Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:21

Экономика

Маектешкен Акан Иманов, Бишкек Жакында эле Өнөр жай, энергетика жана отун-суу ресурстары министрлиги Токтогул ГЭСинде көчмө жыйын өткөрүштү. Талкуу Кыргызстандагы энергетикалык кризиске байланыштуу болуп, өлкөдөгү энерго компаниялардын жетекчилери катышты. Алар суу сактагычтагы абал менен жеринен таанышып, кризистен чыгуунун жолдорун бирге издешкен. Жыйынды жетектеген өнөр жай, энергетика жана отун-суу ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков менен энергетикадагы жалпы абал, ГЭСтеги --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/03/E260004A-9044-4921-A74F-1C84A8D34BF0.asp суунун аздыгы, бөлүштүрүү компанияларынын менчиктештирилиши, газдын камбатташы, жаңы ГЭСтердин курулушу тууралуу кабарчыбыз Акан Иманов маектешкен.

-Азыркы маалда Кыргызстандын баардык аймактарында электр жарыгы үнөмдөлүүдө. Бул энергетикалык кризистен чыгуунун кандай жолдору каралууда?

-Биз ар дайым өлкөнүн электр жарыгына болгон муктаждыгын толук көлөмдө аткарып келгенбиз. Азыр дагы ошол милдетибизден жазбай эмгектенүүдөбүз. Биз, энергетиктер, татыктуу болгон даражага көлөкө түшүргүбүз келбейт.

Азыр энергетикалык кризистен чыгуунун үч жолу каралууда. Биринчиси - электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу. Экинчиси – Бишкек жылуулук электр централынын кубатуулугун жогорулатуу. Эгер буга чейин Бишкек ЖЭЦи 800-850 млн киловатт саат электр жарыгын чыгарган болсо, бул жылы биз 2 млрд киловатт саат энергияны өндүрүү максатын коюудабыз. Үчүнчүсү - биз коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүү жүргүзүп, өлкөгө отун ресурстарын алып келишибиз зарыл.

-Электр жарыгын үнөмдөө канча убакытка созулат?

-Негизинен биз электр жарыгын үнөмдөө боюнча бир жылдык керектөөнү эсептеп чыктык. Биз бул жылы кийинки жылга караганда бир жарым млрд киловатт саат азыраак колдонсок, анда кыш мезгилинде өлкөнүн баардык аймактарын электр энергия менен толук камсыз кыла алабыз. Ошондуктан үнөмдөө бир жылга эсептелген. Бирок бул үнөмдөөнүн өлчөмү жаан-чачын менен муздардын эришине байланыштуу болот.

-Өткөн ызгарлуу кыш сууну канча эсе көп колдонууга мажбур кылды?

-Январь жана февраль айларында эле электр жарыгын өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу 450 млн киловатт саат көбүрөөк колдондук. Бул 700 млн. куб метр суу дегенге барабар. Ушул эле маалда Токтогул суу сактагычына 300 млн куб метр суу азыраак келген. Натыйжада, 2007-жылдын ушул маалына салыштырмалуу биз 1 млрд. куб метр сууну Токтогул ГЭСинде топтой албай калдык.

-Түркмөнстан, Орусия, Казакстан жана Өзбекстан 2009-жылы көгүлтүр отту европалык баа менен сатууга макулдашты. Демек биз дагы ошол баа менен сатып алабыз. Айтыңызчы, эгер биз апрель айында коңшулар менен келише албасак, Кыргызстандын байлыгы болгон сууну сугат маалында аларга кое беребизби?

-Нарын Сырдарыя каскады төрт мамлекеттин кызыкчылыгын туудурат. Бул - Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан өлкөлөрү. Бирок, тилеке каршы, акыркы үч жылда кошуналар биз менен кызматташуудан баш тартып келишкен. Бул жылы электр жарыгынын аз болуу коркунучунан тышкары сугат маалында Кыргызстан коңшу мамлекеттерди суу менен камсыз кыла албай калышы мүмкүн. Ошондуктан, менимче алар бул жагдайда биз менен орток келишимге келүүгө аргасыз болушат. Эгер тил табыша албай калсак, анда биз өз сууларыбызды сөзсүз турдө өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн кана колдонуп баштайбыз.

