүн “Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөгү” мыйзам парламентке жолдонду. Анда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодогу бийлик органдарынын жоопкерчилиги, азык-түлүк базарында иштеген тараптарга антимонополдук чараларды көрүү ыкмалары каралган. Өкмөт дыйкандарды ири чарбаларга бириктирүү үчүн кооперативдерди айрым салыктардан бошотуу да караштырууда.

Быйылкы жылы жергиликтүү дыйкандардан мамлекеттик материалдык резервге 30 миң тонна буудай сатып алынат. Бул үчүн бюджеттен 320 миллион сом бөлүнмөкчү. Талкууда айкын болгондой Кыргызстан дээрлик 60 жылдан бери Казакстандан жылына ондогон миллион долларга дан сатып алат. Депутаттар бул акча жергиликтүү дыйкандарга багытталыш керектигин билдирди. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Арстанбек Ногойбаев быйылкы жылы жергиликтүү дыйкандардан дан сатып алууга 320 миллион сомдун бөлүнүшү алгачкы кадамдар экенин белгиледи:

-Биз Казакстандан 400 миң тоннаны 250 доллардан алганда 100 миллион доллар Казакстанга кетти. Муну менен биз Казакстандын дыйкандарын колдоп бердик. Өзүбүздөн алсак өзүбүздүн дыйкандарды колдомокпуз. Мына ушуга биз программа даярдадык. Аны ишке киргизүүгө даярбыз. Ал үчүн жылына бер жагы 3.5-4 миллиард сом керек. Ал акчага биз өзүбүздүн дыйкандардан буудай сатып алып, аларды дан эгүүгө кызыкдар кылат элек.

Талкууда Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров данды сыртка чыгарууга тыюу салууну сунуштады:

-Бизде Ош, Жалалабат жана Баткен облустарында эгин жыйыноо башталаар замат түшүм коңшу мамлекеттерге ташылып кете баштайт. Россия, Казакстан данды тышкы чыгарууга тыюу салгандай эле биздин өкмөт да данды сыртка чыгарууга тыюу салган чечим кабыл алыш керек. Мына жакында түшүм жыйнала баштайт.

Депутат Бегалы Наргозуев суулуу жерлердин курулушка жана башка багытка бөлүнүшүнө чек коюуну сунуштады. Жарыш сөзгө чыккан депутат Алишер Сабиров жер ээлери иштетпеген жерлерге салык киргизүүнү, бир нече жыл бою ал жерди иштетпесе мамлекетке кайра кайтарууну, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигин Айыл чарба жана азык-түлүк министрлиги деп алмаштырууну, азык-түлүк боюнча вице-премьер-министр кызматын киргизүүнү, буудай, пахта жана башка негизги азык түлүктөргө мамлекеттик сатып алууларды киргизүүнү сунуштады.

Талкуунун соңунда чечим кабыл алынып, азык-түлүк боюнча вице-премьер-министр кызматын киргизүү, дан эгүүгө адистешүүчү райондорду аныктоо, айыл чарба багындагы жерлерди башка категорияга которууга тыюу салуу сунушталды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG