Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:19

Экономика

бейшемби 18 Февраль 2021

Ош базары, Бишкек.
Ош базары, Бишкек.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын январь айына салыштырганда быйыл январда азык-түлүк менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 18,5% кымбаттады.

Алардын кээ бирине токтоло турган болсок, өсүмдүк майы - 54,6%, картошка - 46,3%, жумуртка - 35,4%, кумшекер - 33,1%, эт - 27,5%, ун - 16,5% көтөрүлдү. Азык-түлүктөн тышкары курулуш материалдарына, машине тетиктерине жана кийим-кечеге болгон баа да өсүп жатат.

Кыргыз өкмөтү 17-февралда азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешме өткөрүп, анда премьер-министр Улукбек Марипов мындай деди:

Улукбек Марипов
Улукбек Марипов

«Бүгүнкү күндө катуу талкууланып жаткан темалардын бири – бул азык-түлүктүн негизги түрүнө карата баалардын өсүшү. Буга байланыштуу көптөгөн жарандар тигил же бул азык-түлүктөрдү алуудан баш тартууга аргасыз болууда. Бул маселе өкмөттүн деңгээлинде бир нече ирет талкууланып, кандайдыр бир чечимдер кабыл алынган. Бирок абал татаал бойдон калууда, күн сайын эттин, өсүмдүк майынын, жумуртканын жана башка товарлардын баасы өсүүдө. COVID-19 пандемиясы өз таасирин тийгизип жатканы түшүнүктүү, бирок актануудан ишке өтүү керек».

Экономисттер кыргыз базарларындагы кымбатчылыкка негиз болгон бир нече факторлор бар экенин билдирүүдө. Алардын бири - доллардын кымбаттап жатышы. Анткени Кыргызстан тышкы соода-сатыгын доллар менен гана жүргүзөт.

Өткөн жылы 18-февралда 1 АКШ доллары Кыргызстандын акча алмаштыруу жайларында 69,9 сомго сатылып жатса, бүгүнкү күндө бир доллар 84,7 сомго бааланууда. 2020-жылдын ичинде кыргыз сому долларга карата 21% арзандады.

Ошол эле учурда 2019-жылы Кыргызстандан импорт аркылуу 4 млрд. 989 млн. доллар чыгып кетсе, экспорт менен 1 млрд. 986 млн. доллар келген. Тескери сальдо же ортодогу айырма 3 млрд. доллардан ашык. Улуттук банк ортодогу боштукту толтуруу максатында маалы-маалы менен интервенция жасап турат.

Экономист Төлөнбек Абдыров кыргыз базарын баскан кымбатчылык боюнча буларды айтты:

Төлөнбек Абдыров
Төлөнбек Абдыров

«Кымбатчылык бир гана бизде болуп жаткан жок. Дүйнө жүзүндө ушундай көрүнүш байкалууда. Мисалы, Орусия өндүрүп жаткан буудайын экспортко кетирбегенге аракет кылып, кошумча нарк салыгын киргизип жатат. Анткени дүйнө жүзүндө буудай тартыш болуп турат. Орусиянын ишкерлери буудайды башка мамлекеттерге сата турган болсо, анда анын наркына кошумча салыкты кошуп сатууга туура келет. Мен буудайдын мисалын эле айттым. Башка азык-түлүктөр боюнча да ушундай болуп жатат. Биз болсо керектүү товарларды доллар менен алышыбыз керек. Бул валютанын наркын көрүп турасыздар».

Кыргызстанда эң маанилүү делген азык-түлүктөрдүн тогуз түрү бар. Айыл, суу чарбасы жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, аталган товарлардын үчөө боюнча гана өзүбүздү камсыздай алабыз. Алар: сүт азыктары, картошка, жашылча жана бакча жемиштери.

Министрликтин азык-түлүк коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Бекболиева Кыргызстан ун азыктары жана өсүмдүк майы боюнча толугу менен импорттон көз каранды экенин айтууда.

«Маанилүү делген азык-түлүктөрдүн алты түрүн башка мамлекеттерден ташып келебиз. Жолго кеткен ар кандай чыгымдар, ишкердин пайдасы кошулуп отуруп, биздин базарга келип түшкөндө бир топ эле кымбаттап кетүүдө. Биздин ишканалар өсүмдүк майын чыгаруу үчүн чийки затты башка мамлекеттен алып келүүгө мажбур. Бул негизинен чемичке. Аны Орусия, Казакстандан алып келип жатышат. Бирок чийки заттын кошумча нарк салыгы жогору болуп, бизден өндүрүлгөн майдын баасы импорттон келген майдан кымбат болуп калып жатат».

Кыргызстандын тиешелүү мекемелери чет жактан келген азык-түлүктөрдүн баасына кийлигишип же таасир эте албайт. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги кайсы бир продукция бир айдын ичинде 20% кымбаттап кетсе гана бааны тескөө укугуна ээ. Бирок алар бардык учурда эле абалды жөнгө сала албайт. Чет жактан келген азык-түлүктөрдүн баасы көпчүлүк учурда анын түшүмдүүлүгүнө карап бычылат. Башкача айтканда, бааны базар аныктайт.