-Бишкек шаарындагы үйлөрдүн көпчүлүгү көгүлтүр от менен жылытылып келет. Эгер биз аны дүйнөлүк баа менен сатып ала турган болсок, эл бүгүнкү жашоо шарты менен бул акыны көтөрө алабы?

-Көгүлтүр отко болгон баа биринчи кезекте бизге сатылып келген наркка байланыштуу. Эгер биз Түркмөнстан, же Казакстанга окшоп өзүбүздүн жаратылыш ресурстарыбыз болгондо газдын акысын тең салмакта кармай алмакпыз. Бирок биз толугу менен сырткы наркка көз карандыбыз. Эгер Казакстан келээрки жылы көгүлтүр оттун баасын көтөрө турган болсо, бул дароо жаратылыш газы менен жылуулук берүү тармагындагы баанын дагы көтөрүлүшүнө алып келет. Биз мындан качып кете албайбыз.

-Ал эми электр тармагын менчиктештирүү иштери качан башталганы турат?

-Биринчи кезекте электр жарыгын бөлүштүрүү ишканалары менчике берилет. Алгач алардын бирөө жеке колго өтөт, анын жыйынтыгы ийгиликтүү болсо анда калган үч ишкана дагы сатууга коюлат. Менчиктештирүүнүн атайын белгиленген мөөнөтү деле жок. Бирок бул жылы бир бөлүштүрүү ишканасынын сатыла тургандыгы белгилүү. Ал эми ГЭСтер менен жогорку вольттогу линиялардын менчикке берилүүсү тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес жана болбойт.

-Азыркы тапта курулуп жаткан Камбарата-2 ГЭСинде курулуш кандай деңгээлде жүрүп жатат?

-Кыш мезгилинде бир аз токтоп калган иштер жаздын келиши менен жанданууда. Апрель айынан тарта бетон куюу, арматура орнотуу өңдүү ачык курулуш иштери күчөп, жумуш тездөөдө. Буюрса, биз болжолдогон мөөнөттө пландалган ишти аяктайбыз. Ал эми жумушчулардын айлык акылары тууралуу сөз кыла турган болсок, жаңылбасам алардын орточо маянасы 400 АКШ долларын түзүүдө. Албетте муну чоң айлык деп айтууга болбойт, ошондуктан биз маянаны көтөрүүгө болгон аракетибизди жумшайбыз.

ГЭСтин курулушун каржылоо азырынча жетишээрлик. Өткөн жылдын ноябрь айында өкмөт тарабынан 300 млн сом бөлүнгөн эле, эми жакында эле дагы 300 млн сом которулду. Мындан тышкары “Электрстанциялары” акционердик коому дагы өз эсебин ачып каржылоого киришти. Бул каражаттар курулушту толук көлөмдө жүргүзүү үчүн азырынча жетиштүү болууда.

-Ал эми Камбарата-1 ГЭСинде курулуш иштери башталдыбы?

-Камбарата-1 менен Камбарата-2 ГЭСтери бир долбоор болуп эсептелинет. Союз маалындагы проект боюнча алгач Камбарата-2 курулуп, биринчи генератору ишке киргенден кийин, Камбарата-1 ГЭСинде иш башталмак. Азыр ал жерде дагы иш жүрүүдө. Биз казакстандык жана орусиялыктар менен биргеликте ГЭСтин техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу үчүн Франциянын “Электросетидефраз” ишканасы менен келишкенбиз. Бул иш 13 айга созулмакчы. Андан кийин кана Камбарата-1 ГЭСинин курулушу боюча суроолор чечилет. Биздин эсебибиз боюнча 2012-2013-жылдары иш башталып калат.

-Маегиңизге ырахмат.

Сүрөт www.gov.kg интернет баракчасынан алынды.

Дүйнөлүк банк эл аралык коомчулукту азык-түлүккө баанын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/03/C085390A-4AA1-471B-8822-FA23785BCB15.asp асмандоосуна каршы өз аракеттерин координациялоого чакырды. Бул эл аралык каржы уюмунун көз карашында, энергия менен азык-түлүктүн баасы өсүп жатканынан улам азыр чукул чараларды көрүү зарыл. Антпесе ачарчылык менен чала тоютка кабылгандардын саны көбөйөт.

