Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Экономика

Коллаж сүрөт.
Коллаж сүрөт.

Коомдук жайда кыргыз тилинде тейлөө маселесинен чыккан талкуу коомчулукта резонанс жаратты. “Куликов” кондитер үйү менен блогер Айтилек Орозбеков элдешти, бирок соттук териштирүү уланат. Бул окуя мамлекеттик тил, бизнес жана жарандык активдүүлүктүн чеги тууралуу талаш-тартышка жем таштады.

"Бири-бирибизге дооматыбыз жок"

"Куликов" компаниясы менен жарандык активист Айтилек Орозбековдун ортосундагы тиреш токтогонун, бирин бири кечиришкенин тараптар 15-январда жарыялашты. "Куликов" ишканасы блогерди өз кеңсесинде кабыл алып, дасторкон үстүндө жай сүйлөшүп, башына калпак кийгизип, кол алышкан видеосун чыгарды.

"Бүгүн Kulikov компаниясынын кеңсесинде маанилүү жолугушуу болуп өттү. Коомчулуктун жана компаниянын өкүлдөрү Айтилек Орозбеков жана анын адвокаты менен пикир алышты. Биз кечириштик. Кыргызстаныбызда ынтымак болсун, өнүгүү болсун. Жыйынтыгында бардык маселелер тынчтык жолу менен чечилип, жаралган түшүнбөстүктөр такталды. Компаниянын кызматкери мурда берилген арызын кайтарып алды. Мындан ары тараптардын бири-бирине карата эч кандай дооматтары жок", - деп айтылды ишкананын билдирүүсүндө.

Компаниянын өкүлү Мирлан Айдаралиев жолугушуудан кийинки сөзүндө:

"Мыйзамда жазылгандай, кыргыз мамлекеттик тилди дайым эле колдоп келгенбиз. Колдойбуз дайым. Бизде дайым ич ара иш алып барылат. Коомчулуктун пикирине мен азыр эч нерсе айта албайм. Өзүбүздүн расмий түрдө жообубузду бердик", - деди.

Айтилек Орозбеков тараптар бири-бирине эч кандай доосу жок деп сүйлөшкөнүн айтты:

Айтилек Орозбеков
Айтилек Орозбеков

"Куликовдун" кызматкерлеринин менин үстүмөн жазган арыздарын алышты бүгүн. Бул жерде эки сааттай сүйлөшүп отурдук. Тирешип тура бергенде чыңалбасын деп бири-бирибизди кечириштик".

Блогердин айтымында, иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат, кезектеги отурум 4-февралга белгиленген.

Окуянын өзү 2025-жылдын жазында башталган.

Орозбековго каршы кылмыш иши "Куликов" ишканасынын эмес, Чүй милициясынын интернетке мониторинг жүргүзгөн кызматкеринин рапортунун негизинде козголгон. Буга блогердин коомдук тамактануучу жайларга барып, мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын талаптарынын сакталышы тууралуу тарткан жана социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына чыгарган видеолору себеп болгон.

Иш Чүй милициясында ошол жылдын 25-апрелинде Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен козголуп, лингвистикалык экспертиза дайындалган. Эксперттер Орозбековдун видеолорунда улут аралык кастыкты козутуучу чакырыктар бар деген корутунду чыгарган.

Бир нече коомдук тамактануучу жай ага чара көрүүнү суранып милицияга кайрылган.

Блогер 6-майда кармалып, эки күндөн кийин үй камагына чыккан.

"Тараптар келишкени менен сот улана берет"

Блогердин адвокаты Жаныш Бараковдун айтымында, башка да кафелерден арыздар болгон, бирок кийин аларды кайра чакыртып алышкан, "Куликовдун" гана жабыркаган тарап катары арызы күчүндө калган.

Иш тергелип бүтүп, июнь айында Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөн. Бирок азыркыга чейин айыптоо корутундусу гана угузулуп, негизги териштирүү баштала элек болчу.

Соңку отурумда, адвокаттын билдиришинче, "Куликов" ишканасы блогердин бөгөт чарасын өзгөртүп, аны камакка алуу өтүнүчүн келтирген. Кийинки отурум 4-февралган белгиленген.

