Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында тикмечи келиндер тобу аскер формаларын тигип, Орусияга экспорттоп жатышат. ФАПтын имаратында ачылган чакан тигүү цехинде азыр 15 аял эмгектенет. Цехтин ээси буюртма көбөйө турган болсо, айылдык кыз-келиндерге көбүрөөк жумуш ордун түзүүнү пландап жатат.
Экономика
шейшемби 24 Декабрь 2019
Орусиянын Челябинск облусунда иштеген 42 жаштагы фермер Жамбул Айтпаев айыл чарба кооперативин түзгөн. Күнүгө ишкананын кызматкерлери элеттиктерден сүт чогултуп, аны андан ары сүт иштеткен комбинатка өткөрүшөт. Жамбул казак, бирок Орусияда төрөлүп, үй-бүлөсү менен ушул өлкөдө жашайт.