Вашингтондо 2-апрелде сүйлөгөн сөзүндө Дүйнөлүк банктын президент Роберт Зоелик азык-түлүк баасынын асмандап бара жатышына чоочулоо билдирип, ыктымал кризисти алдын алуу үчүн эл аралык коомчулук эриш-аркак аракеттенүүчү учур келгенин белгиледи:

-Азык –түлүк саясаты жогорку саясий деңгээлдеги көңүл бурууга муктаж. Себеби бир да өлкө, бир да топ бул ич-ара байланышы бар көйгөйдү жалгыздап чече албайт. Биз муктаждарга жардам берүүнү дароо башташыбыз зарыл. БУУнун Азык –түлүк программасы азык-түлүккө чукулунан жаралган суроо-талапты орундатуу үчүн кошумча 500 миллион долларга муктаж экенин айтыууда. АКШ, Евробиримдик, Жапония жана башка өнүккөн өлкөлөр бул тартыштыкты жабуу үчүн тезинен чара көрүшү абзел. Антпесе, көптөгөн адамдар жапа чегет жана ачарчылыкка кабылат.

Дүйнөлүк банктын президенти келтирген статистикалык маалыматка караганда, 2005-жылдан бери азык-түлүктүн негизги түрлөрүнүн баасы 80%га өстү, өткөн айда күрүчтүн наркы акыркы 19 жылдагы, ал эми буудайдыкы соңку 28 жылдагы эң жогорку чекке чыкты, же акыркы 25 жыл ичиндеги орточо баадан эки эсеге кымбаттады. Балким бул фермерлер үчүн жакшы жаңылык болгону менен жакыр-жалчылар үчүн түйшүккө айланууда.

Роберт Зоелик өз сөзүндө азыркы кырдаалдан чыгуу үчүн эл аралык коомчулукту "Жаңы иш" баштоого чакырды. Анын алкагындагы аракеттер Кошмо Штаттарда өткөн кылымда президент Франклин Рузвельт көргөн чараларга үндөшүп кетет.

1930-жылдары Улуу депрессиянын орто ченинде президент Рузвельт мекенинде элдин экономикалык каатчылыктан аман калышы, өлкөнүн кайра жандануусу үчүн реформа программаларын, өкмөттүк жардамдарды ишке киргизген.

Дүйнөлүк банктын президентинин пикиринде, ал айтып жаткан "Жаңы иш" боюнча азык-түлүк жардамы бажы тарифтерин азайтуу, өнүгүп келе жатан өлкөлөрдүн фермерлеринин эл аралык рынокко чыгуусун жеңилдетүү үчүн глобалдык соода келишими менен чогуу каралуусу керек:

-Дүйнөлүк банктын тобу дүйнөнүн 33 өлкөсү азык-түлүктүн жана энергиянын кымбаттоосунан улам потенциалдуу социалдык толкундоолор алдында турат деп баалады. Бул өлкөлөр үчүн тамак-аш керектөөнүн жарымдан үч чейрегине чейинкисин түзөт. Демографиянын көрсөткүчтөрү, диетанын өзгөрүшү, энергиянын баасы, биоотун , климаттын өзгөрүшү кымбат жана туруксуз баа бизди али алдыда жылдар бою коштоп жүрөрүн ишара кылууда. Биз глобалдык азык түлүк саясатында жаңы ишке муктажбыз. Ал жаңы иш ачарчылыкка жана чала тоютка тиешелүү көйгөйлөргө, азык-түлүк менен камсыздоого гана эмес анын энергия, түшүм, климаттын өзгөрүшү, инвестиция, аялдардын обочодо калышы, экономиканын серпилгичтиги жана өсүш менен өз ара байланышына да көңүл бурушу керек.

Роберт Зоелик ошондой эле дүйнөнүн бай жана кубаттуу өлкөлөрүн 3 триллион долларды түзгөн алтын-валюта резервинин жок дегенде бир пайызын Африканын айыл-чарбасына инвестициялоого чакырды. Дүйнөлүк банктын өзү болсо Африкага багытталган айыл–чарба жардамын эки эсе көбөйтүп, 800 миллион долларга чыгарат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG