Соода борборлорунда жаңы жылга даярдык учурунда баалардын кымбаттаганы анчалык деле байкалбайт. Соодагерлер бул көрүнүштүн себебин базарда атаандаштык көп экени менен түшүндүрүп жатышат. Кардарлардын пикиринде соңку кезде майрам үчүн ашыкча каражат которткондордун саны азайды.
Экономика
шейшемби 31 Декабрь 2019
"Аселим" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Асел Алымбаева өкмөттөн бөлүнчү жеңилдетилген насыяны ала албай койгонуна даттанды. 2019-жылдын башында өкмөт аймактардагы инвестициялык бизнес долбоорлорду каржылоого 2 млрд. сом бөлгөн. Бир айча мурдараак 30 долбоор тандалып алынып, аларга 538,3 млн. сом берилери кабарланган. Ушу кезге чейин анын канчасы акчаны колуна алганы белгисиз.