Бараковдун айтымында, козголгон иш Жазык-процесстик кодекс боюнча жалпы айыптоо деп каралат жана тараптар келишип алган күндө да иш кыскартылбайт, сот өз өкүмүн жарыялашы керек болот:

Жаныш Бараков
Жаныш Бараков

"Бул жекече-жалпы эмес, жалпы айыптоо болуп эсептелет, башкача айтканда, рапорттун негизинде козголгон. Арыз жазылса тиркеп кое берет, бирок арызын алса кыскарбайт. Квалификация боюнча өтө оор эмес кылмышка кирет. Жаза мөөнөтү беш жылга чейин. Санкциясында 100-200 миң сом айыппулу бар. Эми, эки тарап келишип, "бири-бирибизге дообуз жок" деп арызын алган күндө деле прокуратура тарап айыптоосун уланта берет. Бул жерде же акташ керек, же айыппул болуп чыгышы мүмкүн, же эркинен ажыратуу. Бирок биз экспертизанын корутундусуна макул эмеспиз. Көз каранды эмес, комиссиялык негиздеги экспертиза жүргүзгүлө деп соттон суранабыз".

Орозбеков былтыр 4-майда 14 мүнөттүк монтаждалган видео жарыялаган. Андан ал "Куликов" кофеканаларынын биринин алдында туруп "Бул жерге кыргыз тилдүү байке келген, аны "кыргызча тейлебейбиз" деп чыгарып коюшкан" деп айтып жатканын, андан соң телефон аркылуу компаниянын операторуна "Сиз каалаган тилиңизде сүйлөй албайсыз, тейлөөчү жерде иштегенден кийин кыргыз тилинде сүйлөшүңүз керек милдеттүү түрдө" деп жооп берип жатканын көрүүгө болот.

Видеонун соңунда блогер "Куликов кофеканасына кыргыз тилин сыйлабагандыктан келбөөңүздөрдү өтүнөм" деп чакырган.

"Талапты туура жеткирүү да маанилүү"

Окуя соңку күндөрү ачыкка чыгып, коомчулукта кеңири резонанс жаратты. Айрымдары кыргыз тилин урматтоонун белгиси катары "Куликовдон" эч нерсе сатып албоого чакырса, кээ бирлери, тескерисинче, бул ишканага колдоосун билдирип жатышты.

Бизнеске басым болуп жатканын айткандар инвестициялык абалга терс таасир тийгизерин белгилешти.

"Жаратман" долбоорунун негиздөөчүсү, жаш ишкер Урмат Насыкулов өз ою менен бөлүшүп:

Урмат Насыкулов
Урмат Насыкулов

"Атайын ушундай конфликттүү окуяларды жаратып, ошонун негизинде элдин назарында, белгилүү болуп жаткандар да бар. Мен муну колдой албайм. Талап өзү туура, бардык жайларда кыргызча тейлөө болушу керек. Бирок ошол талапты кантип коюп, кантип жүргүзүп жатабыз, бул өзүнчө маселе. Муну сылык-сыпаа, маданияттуу мамиле менен, эч кимге тоскоолдук кылбай, агрессивдүү басым көрсөтпөстөн айтууга болот. Жакшынакай, маданияттуу суралса, менимче, туура болот", - деди.

Кайсы гана тил болбосун, аны сактоонун, коргоонун жалгыз жолу ошол тилде сүйлөө, жазуу экенин, мында негизги жоопкерчилик тийиштүү улуттун өкүлдөрүндө болорун белгилегендер да бар.

"Куликов" ишканасындагы блогер менен жолугушууга катышкан адвокат Шердор Абдыкапаров мындай көйгөй укук коргоо, сот системасында да бар экенин айтууда:

"Биз кыргыз тилин башка улуттардан талап кылып жатабыз. Бирок мен иш жүзүндө көрүп жүрөм, мисалы, тергөөчү да, сот да, прокурор да, адвокат, айыпталуучу, жабыркаган тарап да, баары кыргыз, а соттор орусча сүйлөгүлө деп талап кылат. Баары эмес, кээ бирлери. Тергөөчү да шаблондор орусча даяр болгондуктан ишти орус тилинде козгой берет. Биринчи өзүбүздөн башташыбыз керек".