Кыргыз базарын кымбатчылык басты
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:40 0:00

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакировдун кыргыз өкмөтү баанын кымбатташына негиз болгон ички факторлорду жөнгө салса болорун айтып жатат. Алардын бири сомдун кунун көтөрүү экенине басым жасады:

Элдар Абакиров
Элдар Абакиров

«Сыртка доллар көп чыгып, өлкөгө аз кирсе сом дагы түшөт. Анткени Улуттук банк сомду узак убакытка кармап тура албайт. Доллардын келиши экспорттон жана мигранттардан келе турган акчага байланыштуу. Биз экспорттун көлөмүн көтөрүү үчүн завод-фабрикаларды куруп, инвестиция тарта башташыбыз керек. Бул жерде өкмөттүн жоопкерчилиги жогору. Муну бүгүн баштабасак эртең кеч болот. Бийлик өкмөткө жакшы кадрларды тартышы керек. Мындан тышкары өлкөдө мыйзам иштеши керек».

Кыргызстан базарларында кымбатчылыктан тышкары, кээ бир товарлардын таңсыктыгы байкалууда. Анткени бүгүнкү күндө Кытай баштаган бир катар мамлекеттерден товар алып келүүгө тоскоолдуктар болуп жатат.

"Манас" эл аралык аэропорту. (Архивдик сүрөт)
"Манас" эл аралык аэропорту. (Архивдик сүрөт)

Улуттук статистика комитетинин 2020-жылы жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык пандемия маалында Кыргызстанда ар бир үй-бүлөнүн эч болбогондо бир мүчөсү жумушсуз калган.

«Орусияда окуубуз жана жумушубуз калды»

Бишкек шаарынын тургуну Фатима Тургунбаева 20 жаштагы уулун Орусияга кетире албай жатат.

Анын баласы Бишкектеги лицейлердин бирин аяктаган соң Орусияда иштеп жүрүп, пандемия башталганда мекенине кайтып келген.

Бул үй-бүлө соңку жылдары мигранттардын акчасы менен жан багып келген. Тургунбаева баласы үйдө жумушсуз отурганын арман кылып, Орусияга эмне себептен кете албай жатканын түшүндүрүп берди.

«Жолдошум бир нече жыл мурда өтүп кеткен. Бизди Орусияда иштеген балам багып жаткан. Эми ал да үйдө жумушсуз отуруп калды. Бишкектен жумуш издеп таппай койду. Табылса да маянасы аябай аз. Сураштырып көрсөк, билеттин баасы 60-70 миң сом болуп кетиптир. Бул акчаны кайдан табабыз? Балам өзү эле иштеп билет сатып албаса мен жардам бере албайм. Насыя алгандан коркуп турабыз».

Ал эми Мурат Жусупбеков Орусиянын Орел шаарындагы агрардык университеттин студенти. Пандемиянын айынан ал да Кыргызстанга келип окуусун интернет аркылуу улантып жаткан.

Мурат билим алган мекеме 8-февралдан тартып студенттерге эшигин ачкан. Бирок кыргызстандык студент курсташтарынын катарына кошула албай жатат.

«Орусиядан Кыргызстанга келгенге 15 миң рубль кеткен. Эми ары карай 60 миң сом керек экен. Биздей студенттер үчүн бул сумма аябай көп. Мага окшоп Орусияга кете албай жаткандар көп. Качан кетерибиз белгисиз болуп турат. Өкмөт ушул маселени чечип берсе жакшы болот эле. Анткени биздин билим алуубуз токтоп калды».

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча пандемия башталгандан бери 60ка жакын өлкөдөн 30 миңдей кыргызстандык мекенине кайтып келген. Бейрасмий маалыматка караганда, бул сан 100 миңден аша турганы айтылып жатат. Алардын басымдуу бөлүгү - Орусияда жүргөндөр. Эми алардын көбү кайрадан Кыргызстандан кетүүгө аракет кылууда.

«​Кыргызстандан жумуш таппай койдук»

Азат Касымов Москва шаарына 5-февралда учуп кетти. Ал Кыргызстанга пандемия башталган учурда келип, соңку 10 ай ичинде туруктуу жумуш издеп көргөн.

Азаттын айтымында, айлыгы 15 миң сомдон ашпаган ишке орношкусу келген эмес. Анткени бул сумма бир айлык чыгымды толугу менен жаппайт.

Касымов азыркы учурда Москва шаарында жумушчу жетишпей жатканын, адамдын эмгеги мурдагыга караганда кымбат бааланып калганын билдирүүдө.

