Элеонора Бейшенбек кызы, Прага ш. Орусиянын ыраакы түндүгүн байырлап келген жергиликтүү элдердин бири - эвенктер эгерде аталган аймакта дүйнөдөгү эң ири делген гидроэлектр дамба курулса, анда алар өз салт-санаасынан түбөлүккө ажырап калуу калуу коркунучунда турат.Түндүк Сибирди мекендеген, бугу багып, аңчылык менен күн көргөн эвенктер эгерде дамба курулса алар кылымдар бою мекендеп келген жеринен көчүрүлүшү толук ыктымал. Бирок мындай долбоор ээлери бул ГЭСтин зыянынан да пайдасы көп болоорун айтып, аймактагы экономикалык өнүгүүгө шыкак болооруна ынандырышууда.
-Эгерде гидроэлектр дамбасын куруу планы ишке аша баштаса, анда ал аймакта жашаган адамдар көчүрүлүшү толук анык. Натыйжада жергиликтүү калк байырлаган жеринен алыстап, салттуу жашоо образынан ажырап калышы ыктымал. Булар албетте бүтүндөй бир уруу эмес, анын кайсы бир гана бөлүгү. Бирок алар элик-бугу багып, аңчылык менен алектенип салттуу жашоо турмушту бекем кармап келгендер. Жалпысынан төрт айыл көчүрүлөт деп турат. Бул миңдей адам дегенди түшүндүрөт.
Курулуш наркы он үч миллиард АКШ доллары деп бааланып жаткан дамба Орусиянын Ыраакы түндүгүндөгү чер токой жана тундуранын 3-5 миллион гектардай аянты суу алдында калышы күтүлөт.
Бул жерди байырлап бугу багып, аңчылык менен жан багып келген эвенктердин көпчүлүгү мекенин таштап башка чоң шаарларга кетип калышкан. Байкоочулар эми дамба курулса калган-качкан эвенкттер да тиричилик жолунан ажырайт деп чочулап турушат.
Ал эми бул долбоорду ишке ашырып жаткан орусиялык ГидроОГК гидроэлектрдик отун-кубат компания дамба куруунун алдында эвенк эли менен кеп-кеңешүү болорун ырастап келишет.
-Гидроэлектр долбооруна киребизби же жокпу деген чечим кабыл алаардан мурун биз кырдаалды талдайбыз, дамба куруу жаатындагы Орусиянын өзүнүн жана дүйнөлүк тажрыйбаны, бул долбоордун пайдасы менен зыяны канчалык экенин аңдоо үчүн иликтейбиз,-дейт аталган компаниянын өкүлү Расим Хазиахметов.
Хазиахметовдун айтымында, Орусия өлкөнүн гидроэнергетикалык кубатынын жыйырма гана пайызын колдонот. Туңгус дарыясынын төмөнкү агымында дамба курулса ал аймактын өнүгүшүн шарттайт.
-Биз бүгүнкү күндө башка өнүккөн мамлекеттердин соңунда келатабыз. Орусия бүгүнкү күндө гидроэлектр кубатынын жыйырма гана пайызын колдонот. Ал эми Улуу Британия, Норвегия жана АКШ мамлекеттеринде бул көрсөткүч дээрлик жүз пайызга чамалайт. Өнүккөн мамлекеттер арасында гидроэлектр кубаттуулугун толук пайдалана албаган жалгыз Орусия гана калды.
Хазиахметов эгер дамба курулуп, электр станциясы ишке кирсе, анда аймак түбөлүктүү электр кубатынын булагына ээ болоорун кошумчалайт.
Бирок Гринпис эл аралык уюмунун Орусиядагы серепчиси Михаил Крейндлин бул айтылгандар менен макул эмес. Анын пикиринде дамба куруунун зарылчылыгы деле жок.
-Бул гидроэлектр ишканасы эмне үчүн керек экенин эч ким деле айта албаса керек. Дамба курула турган аймактын өөзүнө деле кереги жок. Анткени ал жакта эч нерсе деле жок. Норильс шаарындагы жалгыз ири ишкананы мурун курулган эки ГЭС толук камсыздайт. Бул совет дооруна мүнөздүү эле долбоорлордун бир десе болчудай.
Орусиядагы Түндүк жергиликтүү элдер ассоциациясынын аткаруучу деректири Павел Суляндзиге жайыттары дамба алдында калып жаткан жүздөгөн эвенктерди көчүрүү мөөнөтү жакындап калганын айтат:
-Тилекке каршы, биз чоң үмүт деле артпай калдык. Мен ГидроОГКнын өкүлдөрү менен сүйлөштүм. Мен аларга силерге болгон ишенич жоголду, эгер бир жыл мурун эле чыдап тургула кездешип кеңешебиз дедиңер эле, эми минтип фактынын алдына коюп жатасыңар деп айттым.
Эвенктер учурда Гринпис, Табыгый жаратылышты коргоо боюнча дүйнөлүк кор сыяктуу экологиялык уюмдардан жардам сурап жатышат. Айрым укук коргоочулар алтүгүл совет доорунунун кыйын кезеңинде да аз сандуу элди мекенинен күч менен көчүрүү болбогондугун белгилешүүдө.