Айтилек Орозбековдун Ютуб каналында 15 миңден ашуун катталуучу бар. Ал соода борборлорун жана коомдук тамактануучу жайларды кыдырып, кыргыз тилинде тейлөөгө чакырган видеолору менен белгилүү.

“Куликов” кондитер үйү Кыргызстандагы бюджетке эң көп салык төлөгөн компаниялардын катарына кирет. Аталган бренддин Орусияда жана Казакстанда да филиалдары бар, анын азыктарын Өзбекстандан, Бириккен Араб Эмирликтеринен да сатып алса болот.

Тейлөө тармагындагы кыргыз тили боюнча талаптар "Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамда жазылган. Аталган мыйзамдын 28-беренесинде көрсөтүлгөндөй, менчиктин бардык формаларындагы ишканалар, мекемелер жана уюмдар, ишкер жеке адамдар, керектөөчүлөрдү тейлөөчү башка чарба субъекттери мамлекеттик тилде кызмат көрсөтөт жана маалымат берет. Мамлекеттик тил менен катар маалымат расмий тилде да кайталанышы мүмкүн.

Ушул эле мыйзамда Кыргызстандын аймагындагы товарлар, тейлөө жөнүндө, анын ичинде интернет-дүкөндөр жана интернет-каталогдор аркылуу маалымат мамлекеттик жана расмий тилде берилери, башка тилдерде кайталанышы мүмкүн экени жазылган.

Ал эми кыргыз тилиндеги аудиовизуалдык жана/же музыкалык жана башка берүүлөрдүн жана уктуруулардын милдеттүү (минималдуу) көлөмү 60 пайыздан кем болбошу керек экени белгиленген.

Кыргыз тилин пайдалануунун жана мамлекеттик тил саясатын жүзөгө ашыруунун укуктук негиздери, аны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүдө мамлекеттик органдардын, мекемелердин, уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамда белгиленген. Ал мамлекеттик тилди пайдаланууда жарандардын укуктарын да камсыз кылары жазылган.

“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”

Айтилек Орозбековго буга чейин да кылмыш иши козголгон. 2024-жылы ал социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн кармалганын адвокаты Исмаил Каримжанов ошол жылдын 2-ноябрда “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери блогерди 1-ноябрда кармап, Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен айып таккан.

“Ал күнөөнү мойнуна албайт, “эч кандай чакырык кылган эмесмин” дейт”, - деген адвокат.

Эки айдан кийин, 2025-жылдын 9-январында Бишкектин Биринчи май райондук соту Орозбековго өкүм чыгарып, 70 миң сом айып салган. Райондук соттун маалыматына караганда, Орозбеков күнөөлүү деп табылган. Айып пул мамлекеттин эсебине чегерилери айтылып, ал сот залынан бошотулган

Өзүн Орозбековдун досу катары тааныштырып, атын ачык айтпоону суранган адам ал TikTok социалдык түйүнүндөгү видеого байланыштуу кармалганын айткан. TikTok Кыргызстанда 2024-жылы бөгөттөлгөн. Атайын кызмат Орозбековго коюлган айып жана козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий берген эмес. Жакындарынын айтымында, ал буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүловдун коомдук башталыштагы жардамчысы болуп иштеген.


Токтогул суу сактагычы, 19-сентябрь, 2024-жыл
Токтогул суу сактагычы, 19-сентябрь, 2024-жыл

Өкмөт жыйынында Токтогул суу сактагычында учурда 9,102 млрд куб метр суу калганы айтылды. Бул былтыркы жылга салыштырганда 1,631 млрд куб метрге аз. Суу таңкыстыгынан электр энергиясын жетиштүү көлөмдө өндүрүүгө мүмкүн болбой калат. Кыш ортосундагы мындай кырдаалдан Кыргызстан кантип чыгат?

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев профилдик мамлекеттик органдардын жетекчилерин, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, райондук акимдерди чогултуп, кышкы жылытуу мезгилинин абалын талкуулады.

Жыйында электр энергияны керектөөнүн көлөмү жогору болуп жатканы, бул кышта керектөө былтыркыдан 900 млн кВт/саатка көп экени айтылды. Керектелген электр энергиясынын 15,4 млрд кВт/с Кыргызстандан өндүрүлүп чыкса, калган 3,9 млрд кВт/с импортолгон.

Өкмөт чөлкөмдөгү жалпы климаттык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын дарыяларынын агымы аз болуп жатканын билдирүүдө. Маселен, бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,1 млрд м3 түзөт. Бул 2025-жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,6 млрд м3 аз дегенди билдирет.

Өкмөт Токтогул ГЭСине кирип-чыккан агым тууралуу маалыматка 2025-жылы май айында чектөө киргизип койгондуктан, реалдуу көрүнүштү өз көзүбүз менен көрүү мүмкүн эмес.

Ага чейин күн сайын маалымат берип келген “Электр станциялары” ишканасы 15-майдан тартып мындай билдирүүнү Улуттук коопсуздук комитети өңдүү мамлекеттик органдарга расмий кайрылып гана алса болорун билдирген эле.

Декабрдын соңунда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатканда Энергетика министринин орун басары Эмилбек Ысманов бул кышта электр жетишсиздиги кандай болорун мындайча түшүндүргөн.

“Быйыл биз жетпей калган 4 млрд 335 млн кВт/с электр энергиясын импорттоону чечкенбиз. Бүгүнкү күндө анын 87% алып бүттүк. Буюрса, 2028-жылга бул тартыштыктан толук чыгабыз”.

Расмий кабарлангандай, экономика тармактарын жана калкты бул кыштан ийгиликтүү алып өтүү үчүн өлкө боюнча 3 млн 175 миң тонна көмүр камдалышы керек болсо, анын кору жетиштүү.

Тармакты сынаган кыш

Жыйында бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилерине күчөтүлгөн режимде иш алып баруу тапшырмасы берилди. Өзгөчө калкты жана социалдык маанидеги объектилерди отун, электр жана жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо, жакын арада аба ырайынын өзгөрүүсүнө карата даяр болуу камы көрүлүп жатат.

Энергетика жаатындагы эксперт Мырзатай Султаналиевдин эсебинде, Токтогул суу сактагычындагы суунун азыркы көлөмү менен дагы 2 млрд кВт/с электр энергиясын өндүрсө болот. Андан көбү мүмкүн эмес, анткени суунун деңгээли кызыл чекке жетет.

“Эгерде кыш ушундай мээлүүн болсо, суунун ушул көлөмү менен чыгып кетебиз. Климаттык шарт азыр биз үчүн жагымдуу болуп турат. Суук күчөй турган болсо, анда өчүрүүлөр сөзсүз болот. Эгерде аба ырайы ушундай болуп турса, импорт боюнча түзүлгөн келишимдер бардыгы аткарылат. Бирок суутуп кетсе Түркмөнстандан келе турган электр энергияны Өзбекстан, Орусиядан келе турган жарыкты Казакстан өткөрүп бере албай калышы мүмкүн. Анткени, алардын өздөрүндө да керектөө күчөйт”, - дейт эксперт.

Бакыт Төрөбаев экономика динамикалуу өсүп жатканына байланыштуу кубаттуулукту да ошого жараша көбөйтүү боюнча иштер жүрүп жатканын айткан.

2024-жылы 8, 2025-жылы тогуз чакан ГЭС курулган. Эки жылда модернизацияланган ири ГЭСтер менен жаңы курулган чакан ГЭСтердин эсебинен 230 мВт электр кубаты кошулган.

Өкмөт алдыда “Камбар-Ата-1” ГЭСи, Кара-Кечеде 7 млрд кВт/саатка чейинки жылуулук электр энергиясы, 912 мВттык Казарман, 1305 мВттык Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскады жана 3000 мВттык күн-шамал электр станциялары куруларын жарыялап жатат.

Энергетика жаатындагы инфратүзүмдүк долбоорлор ырааттуу ишке ашчу болсо, 2029-жылдан тарта Кыргызстан жарыкты экспорттоого өтөрүн убадаланып келет. Бирок, азыркы реалдуулукта электр тартыштыгы калкты жана экономиканын ишкер субъектилерин каржалткан негизги көйгөйлөрдүн бири болуп турат.

"Майда-барат объектилер менен каатчылыктан чыга албайбыз, ири станциялар керек"

Адистер учурдагы суунун аздыгынан электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү да төмөн болоорун коңгуроо кылууда. Мындан улам, өкмөт бекитилген лимитти кармоо аракетин көрүп жатат.

Арийне, эксперттик чөйрөдө өкмөттүн электр кубаттуулугун көбөйтүү аракетине анча канааттанбай келет. Алар курулуп жаткан чакан ГЭСтер менен күн-шамал станцияларынын өндүрүштүк масштабы өтө эле төмөн экенин айтышат.

Эксперт Мырзатай Султаналиев кыргыз өкмөтү сууну сарамжал пайдаланып, коңшулар менен мамиледе бекемирээк турушу зарыл болуп турганын айтат.

"Өкмөт 50 мВт, 70 мВт кубаттуулук киргиздик деп атат. Ал электр энергиясы бир айылга гана жетиши мүмкүн. Бизге азыр жетишпей жаткан тартыштыкты жабыш үчүн кеминде 400 мВттык кубаттуулук керек. Эгерде ошончо кубаттуулукту ишке киргизсек, ошондо өзүбүзгө талап кылынган керектөөнүн көлөмүн жабабыз. Кара-Кечеде жылуулук электр станциясын куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлду. Кубаттуулугу Токтогул ГЭСине барабар болгон 1200 мВт/с ЖЭБ болот. Ачык булактарда айтылганга караганда, 2,5 жылдын ичинде курулуп бүтүшү керек экен. Наркы 1 млрд долларга туруп, аны кытайлыктар курат дешкен. Ал курулуп калса, электр энергиясынан толук көз карандысыз болобуз деп айтса болот. Ал жайында сууну сактаганга, кышында электр энергия бергенге эң негизги таасирин тийгизген объект болот".

"Миллиарддаган сомго жарык импорттоп жатабыз"

Кыргыз өкмөтү быйылкы кыштан чыгуу үчүн 4,3 млрд кВт/саат электр энергиясы импорттолорун билдирген. Жарык негизинен Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан жана Орусиядан алынат.

Быйылкы кышта, ноябрдан бери кайдан, канча электр энергиясы импорттолуп жатканы коомчулукка белгисиз. Статистикалык маалыматтар жабык болгондуктан, Түркмөнстандан канча көлөмдөгү электр энергиясын импорттоп жатканыбыз белгисиз. Расмий кабарлардагы эптүүлүк менен айтылбай калган сандардан улам альтернативдүү жагдайларды божомолдоо гана мүмкүн.

Ноябрь айында министр Таалайбек Ибраев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу элге кайрылганда, өкмөт электр энергиясын кошуна өлкөлөрдөн 3 сомдон алып келип, элге 1 сом 37 тыйындан берип жатканын айтканы бар.

Эгерде ошол эсепке таянчу болсок, анда өкмөт бул кышта жарык импортуна 13 млрд сом, же долларга которгондо дээрлик 149 млн доллар коротушу мүмкүн. Анын жарымына жакыны (6 млрд сом же 68 млн доллар) министр айткан тариф менен элге сатуунун эсебинен кайтарылат деп эсептесек, калганы тармактын карыз куржунуна түшөт.

Быйылкы кышка чейинки мезгилге көз чаптырсак, Кыргызстан 2025-жылдын январь-октябрь айларында Түркмөнстандан 30,3 млн долларга отун ресурсун сатып алган (товардык топтун коду 27, ага электр энергиясы да кирет). Анын 1,4 млн доллары битум же мунай каражаты болсо, калган 29 млн долларына эмне сатып алганы көрсөтүлгөн эмес. Аны электр энергиянын импортуна коротулган деп божомолдосо болот.

Дагы жүктөңүз

 

XS
SM
MD
LG