Азат Касымов
Азат Касымов

«Кыргызстанда 10 ай жүрүп келсем Москвада көп нерсе өзгөрүп кетиптир. Тейлөө, курулуш тармагында жумушчу жетишпей жатыптыр. Былтыр жумуш издеп жүргөндөр көп болчу. Азыр ар кандай жерден сунуштар келип жатат. Таксиде иштеген тааныштар "тез арада машине ал" деп жатышат. Анткени азыркы учурда алардын жумушу жакшы болуп жатыптыр. Москва кандайдыр бир деңгээлде мигранттарга көз каранды экен. Өзгөчө тейлөө тармагы. Жумуш көп, бирок мигранттардын көпчүлүгү билеттин кымбаттыгынан улам келе албай жатышат».

Ошол эле учурда бактысын башка өлкөдөн издегиси келгендердин бардыгы эле Орусияны көздөп турган жок.

28 жаштагы Медер Кубанычбек уулу Дубай же Европа өлкөлөрүнө кетүүгө аракет кылып тил үйрөнүүдө. Ал буга чейин Орусияда жарым жылга жакын иштеп келген.

«Мен азыркы учурда ашпозчу болуп иштеп жатам. Күнүгө 1000 сомго жакын акча табам. Тапканым тамак-аш, күнүмдүк чыгымдан ашпай жатат. Чет өлкөгө барып иштеп, там салып, үйлөнсөмбү дегем. Азыркы учурда келишим менен Дубай, Катар, Түркия же Европа өлкөлөрүнөн жумуш сунуштай турган компаниялар менен сүйлөшүп жатам. Кыргызстандын айлыгы менен жашоону ондоп кетиш оор болуп турат».

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылы жумушсуздардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу 4 пайызга өскөн.

2019-жылы жумушсуздардын саны 94 миң кишини түзсө, 2020-жылдын башынан ушул күнгө чейин 98 700 кишиге жеткен. Бул расмий каттоодон өткөндөрү гана. Каттоодон өтпөгөн жумушсуздардын саны бул көрсөткүчтөн эки-үч эсе көп экени айтылып келет.

“Замандаш” ассоциациясынын өкүлү Азамат Айтбаев миграция күн санап күчөп жатканына токтолду:

Азамат Айтбаев
Азамат Айтбаев

«Кыргызстандан деле жумуш тапканга аракет кылса болот. Бирок айлыктагы айырма асман менен жердей. Кыргызстандан алган акчаң күнүмдүк жашоодон ашпайт. Москвадан 100 миң сомго чейин тапса болот. Элдин көбүнүн чет өлкөгө агылып жатышы да ушундан. Бизге Орусияга же башка өлкөгө кеткенге жардам сурап кайрылгандар көп болууда. Бийлик бул маселелерди чечүү максатында аракет көрүп жатат».

Өкмөт Орусия менен сүйлөшүүдө

Орус өкмөтү пандемия учурунда чет өлкөлүктөрдүн өлкөгө киришин чектөө максатында №635 токтом кабыл алган.

Ага ылайык, каалаган эле жаран Орусиянын аймагына кире албайт. Орусияга кирүү үчүн «зарыл иши болгондуктан учуп жатат» деген документ талап кылынууда. Азыркы учурда жумасына Бишкектен Москва шаарына “негиздеме” талап кылынбаган алты каттам бар.

Бишкектеги авиакомпаниялардын бири менен байланышканыбызда, мындай каттамдын билет баасы 66 400 сом экенин айтышты.

Мамлекеттик миграция комитетинин төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов Орусия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтат.

Самат Токтоболотов
Самат Токтоболотов

«Азыр Орусияга баруунун эки жолу бар. Бири түз, экинчиси чартердик каттамдар аркылуу. Түз каттамдарга негиздеменин кереги жок. Бүгүнкү күндө кыргыз өкмөтү Орусия менен каттамдардын санын көбөйтүү максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Алгачкы кадамдар жасалууда. Президент Садыр Жапаровдун биринчи сапары да Москва шаарына болгону турат. Ал жерде негизги маселе катары авиакаттамдардын иши каралат».

Экономика тармагы боюнча эксперт Кайрат Итибаевдин айтымында, миграцияга бир гана экономикалык кризис эмес, өлкөдөгү саясий кырдаал да таасир этет. Итибаев ишке жарамдуу, билимдүү жаштардын чет өлкөгө кетип жатышы абдан өкүндүрөрүн айтты:

«Эгемендикти алгандан бери болгон завод-фабрикалар тонолуп, Кытайга темир катары сатылып бүттү. Жыйынтыгында кризиске кептелдик. Азыркы күндө Кыргызстанда жаштарга шарт жок. Алардын көбү мамлекетке ишенбейт. Өлкөдөгү коррупция, саясий кырдаал жаштардын ишенимин муздатып жатат. Жыйынтыгында окууну бүтүп-бүтпөй чет өлкөгө кетип жаткан жаштар көп».

Бүгүнкү күндө 800 миңге жакын кыргызстандык чет өлкөлөрдө эмгектене турганы айтылып келет. Ошол эле учурда миграция боюнча так статистика жок. Адистердин эсеби боюнча бактысын башка жактан издегендердин саны 1 миллиондон ашат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG